АКШ экономикасы мамлекеттик карыздын рекорддук суммасынан улам кыйроо алдында турат

Американын экономикасы мамлекеттик карыздын рекорддук суммага жетип калгандыгынан улам кыйроонун чегине жеткендигин  JPMorganдын жетекчиси Джейми Даймон жарыя кылгандыгын  Fox Business билдирди.

АКШдагы ири банктын жетекчиси мамлекеттик карызды ал кризиске кабыла электе жөнгө салыш керек. Ал бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын АКШ ИДПсына карата өлчөмү 100%дан ашып кетип, божомолдор боюнча 2035-жылы 130%га жетип калышы мүмкүн. Андыктан убакыт өткөн сайын мамлекеттин карызы жалаң гана өсүү үстүндө болорун белгиледи өлкөнүн башкы банкири.

«Бул экономикадагы кыйроо, мындай абалды алдыдагы 10 жылда да көрөбүз, болгондо да саатына 60 миль ылдамдык менен жылып баратабыз», – деди ал.

Ал ошондой эле дискуссиянын мамлекеттик карыздын өсүшүн АКШ тарыхындагы «эң күтүлгөн кризис» деп атаган башка катышуучусунун пикири менен макул болду.

Азыркы учурда АКШ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы  $34 трлн. дон ашат. Бул чек 2-январда жаралды. Ошентип ар бир жарандын карызы   $101 517ды түзөт. Бул көрсөткүч Штаттардын бүтүндөй тарыхындагы рекорддук сумма болуп саналат.

Комментарий жиберүү