Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине имплантты ийгиликтүү орнотту

Америкалык ишкер Илон Масктын «Neuralink» нейротехнологиялык компаниясы биринчи жолу адамдын мээсине имплант орнотту.

«Биринчи адам «Neuralink» имплантын кечээ алды, калыбына келүү [операциядан кийин] жакшы жүрүп жатат», — деп жазган Маск X (мурдагы Twitter) баракчасына.

Белгиленгендей, биринчи маалыматтарга караганда, аппараттын иштеши келечекте жакшы жыйынтыктарды берерин көрсөтүүдө.

Масктын айтымында, «Neuralink» компаниясынын биринчи продуктусу «Telepathy» деп аталат. Ал адамга телефонду жана компьютерди ойдун күчү менен башкарууга мүмкүндүк берет. Имплант биринчи иретте колу-буту шал болуп калгандарга колдонулат.

«Элестетсеңиз, Стивен Хокинг текст тергендерден же аукциончуга караганда оюн тезирээк билдирсе кандай болмок эле. Биздин максатыбыз ушул», — деди Маск.

«Neuralink» стартапы 2016-жылдын июль айында Маск тарабынан түзүлүп, келечекте адамдын мээсине имплантациялана турган чиптерди иштеп чыгууда. Ишкер мындай нейрондук интерфейстер адамга жасалма интеллектке каршы турууга жөндөмдүү киборг болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле адамдарга ойдун күчү менен компьютерди түз башкарууну үйрөнүүгө жардам берет деп эсептейт.

Эске салсак, АКШнын FDA (Азык-түлүк жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы) “Neuralink” компаниясына мээ чиптерин адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө былтыр уруксат берген.

© Сүрөт: Mask et al / Neuralink
Мээ-компьютер интерфейсинин чиптери жана электроддордун жыйындысы. Архив сүрөт

Мээ чиптери эмне үчүн керек?

«Мээнин революциялык имплантын» иштеп чыгуучулар ал шал оорусу же сокурдук сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет.

Жаныбарларга изилдөө жүргүзүү кээ бир натыйжаларды көрсөткөн.

Алсак, чиптин жардамы менен макаканы менталдык пинг-понг ойноого үйрөтө алышкан. Чипте приматтын кыймылдаткыч кабыгына орнотулган эки миңден ашык электроддор камтылган.

https://ren.tv/player/video/embed/821259#autoplay=1;

«Neuralink» бул эксперименттин максаты нейрондордун активдүүлүгү аркылуу шал болгондорго компьютер же телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берүү экенин түшүндүргөн.

Маск ошондой эле мээсине чип орнотулган чочкону көрсөтүп, жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам берерин билдирген.

Комментарий жиберүү