Өзбекстанда орточо айлык акы 17,2%га көбөйүп, 370 долларды түздү. Кыргызстанда канча?

Өзбекстанда 2023-жылдын аягында орточо айлык акы 4,551 миллион сумду (370 доллар) түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Статистиканы түзүүдө коргоо, ички иштер, бажы, атайын кызмат, прокуратура жана сот органдарында, ошондой эле айыл чарба тармагында жана чакан бизнесте иштегендердин эмгек акысы эске алынган эмес.

Маалыматка караганда, Ташкент облусунда орточо эмгек акы 7 миллион 453 миң сумду (600 доллардан ашык) түзгөн жана бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Ташкенттен кийин эң жогорку орточо эмгек акы Навои (480 доллар) жана Ташкент облустарында (370 доллар) катталган.

Эң төмөнкү айлык акы Наманган, Кашкадарыя жана Сурхандарья облустарына (ар бири 270 доллардан) мүнөздүү.

2023-жылы орточо айлык маянаны эсептөө үчүн 3 миллион 101 миң кызматкердин маалыматы колдонулган. Анын ичинен 37,7% билим берүү, 18,3% өнөр жай жана 16,9% саламаттык сактоо тармагына тиешелүү.

Салыштырмалуу айта турган болсок, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда  2023-жылдын январь-июль айларында бир кызматкерге чегерилген орточо эмгек акы 32 миң 146 сомду түзгөн. Бул АКШ долларына которгондо 360-370 долларды түзөт.

Анткен менен, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу маяна 27,2%га өскөн.

«Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо, кыймылсыз мүлк менен операциялар, маалымат жана коммуникациялар, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердүүлүгү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө байкалууда», — деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматында.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2023-жылдын январь айында орточо эмгек акы 29,9 миң сом, февраль айында 30,2 миң сом, мартта 31,9 миң сом, апрель айында 31,2 миң сом, майда 33,1 миң сом, июнь айында 35,3 миң сом болгон.

Комментарий жиберүү