Ирандык альпинисттер Ленин чокусун кышында багындырды

Ирандык альпинисттер Жавад Чираги менен Мажид Нематуллахи Чоң-Алайдагы 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусун биринчи жолу кышында багындырышты.

Бул бийик чокуга кышында 1960-жылдан бери профессионал (ирандык эмес) альпинисттер 8 жолу гана чыгышкан. Акыркы жолу альпинисттер аталган чокуга кышында 2016-жылы чыгышса, 2024-жылдын январында тогузунчу болуп Ирандын альпинисттери багындырды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан бул бийик чокуга ийгиликтүү чыгып кайткан альпинисттерди Ирандын Бишкектеги элчиси Голам Хоссейн Ядегари кабыл алды. Спортчулар бийик чокуга Аркин маршрутунан чыгуудагы кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.

Альпинисттердин айтымында, Ленин чокусун кышында багындыруунун тобокелдигин эске алганда, чокуга кантип чыгууну бир нече ай мурун пландаштыруу жана ал жолду басып өткөн бир нече чет элдик альпинисттердин тажрыйбасын колдонуу зарыл болгон.

Чокуну багындыруу операциясы жалпысынан 17 күнгө созулса, чокуга чыгууга 12 күн, андан түшүүгө 5 күн кеткен. Абанын температурасы кээ бир жерлерде минус 50 градуска чейин суук болгон. Альпинисттер мындай катаал шарттарга көнүү максатында көп убакыт Ирандын Дамаванд тоосунда лагерде негизги даярдыктарды алышкан.

Иран элчиси Ядегари спортчулардын ийгилиги менен куттуктап, мындай жеңиштер Иран элинин сыймыгы деп эсептеди. Элчи бул чокуга чыгууда топтолгон баалуу тажрыйба Ирандын альпинизм федерациясы жана башка машыктыруучулар тарабынан колдонулат деген ишенимин билдирди.

Азыр Кыргызстанда “Ленин чокусу” деп таанылган 7134 метрлик тоо, 7439 метр бийиктик болгон “Жеңиш” чокусунан кийин турат. Ал эми КМШдагы үчүнчү чоку болгону менен Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Аны 2017-жылы Кыргызстан мурдагы президенти А.Атамбаев “Манас Ата зоосу” деп өзгөрткөн жарлык чыгарган.

Бул тоонун эзелки аты Жел-Айдар болгон. Бирок кийинчерээк, тактап айтканда, 1871-жылы орус географы жана саякатчысы Алексей Федченко Түркестан генерал губернатору Константин Петрович Кауфмандын урматына “Кауфман чокусу” деп атаган. Ал эми 1928-жылы жаңы бийлик ага “Ленин кыл чокусу” (Ленин пик) деген ат берген.

Бул тоого альпинизмге кызыгып, бийиктиктерди багындырууну максат кылган жүздөгөн альпинисттер жыл сайын келип турушат. Негизи туристтик мезгил август айынын башында башталат. Анда зоонун жанында маданий иш-чаралар өтүп, Эл аралык деңгээлде жарнамаланат. Кыргызстан аркылуу барууну каалагандар өлкө түштүгүндөгү Ош облусу менен Чоң-Алай районуна жетишет. Андан ары жергиликтүү тургандардын көмөгү менен лагерге барышат.

Анын кыл чокусун альпинисттерден биринчи болуп, 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыгышкан.

Тоо азыркы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан. 2006-жылы Тажикстан “Абу али ибн Сина” деп атаган.

Комментарий жиберүү