Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өлкө ишеним эркиндигине кулач ачып, жарандарга өз эркине жараша динге ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошол күндөн баштап, умтулган кыргыз жаштары өз мекенинде жана чет мамлекеттерде диний билим алышууда. Бирок алар кандай билим алууда? Кайсы мазхаптын таалим-тарбиясын көрүүдө? Суннит мектебининби же шиит мектебининби? Эгер сунниттик негизде болсо, ашъарий жана матуридийлик негиздеби? Же өз окуусун «салафи салихиндердин ишенимине негиздедик» – деп көкүрөк каккан ваххабийлерден/салафийлерден билим алып жатабы? Муну коомчулук жакшы билбейт. Исламий окуу жайда…
Прочитайте большеМАКАЛАЛАР
Арафа кандай күн?
Арафа күн деп Курман айтка бир күн калган күндү айтат. Анткени ажылар бул күнү “Арафат” тоосуна чыгып, өзгөчө ибадат кылышат.Айрымдар Орозо айттын алдындагы күндү да арафа күнү деп аташат, бирок бул туура эмес. Арафа күн жылына бир эле күн, Курман айттын алдындагы күн “арапа” деп аталат.Курман айт же арабча “Ид аль-Адха” – курмандык чалуу күнү. Бул улуу майрам Рамазан айынан 70 күндөн кийин башталат. Курман айт алдында мусулмандар ыйык жерлерге; исламдын бешинчи тиреги болгон ажылыкка барышат. Ар…
Прочитайте большеХадис
Жабир Джаъфи айтты: Имам Мухаммад Бакир (а.с) мындай деп буйруган: Эй Жабир, шиямын деген адамдын биздин Ахли Байтты сүйөм деп айтканы жетиштүүбү? Аллахка ант берем, Аллахтын такыбасын карманган жана моюн сунган адамдан башкасы биздин шиялардан эмес. Биздин шиялар момундук, кичипейилдик (ибадаттагы кичипейилдик), ишенимдүүлүк, Кудайды көп эстөө, орозо тутуу, намаз окуу, ата-энеге боорукердик жана жакыр жана муктаж болгон кошуналарына камкордук кылуу менен белгилүү болушкан. Ошондой эле, карызкорлорго жана жетимдерге кам көрүү, сүйлөөдө чынчыл, Куран окуган жана…
Прочитайте большеАжылыктын маанилүүлүгү
Күчү жеткен, чамасы бар адамдын өмүрүндө бир жолу ыйык Каабага барып ажылыкка тийиштүү болгон ибадаттарды аткаруусу фарз болуп эсептелет. Андан кийинки орундала турчу ажылыктар нафил болот. Фарз болгон ажылыкка барууга аракет кылуу керек. Бир жолу фарз болгон ажылыкты орундоо жыйырма жолу Аллах жолунда жихад кылуудан да сооптуу болуп саналат. Хадиси шарифте мындай деп буюрулган: “Ажылык – суунун кирди тазалаганындай күнөөлөрдү тазалайт.” (Таберани) Кабыл болгон ажылык намаз, орозо жана зекет фарздарынын кечирилүүсүнө себеп болбойт. Буларды кечиктиргендиктин күнөөсүнүн…
Прочитайте большеҮйлөнүү жана тагдыр
Суроо: Мен кызымды динин билген жакшы мусулман адам менен үйлөндүргүм келет, бирок, бирөө мага: «Аллах анын маңдайына ичкилик ичкен жаман бирөөнү жазган болсо сен өзгөртө албайсың. Сенин айыңан кыз үйдө отуруп калат, күнөөгө кирбе, ким менен үйлөнсө үйлөнсүн, жөн кой! Кыздын үйлөнүүсүнө тоскоол болбо» – деди. Бул жерде тоскоол болуу күнөөбү же тоскоол болбоо күнөөбү? ЖООП Аны айткандар тагдыр тууралуу билбегендиктен жаңылыш сөз сүйлөөдө. Тагдыр ар кимдин өз ирадасы (каалоосу) менен эмне кыла тургандыгын, ким менен…
Прочитайте большеБереке жана берекесиздик
Суроо: Береке жана берекетсиздик деген эмне? ЖООП Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек! Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн…
Прочитайте большеШүгүрдүн түрлөрү
Аллахты таануунун шүгүрү: Бизге билдирген буйруктары менен тыйууларына маани берүү, хубби филлах жана бугди филлахты кармануу, б.а., Аллаху тааланын сүйүктүүлөрүн жакшы көрүп, душмандарын жек көрүү (душмандык кылуу), ошону менен катар көп алхамдулиллах деп айтуу. Пайгамбарды таануунун шүгүрү: Ахли сүннөт ишениминде болуу, сүйүктүүлөрүн жана аны жакшы көргөндөрдү жакшы көрүү, анын жакшы көрбөгөндөрүн жана аны жакшы көрбөгөндөрдү жакшы көрбөө, сүннөт менен амал кылуу. Олуяларды таануунун шүгүрү: Анын китептерин окуу, окутуу жана таратуу, шакирттери менен жакшы мамиледе болуу….
Прочитайте большеЖамгыр дубасы
Суроо: Жамгыр дубасында эмне үчүн алакандар төмөн бурулат? ЖООП Жамгыр дубасында алакандар төмөнгө бурулбайт. С. Ахмед Тахтави хазреттери айткан: «Истиска» деген сөз жамгыр дубасы үчүн талаага чыгуу дегенди билдирет. Хамд кылынып, истигфар окулуп дуба кылынат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам жана Асхабы кирам, Ислам аалымдары жамгыр дубасын кылышкан. Талаада эки рекет намаз окулат. Имам асага таянып хутба окуйт. Кийин кыбылага карап алакандарын асманга карата ачып, далысына чейин колдорун көтөрүп өйдө туруп дуба кылат. Ал жердегилер отурган жерлеринде амин дешет….
Прочитайте большеТаттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси
Суроо: Күлүмсүрөөнүн жана таттуу тилдин мааниси тууралуу маалымат бересизби? ЖООП Даанышман заттар айтышкан: Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот. Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт. Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө. Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам. Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок. Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият – сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини. Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу…
Прочитайте большеКүйөө акысы
Суроо: Эркектин аялынын үстүндө кандай акылары бар? ЖООП: Эркектин дагы аялынын үстүндө көп акылары бар. Аял күйөөсү менен жакшы мамиледе болуусу керек! Хадис-и шарифте мынадй деп айтылат: “Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу.” [Таберани] Бир аял күйөөсүн жакшы кабыл кылып, жакшы сөздөрдү айтып ыраазылыгын алууга аракет кылчу эле. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) ал аялдын бул аракетинен улам күйөөсүнө мындай деп буюрду: “Аялыңа салам айт, шейиттик сообунун жартысына ээ болгондугун кабарла!” [Шира] Аялдардын Жаннатка кирүүлөрү эркектерге караганда жеңил. Бир…
Прочитайте большеУнутчаактык жана чарасы
Суроо: Унутчаактыкка эмнелер себеп болот? Жооп Унутчаактыкка себеп болгон көп нерсе бар. Айрымдары төмөндөгүдөй: Күнөө кылуу. “Күнөөсү көп болгон адамдын унутчаактыгы көп болот”, – деп билдирилген. Багымдат намазынын убактысында уктап жатуу, дүнүйөлүк нерселерге көп кайгылануу, дүнүйөлүк нерселер менен көп алектенүү, туздуу эт жеш, тамакты ысык жеп-ичүү, көп тамашалашуу, көрүстөндө күлүү, мазар таштарын окуу, туалетте даарат алуу, көп убакытка жунуп бойдон жүрүү, колдорун кийимине аарчуу, мечитке сол буту менен кирүү, аврат жерлерин кароо, көп ачка болуп жүрүү,…
Прочитайте большеХазрети Билал Хабаши
Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын муаззини (азанчысы). Сахабалардын улууларынан жана алгач мусулманчылыкты кабыл кылгандардан. Аты – Билал бин Рабах Хабабашистандык (Эфиопалык), лакап аты Абу Абдуллах. Атасынын аты Рабах, энесинин аты Хамама. Туулган жерлери Хабашистан болгон аталары Меккеде Бани Жумха уруусунун кулдары болгон. Билал Хабаши 581-жылы Меккеде туулган. 641-жылы (хижри 20) Шамда кайтыш болгон. Кабыры Шамда Бабуссагирде орун алган. Ислам дининин алгачкы жылдарында Билал Хабаши (радыяллаху анх) Меккеде бир капырдын кулу болгон. Эч ким жок кезде бутканага кирип, буттардын…
Прочитайте большеСалават окугандар кедейлик көрүшпөйт
“Бир мусулман күндө 500 жолу мага салават окуса түбөлүк кедейлик көрбөйт, күнөөлөрү кечирилет.” Абдуррахман ибни Аттаб Куртуби хазреттери малики мазхабы фикх аалымы болуп, 433 (1041) жылы Андалусиянын (Испаниянын) Куртуба (Кордоба) шаарында туулган. 520 (1126) жылы ошол жерде кайтыш болгон. “Шифа-ус-судур” аттуу китебинде төмөндөгүчө маалымдайт: “Хадиси шарифтерде айтылды: “Кыямат күнү силерден даражасы мага эң жакын болгонуңар – эң көп салават окуганыңар”. Табарани Хазрети Энестен (радыяллаху таала анх) риваят кылды. Расулуллах (саллаллаху таала алейхи васаллам) буюрду: “Жабраил жаңы эле…
Прочитайте большеМухаммед алейхиссаламдын даражасы
Мухаммед алейхиссалам – пайгамбарлардын эң үстөмү, ааламдардын мээрими. Он сегиз миң аалам анын боорукердик дайрасынан пайдаланууда. Ал бардык адамдар менен жиндердин пайгамбары. Периштелерге, өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана бардык макулуктарга да пайгамбар экендигин айткандар көп. Башка пайгамбарлар белгилүү бир мамлекеттерге, белгилүү бир коомдорго жиберилишчү. Ал эми Расули акрам (саллаллаху алейхи васаллам) бүткүл ааламга, жандуу-жансыз бардык макулуктарга пайгамбар. Аллаху таала башка пайгамбарларды ысымдары менен атаган. Ал эми Мухаммед алейхиссаламды “Йа, Расулум! Йа, Пайгамбарым!” деп чакырган. Башка пайгамбарлардын ар…
Прочитайте большеТасаввуф, олуя жана керемет
Исламда вилайат (олуялык) жана тасаввуф илими бар. Адамда сырткы (захири) кемелдиктер (жетилгендик), жетилүү жагдайлары бар болгону сыяктуу, ички (батыни), жүрөккө таандык артыкчылыктар да болот. Сыркы артыкчылыктар ахли сүннөт аалымдарынын Курани карим менен хадистерден түшүнүп чыгарган өкүмдөрүнө ылайык ишенүү жана фарздарды, важибдерди, сүннөттөрдү, мустахабдарды орундоо жана харам, макрух, шектүү, бидат нерселерден сактануу дегенди билдирет. Батыни б.а., жүрөккө таандык артыкчылыктар адам жүрөгүнүн, рухунун бийик даражаларга көтөрүлүүсү болуп саналат. Бухари жана Муслимдин хадис китептеринде билдирилген бир хадисте: Хазрети Умар (радиаллаху…
Прочитайте больше