Балдарды тарбиялоодогу негизги пункттар

Балдарды тарбиялоодогу негизги пункттар

Көңүл буруу жана ойноого дем берүү Оюн – балдардын, өзгөчө балдардын олуттуу муктаждыктарынын бири. Оюн баланын жан дүйнөсүн тарбиялайт; Үйдү куруп, аны бузуп, кайра куруу менен баланын демилгелүү күчү өсөт. Андыктан ата-эне баланын оюнун бузбашы керек. Тескерисинче, алар кээде ага дем берип, тарбиялоо үчүн оюнга катышуулары керек. Ибн Аббас риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси Имам Хасанды ийнине көтөрүп баратканда, бир киши балага: «Ана, сен арабага минген белең?» – деп сурайт. Ошондо Пайгамбар: «Ал жакшы атчан….

Прочитайте больше

Кайдигерлик түбүбүзгө жетпейби?

Кайдигерлик түбүбүзгө жетпейби?

Аялдарга, бөбөктөргө карата жасалган үрөй учурган кылмыштар өлкөбүздө күн алыс орун алып жатат. Буга кимди күнөөлөшүбүз керек? 1) Жарир бин Абдуллах (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ укканын риваят кылат: “Эгер кайсы бир адам күнөө иштерди кылып жатканын эл көрүп туруп, аны токтотконго мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, бирок аны токтотушпаса, анда Аллах Таала аларга өлө электе эле азабын берет”. 2) Абу Саид Худри (р.а) мындай дейт: “Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтканын уккан элем: “Ким тыюу салынган нерсенин болуп…

Прочитайте больше

Баланы кантип тарбиялоо керек

Баланы кантип тарбиялоо керек

Суроо: Балдарыбызды кантип тарбиялашыбыз керек? Тарбияда кайсы нерселерге маани беришибиз керек? Жооп: Тарбияда “мындай кыл, муну кылба” дегендин ордуна жүрүм-турумубуз менен балага үлгү болушубуз керек. Анткени,кыймыл-аракеттерибиз айтыла турчу сөзгө караганда көбүрөөк таасирин тийгизет. Мисалы: Бир соода кербени түнгө жуук Медина шаарынын четине конуш алат. Абдан чарчаган жолоочулар катуу уктап калышат. Аларды көргөн халифа Хазрети Омар Абдуррахман бин Авфка: “Бүгүн түнү бир кербен келди. Баары капыр экен. Бирок, бизге ишенип келишкен экен. Алардын оокаттары баалуу жана көп экен….

Прочитайте больше

Наристеге кылына турчу диний милдеттер

Наристеге кылына турчу диний милдеттер

Ислам маданиятында өмүр сүрүү салтын жөнгө салган, мусулмандын дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуусун камсыз кылган турмуштук билимдер «Илимхал» деп аталат. Бул билимдер мусулман адамдын туулгандан баштап кайтыш болгонго чейин кармануусу керек болгон эрежелерди үйрөтөт. Балдар биздин бактыбыз. Ата-эне боло турган жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар наристенин төрөлүү күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Динибиз жаңы төрөлгөн наристеге карата орундообуз керек болгон амалдарды мындайча көрсөткөн: 1) Жаңы туулган баланын кулагына дароо азан менен комат айтуу керек. Ушундай кылуу аркылуу жин менен шайтандын…

Прочитайте больше

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп койгон менен эле ата-эненин жоопкерчилиги бүтпөйт. Ата-эненин эң биринчи милдети – коомго татыктуу тарбияланган инсанды кошуу. Бул макалада мыкты ата-эне болуу үчүн пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган керектүү насааттарды сунуштайбыз. • Ырайымдуу жана боорукер болгула Алланын элчиси ﷺ айтты:“Өзүнөн кичүүлөргө ырайым кылбаган жана улууну урматтабаган адам бизден эмес” (Тирмизи). • Эркелеткиле Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди:“Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам…

Прочитайте больше

Ислам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү

Ислам аялзатына тең укуктуулук берип, сый-урматка бөлөдү

Бүгүнкү коомдо ислам динин туура эмес түшүнгөндөр аялды эч нерсеге укугу жок, толугу менен күйөөсүнөн, же атасынан көз каранды, жеке оюн эркин билдире албаган, билим алып, өзү каалаган жумушта иштөөгө укуксуз, үй жумуштарынан тышкары башка иш менен алектенбеген адамдай элестетишип, аянычтуу карашат. Мындай стереотиптүү ой-пикирлер айрым мусулмандардын өз динин туура эмес чечмелеген иш-аракеттеринен, же динди жаман көрсөткүсү келген эки жүздүү адамдар себебинен жаралып жатышы мүмкүн. А бирок ислам динине аны жаңылыш тутунган адамдар аркылуу баа…

Прочитайте больше

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Исламда эң чоң жихад- адамдын өзүн – өзү тарбиялоосу

Коомдо көпчүлүгү “жихад” десе “согушуу”, “согушка аттануу” дегенди түшүнүшөт. А чындыгында, “жихад” – өтө терең маанини камтыган түшүнүк. Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен жихад тууралуу так жана кенен маалымат ала аласыздар. “Жихад” араб тилинен которгондо “күч-аракет” деген маанини билдирет, исламда Аллахтын жолундагы күч-аракетти түшүндүрөт. Ал эми араб тилинде “жихад” сөзү ар кандай күч-аракетти, жумуштагы, окуудагы, жана башка ушул сыяктуу иштердеги күч-аракеттерди түшүндүрөт. Адатта “жихад” сөзү коомдо массалык маалымат каражаттарынын айынан…

Прочитайте больше

“Акыретке жакын кул кожоюнун төрөйт” деген хадистин мааниси эмнеде?

“Акыретке жакын кул кожоюнун төрөйт” деген хадистин мааниси эмнеде?

Кыяматка жакын белгилерди Ислам Пайгамбары Мухаммад ﷺ бир канча жолу хадистеринде айтып келген. Мындан тышкары ар бир элде көрөгөчтөр чыгып, тээ байыркы заманда эле акыреттин белгилерин алдын ала айтышкан. Алардын бири улутубуздун көрөгөч адам Туяк акын болгон. Ал 1900-жылдары жашаган жана өз ырларында азыркы заманыбыздын көйгөйлөрүн, интернет жана башка жаңы чыга турган нерселерди жазган: Акыр заман болоордоТемирди жиптей өрөсүң.Отуруп алып очойупАаламды үйдө көрөсүң.Кан төгүлөт жөндөн жөнКүндө айылда чуу болуп.Ичкичтер өтө көбөйүпАрак агат суу болуп.Акыр заман болоордоЭркектен кубат,…

Прочитайте больше

Үйлөнүү жана тагдыр

Үйлөнүү жана тагдыр

Суроо: Мен кызымды динин билген жакшы мусулман адам менен үйлөндүргүм келет, бирок, бирөө мага: «Аллах анын маңдайына ичкилик ичкен жаман бирөөнү жазган болсо сен өзгөртө албайсың. Сенин айыңан кыз үйдө отуруп калат, күнөөгө кирбе, ким менен үйлөнсө үйлөнсүн, жөн кой! Кыздын үйлөнүүсүнө тоскоол болбо» – деди. Бул жерде тоскоол болуу күнөөбү же тоскоол болбоо күнөөбү? ЖООП Аны айткандар тагдыр тууралуу билбегендиктен жаңылыш сөз сүйлөөдө. Тагдыр ар кимдин өз ирадасы (каалоосу) менен эмне кыла тургандыгын, ким менен…

Прочитайте больше

Күйөө акысы

Күйөө акысы

Суроо: Эркектин аялынын үстүндө кандай акылары бар? ЖООП: Эркектин дагы аялынын үстүндө көп акылары бар. Аял күйөөсү менен жакшы мамиледе болуусу керек! Хадис-и шарифте мынадй деп айтылат: “Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу.” [Таберани] Бир аял күйөөсүн жакшы кабыл кылып, жакшы сөздөрдү айтып ыраазылыгын алууга аракет кылчу эле. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) ал аялдын бул аракетинен улам күйөөсүнө мындай деп буюрду: “Аялыңа салам айт, шейиттик сообунун жартысына ээ болгондугун кабарла!” [Шира] Аялдардын Жаннатка кирүүлөрү эркектерге караганда жеңил. Бир…

Прочитайте больше

Келиндин кайненесинин алдындагы 6 милдети

Келиндин кайненесинин алдындагы 6 милдети

Келин менен кайненесинин ортосундагы мамиленин көйгөйү жаңы эмес. Көпчүлүк убакта келин кайненесине, кайненеси келинине нааразычылыгын билдиришет жана алардын кайсынысы туура экендигин аныктоо өтө кыйынга турушу мүмкүн. Албетте, бир чатырдын астында жашагандан кийин, эки тараптын ар биринин белгилүү жана ар биринин өзүнчө милдети бар. Бактылуу үй-бүлө динибизде, салтыбызда бар нерселерге амал кылуу менен куралмакчы. Демек, үй-бүлөдө сүйүү жана тынчтык өкүм сүрүшү үчүн, келини дагы, кайын энеси дагы аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарышы керек. Келиндин милдеттери: Аял үчүн…

Прочитайте больше

Түн келбей турчу күн

Түн келбей турчу күн

Даанышман заттар айтышат: Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан. Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын. Олуя заттан бири шакирттери менен…

Прочитайте больше

Кадыр ажы Маликов окурмандардын үй-бүлө тууралуу актуалдуу суроолоруна жооп берди

Кадыр ажы Маликов окурмандардын үй-бүлө тууралуу актуалдуу суроолоруна жооп берди

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов “Дело №” гезитинин окурмандарынан түшкөн суроолорго кенен жооп берди. Окурмандарды көбүнчө учурда өтө актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө мамилелери боюнча суроолор кызыктырган. Материал толугу менен “Дело№” гезитинен которулду. Карантин убагында үй-бүлөлүк зордук –зомбулук күчөп кеткенин байкадык. Аялдарга кол көтөрүүгө ислам дини уруксат береби? Ислам дининде аялдарга кол көтөрүп, зулумдук кылууга уруксат берилген эмес. Негизи эле Ислам боорукердикке, кечиримдүүлүккө жана мээримдүүлүккө чакырат. Шарият боюнча, эркек киши үйлөнгөндө, ага үй-…

Прочитайте больше