Күйөө акысы

Суроо: Эркектин аялынын үстүндө кандай акылары бар?

ЖООП:

Эркектин дагы аялынын үстүндө көп акылары бар. Аял күйөөсү менен жакшы мамиледе болуусу керек! Хадис-и шарифте мынадй деп айтылат:

“Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу.” [Таберани]

Бир аял күйөөсүн жакшы кабыл кылып, жакшы сөздөрдү айтып ыраазылыгын алууга аракет кылчу эле. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) ал аялдын бул аракетинен улам күйөөсүнө мындай деп буюрду:

“Аялыңа салам айт, шейиттик сообунун жартысына ээ болгондугун кабарла!” [Шира]

Аялдардын Жаннатка кирүүлөрү эркектерге караганда жеңил. Бир хадис-и шарифте мындай деп айтылды:

“Аял беш убакыт намазын окуп, орозосун кармап, өзүн чоочундардан сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе Жаннатка кирет.” [Ибни Хиббан]

Күйөөсүн ыраазы кылган аялга коркуу жок. Эки хадис-и шарифте мындай деп айтылган:
“Күйөөсү ыраазы болуп кайтыш болгон аял Жаннатка кирет”. 
[Тирмизи]

“Күйөөсүнө махабат көрсөткөн, бала төрөгөн, ачууланганда же күйөөсү өзүнө ачууланганда күйөөсүн ыраазы кылганга чейин уктабаган аял Жаннаттык болот”. [Таберани]

Аял үчүн кооздук буюмдары мубах. Булард алуу үчүн күйөөсүн мүшкүл жагдайга түшүрбөө керек, чоочун көздөргө мынадй зинаттарын көрсөтпөөсү керек! Ушунда гана зинаттары Жаннатка кирүүсүнө кедерги болбойт. 

Бир хадис-и шарифте: 

“Жаннатта аялдардын аз экендигин көрдүм. Себебин сурадым. “Аларды алтын жана зинат буюмдары алаксытты”, – деп айтышты”. [И.Ахмед]

Күйөөсүнө колдон келишинче жарык маанайлуу мамиле кылып, сүйүүсүн көрсөтүүсү керек, тил менен дагы аны таарынтпоо керек. Хадис-и шарифте айтылды:

“Кыяматта Аллаху таала күйөөсүнө тили менен кыйынчылык тарттырган аялдын тилин 70 аршын узун кылып, мойнуна оройт. Күйөөсүн жаман көз менен караган аялды башы кесик жана денеси бырчаланган абалга айлантат”. [Шира]

“Сенден эмне көрүпмүн” деп жакшылыкка нанкөрлүк кылбоосу керек! Эки хадис-и шарифте мындай деп айтылат:

“Эгер күйөөлөрүнө каршы куфран-и нимат кылышпаганда намаз окугандар дароо Жаннатка киришмек” [Шира]

“Жаханнамдагылардын көбү аялдар экенин көрдүм. Себеби, көп лаанат айтышат жана күйөөлөрүнө карата куфран-ы нимат кылышат.” [Бухари]

Күйөөсүнө бир жакшылык кылган болсо колко кылбоосу керек. Жеп-ичүү, кийинүүдө күйөөсүн таарынпоосу керек, кыла албай турган нерсесин андан сурабоосу керек! Күйөөсүнүн ар-намысын коргоп, ар бир ишинде анын ыраазылыгын таап, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылуусу керек! Хадис-и шарифте:

“Күйөөнүн аял үстүндөгү акысы менин силердин үстүңөрдөгү акым сыяктуу. Андай болсо күйөөсүнүн акысын сактабаган Аллаху тааланын акысын сактабаган болот” [Шира]

Аял күйөөсүн капалантпоосу керек.

Бир күнү Хазрет-и Фатыма ыйлап атасынын алдына келет. Расулуллах мындай деп буюрду:

– Йа Фатыма, эмне үчүн ыйлап жатасың?

– Байкабай айткан бир сөзүмө Али мага ачууланды. Кечирим сурадым. Бирок, аны капага салгандыгым үчүн ыйлап турам. 

– Кызым, Аллаху тааланын ыраазылыгы күйөөнүн ыраазылыгына байланыштуу экендигин билбейсиңби. Дайыма күйөөсүнүн ыраазылыгын издеп, күйөөсү болсо андан ыраазы болгон аял кандай бактылуу. Аялдар үчүн эң үстөм ибадат күйөөсүнө баш ийүү. Эгер эркек аялынан ыраазы болсо ал аял каалаган эшигинен Жаннатка кирүүгө акылуу болот. Күйөөсүн капаланткан аял аны ыраазы кылганга чейин Аллаху тааланын лаанатында болот”. [Р.Насихин]

Күйөөнүн акыларына сак болуу аялга жихад кылгандай сооп алып келет. Хадис-и шарифте айтылды:

“Күйөөнүн акысын көзөмөлдөө Аллах жолунда жихад сыяктуу”. [Таберани]

“Аял күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозо кармай албайт. Эгер кармай турган болсо ач жана суусуз калган болот, сооп таба албайт. Күйөөсүнүн уруксаты болбостон көчөгө чыга албайт. Эгер чыга турган болсо көктөгү периштелер үйүнө кайтканга чейин ага лаанат айтышат. [Таберани]

“Бир эркек бир муктаждыктан улам аялын чакырса аялы тандырдын башында турса да дароо ага жооп берсин!” [Тирмизи]

“Күйөөсү чакырганына карабай төшөккө келбеген аялга периштелер таң атканга чейин лаанат кылышат.” [Бухари]

“Уруксатсыз үйдөн чыккан аялга күйөөсү ыраазы болгонго чейин күн жана ай тийген бардык нерсе лаанат кылат.” [Дайлами]

“Аял күйөөсүнүн уруксатысыз [эне, ата, бир туугандар да буга кирет] эч бир адамды үйүнө киргизе албайт, нафил намаз окуй албайт.”  [Таберани]

“Аялдарыңарды кооз кийинүүдөн тыйгыла! Бани Исраил аялдары кооз кийинип мечитке бой көтөрүп баскандыктары үчүн лаанаттанган.” [Ибни Маже]

“Күйөөсү ыраазы болгонго чейин аялдын намаздары жана эч бир жакшылыгы кабыл болбойт.” [Таберани]

“Аялдын намаздары кабыл болбойт” деген сөз намаз карызынан кутулат, бирок, намаз окуу менен таба турчу чоң соопко ээ боло албайт дегенди түшүндүрөт. Намазы бошко кетет деп айтылып жаткан жок.

Бир аялдан күйөөсү ыраазы болбосо аял күнөөсүнүн жазасын өтөгөндөн кийин Жаннатка кирет. Жаннатка бир гана капырлар кирбейт. Мусулмандын күнөөсү көп болсо да акыры сөзсүз Жаннатка кирет.

Эр жана аял ынтымактуу жашап, бири-биринин ыраазылыгын алууга аракет кылуулары керек.

Суроо: Күйөөмөн кабарсыз мавлитке, вааз тыңдоо үчүн, намаз окуу үчүн мечитке, коңшуларымдын үйүнө барсам туурабы?

ЖООП

Зарыл болгон дин илимдерин күйөөсү үйрөтпөгөн аял ылайыктуу бир мугалим устаз аялдан буларды үйрөнүп алуу үчүн уруксатсыз бара алат. Күйөөңүз уруксат берсе дагы кошуналарда орду жок ылайыксыз кеп сөздөр сүйлөнө турган жыйналыштарга барууңузду сунуштабайбыз. Аялдардын мечиттерге да баруулары орундуу эмес. Бир канча аял жыйналып илмихал китеп окуулары өтө жакшы болот.

Суроо: Сыртка ар бир чыккан сайын күйөөмдөн уруксат алуум керекпи?

ЖООП

Бир жолу уруксат алынат. Б.а., каалаган убагымда сыртка чыгып келсем болобу дейсиз. Жарайт десе дайыма чыга аласыз. Чыкпа десе ишке, жумушка да бара албайсыз. Үйдө ага тийиштүү мал-оокаттарды да анын уруксатысыз кайырчыларга, конокторго бере албайсыз. Б.а., конокко бир чыны чай бере албайсыз. Бирок, “Каалаган нерсеңди каалаган жерге сарптай аласың же каалаган маалда каалаган жерге бара аласың” деген сыяктуу уруксат алсаңыз каалаган нерсенизди каалашыңызча сарптайсыз, каалаган жериңизге бара аласыз. Уруксатсыз кылбоо керек

Суроо: Аял барган жеринде ушак айтып, жалган сүйлөсө кылган күнөөлөрү күйөөсүнө да жазылабы?

ЖООП

Билбесе жазылбайт. Күнөө кыла тургандыгын билип туруп жибере турган болсо анда жазылат.

Суроо: Муким болгон аял башка шаардагы күйөөсүнүн же махрам болгон тууганынын жанына махрамсыз бара алабы?

ЖООП

Муким болсо бара албайт. Сапарда болсо бара алат. Мисалы күйөөсү менен Бишкекте жашашат. Күйөөсү менен Караколго барды дейли. Кайра күйөөсү Бишкекке кайтса, аялы болсо бир аптадан кийин жанында махрам бир тууганы жок болсо да Бишкекке күйөөсүнүн жанына келе алат.

Аялдын жихады

Суроо: Аялдын жихады кандай болот?

ЖООП

Рияд-ун Насыхинде мындай деп айтылат:

Расулуллах алейхиссалам үй иштерин Хазрет-и Фатымага, тыштагы иштерди Хазрет-и Алиге берип, бул тууралуу мындай деген:

“Аялынын үйдө отуруусу үчүн жумушун кылып, муктаждыктарын таап, аны чоочун эркектердин көзүнөн сактаган адам уммат-и Мухаммеддин душманга туткунга түшкөндөрүн сатып алып, азат кылгандай соопко жетет.” 

“Йа, Фатыма, күйөөсү ыраазы болгон аялы кандай бактылуу. Аллаху тааланын фарз кылгандарын кылуудан жана күйөөсүнө баш ийүүдөн кийин аялдарга жүн ийирүүдөн, жип бүгүүдөн да үстөм иш жок. Бир саат жүн ийирүү, жип бүгүү же токуу аялдар үчүн бир жыл ибадат кылуудан да сооптуу. Токуган ар бир жибинчелик амал дептерине бир шейит сообу жазылат”
<!– [if !supportLineBreakNewLine] –>
<!– [endif] –>

“Беш убак намазын окуган, малынын зекетин берген, Рамазан орозосун кармаган, күнөө болбогон иштерде күйөөсүнө баш ийген жана тасаттурду [жоолук салынган, аврат жерлерин жапкан] сактаган аял Жаннатка каалаган эшиктен кирет.” 

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) өз кызына жана башка аялдарга шейиттик сооп алуу үчүн үй иштери менен алейтенүүнү буюрууда. Башка бир хадис-и шарифте болсо: “Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу”, – деп айтылды. (Шира)

Тил табыша албаган күйөөнүн акысы

Суроо: Жаман мүнөздүү күйөө менен дагы диндин буйруктарына ылайык мамиледе болуу керекпи?

ЖООП

Заалымга да, зулумдук көргөн адамга да дин кандай буйрук кылган болсо ошондой мамиле кылуу керек. Жакшылык кылган, аялын капалантпаган күйөөнүн эмнесине сабыр кылуу керек? Аял чатак болсо күйөөсү сабыр кылат, күйөөсү чатак болсо аялы сабыр кылат. Бул сыноодо сабыр кылган адам көп сооп табат. Жамандык кылган адам өзүнө жамандык кылган болот.

Зулумдукка учурагандардын, сабыр кылгандардын жардамчысы Аллах. Аллаху таала эч кимдин акысын эч кимге жегизбейт. Сабыр кылгандарга сансыз сыйлыктарды берет.

Аял-күйөө бири-биринин жаман мүнөздөрүнө сабыр кылуулары керек! Хадис-и шарифте: “Аялынын жаман мүнөздөрүнө чыдаган эркек балээлерге сабыр кылган Эййуб алейхиссалам сыяктуу сыйлыктарга жетет. Күйөөсүнүн жаман мүнөзүнө сабыр кылган аял дагы Хазрет-и Асия сыяктуу соопко жетет”, – деп буюрулду.(И.Газали)

Куран-и каримде дагы Аллаху тааланын сабыр кылгандар менен бирге боло тургандыгы жана сабыр кылгандардын сыйлыктарынын эсепсиз бериле тургандыгы билдирилген. (Энфал 46, Зумер 10)

Жакшы адам дегендик бир гана башкаларга жамандык кылбаган адам дегенди билдирбейт. Башкалардан келе турчу жамандыктарга да сабыр кылган адам болуп саналат. 

Суроо: Күйөөнүн динге кайчы болгон буйруктарына баш ийүү керекпи?

ЖООП

Эч бир күйөө аялына динге кайчы буйрук бере албайт. “Ичимдик ич, намаз окуба, көчөдө ачык жүр” дей албайт. Дей турган болсо аткарылбайт. Пайгамбарыбыз: “Халыкка каршы болгон иште кулга баш ийилбейт”, – деп буюрууда. (Хаким) 

Эне-ата айтса да, амир айтса аткарылбайт. Бирок, ошондой болсо муну жасабоонун жакшы жолун издөө керек. 

Эркектин акысы көп

Суроо: Аялдардын акылары тууралуу билдирдиңиз. Эркектердин акылары жокпу?

ЖООП

Эркектин аялдын үстүндөгү акылары көбүрөөк. Хадис-и шарифтерде айтылды:

“Күйөөсүнүн төшөгүнөн качкан аялга периштелер таң атканга чейин лаанат кылат.” [Бухари]

“Аялдын үстүндө эң чоң акы ээси болгон адам – бул күйөөсү, эркектики болсо – энеси” [Хаким]

“Аял күйөөсүнүң акысын өтөмөйүнчө Аллаху тааланын акысын өтөгөн болбойт.” [Таберани]

Азыркы күндө иштөө шарттары оор, акча табуу өтө кыйын. Иш этикасы, жвкшы мүнөз жок калган сыяктуу. Эркек көп убакта бул шарттардын каршысында стресс, депрессия болуп, көп кыйынчылык тартат. Үйүнө чарчап келет. Нерв системасы бузулат. Муну калыбына келтирип, кыйынчылыктарын унуттуруп, анын көңүлүн көтөрүү, ага көмөкчү болуу милдети аялга түшөт. Мындай абалда үйгө келген күйөөсү акылуу түрдө аялынан эч болбогондо жылуу сөз, жарык маанай жана көңүл бурууну каалайт. Эгер муну дагы көрө албаса абалы андан бетер болот. Сөздөрү жана кыймыл-аракети демейдегидей болбойт. Мындай жагдайда аялга түшкөн вазыйпа бул аталган нерселерди аткара албаса дагы жок дегенде унчукпай, аны андан бетер капалантпоосу керек. “Үйдө тынчтыгы болбогон адам зынданда” деп айтылат. 

Мынчалык кыйын абалда болгон адамдан ар кандай күтүлбөгөн иштерди көрүүгө болот. Аял мындай абалда чыныны ташытып жиберген акыркы тамчы болбоосу керек. Тескерисинче, дароо абалды түшүнүүгө аракет кылып, ага ыйбаа кылып сабырга үндөөсү керек. Күйөөсү үйдө болгон кезде үй иштери менен алектенбей анын көңүлүн көтөрүүсү керек. Иштерин ал үйдө жок кезде жасаоого аракет кылуусу керек. Аялдарга дайым айтчу сунушубуз мына ушу: Көчөнү от баскан, намыс, ахлак деген жокко эсе, күйөөңөргө ээ болгула, жакшы ахлак, таттуу сөз, даамдуу тамак, үйдүн ирети жана тазалыгы менен же болбосо ал жактырган эмне болсо ошол жол менен күйөөңөрдү үйгө байлагыла. Ал болсо үйгө карай кадам таштаганга ашыгып туруусу керек. “Уяны ургаачы куш салат” дешкен экен.

“Шайтандар капырлар менен эмес Мусулмандар менен алейтенишет” деп айтылууда. Напсибиз кутурууда. Тасаттурга, намазга, дурус ыйманга каршы кутурууда. Шайтан балдарын таң азандан жиберип, кеч отчет алат экен. Бири намазын буздурдум дейт, бири орозосун буздурдум дейт экен. Дагы бири чыгып арам жедирдим дейт экен. Баарына жарайсың дейт экен. Дагы бири чыгып бир аял менен күйөөсүнүн ортосун буздум дейт экен. Шайтан буга өтө кубанып, азаматсың деп баягы шайтандын маңдайынан өбөт экен. “Эң чоң ишти аткарыпсың, бул болгон болсо анда калганы убакыт менен өзү бузулат”, – дейт экен. Ошондуктан, дайыма сак-сергек болуу керек, шайтан менен напсиге мүмкүндүк бербөө керек. 

Исламият жеке эле аялга же эркекке келген эмес. Жеке эле энеге, атага же балага келбеди, бардыгына келди. Бардыгы буга баш ийүүгө аргасыз. Ким баш ийе турган болсо дүнүйөдө жана акыретте ырахаттыкка жетет, пайдасын көрөт. Машиненин бир дөңгөлөгү жарылса машине жүрбөт, сааттын бир тиши сынса саат жүрбөйт, ошол сыяктуу эле үй-бүлөдө биринин жаңылышы бардык үй-бүлөнүн тынчтыгын, тартибин бузушу мүмкүн. 

Ушуну эске алып ар ким дыкат болуп, өз чегин жана вазыйпасын билүүсү керек, кемчилиги болгон болсо кечирим сурап, жаңыдан барак ачып, жаңы бир башталгыч менен турмушту көтөрүңкү маанай менен улантуусу керек. Динибизде таарынтуу болбогондугу сыяктуу таарынуу дагы жок. Мусулманга карата дайыма кечиримдүү болуп, кемчиликтерин жаап, аларды көрбөгөндөй мамиле кылуу керек. Мен билбеген бир себеп жагдайы бар чыгар деп аны кечирүүсү керек. Кечирген кечирилет, сүйгөн сүйүлөт. 

Жолдошунан уруксат алуу

Суроо: Эркек бир жерге бара турган болсо аялынан уруксат албайт дагы эмне себептен аял күйөөсүнүн уруксатын алуусу керек?

ЖООП

Динибиз эң оор жоопкерчиликти эркекке жүктөгөн. Эркектинр милдети иштеп, үйдү багуу, аялын күнөөлөрдөн жана ар түрдүү коркунучтан коргоо. Аял иштөөгө мажбур болбогондугу сыяктуу үй иштерин да аткарууга мажбур эмес. Күйөөсүнүн кылган күнөөлөрүнө да жоопкер болбойт. Бирок, эркек аялынын күнөөлөрүнө да жоопкер. Ошондуктан, күйөөсү аялынын күнөө кылынган жерлерге баруусуна ыраазылык кыла албайт, эгер ага ыраазы боло турган болсо өзү дагы күнөөгө кирет. Мына ошондуктан аял бир жерге барарда күйөөсүнөн уруксат алууга мажбур.

Тарбиясыздык

Суроо: Бир аял күйөөсүнүн жанында тарбиясыз болуп отуруусу туурабы?

ЖООП

Туура болбойт. Расулуллах алейхиссалам кызынын жанында дагы буттарын узатып отурчу эмес. 

Нафиле үчүн уруксат суроо

Суроо: Нафиле намаз окуу жана нафиле орозо кармоо үчүн күйөөсүнөн уруксат алуусу керекпи?

ЖООП

Ооба, намаз, орозо сыяктуу нафиле ибадаттарды кылууда уруксат алуусу керек. Эки хадис-и шарифте: 

“Аял күйөөсүнүн уруксатысыз [нафиле] орозо кармай албайт”. [Бухари, Муслим]

“Аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйгө эч кимди киргизе албайт жана [нафиле] намаз окуй албайт. [Таберани]

Хазрет-и Сафвандын аялы: “Йа Расулаллах, намаз окуганда күйөөм мени урууда”, – деп даттанат. Хазрет-и Сафван болсо: “Ал бир рекетте узун эки сүрө окуп жатат. А мен буга тыюу салгам”, -дейт. Расулуллах ал аялга: “Бир сүрө окуу жеткиликтүү”, – деп буюрду. (Абу Давуд) 

Бул хадис-и шарифтер көрсөткөндөй үйдө тынчтык болуу үчүн аял күйөөсүнөн кабарсыз иш кылбоосу керек. Аялдын күйөөсү менен тынч жашоосу кыла турган нафиле ибадаттарынан да жогору жана көп сооп алат. 

Айланага кыйынчылык көрсөтүү

Суроо: Кошунабыздын аялы абдан тажаал. Күйөөсү да, айланасындагылар да жамандыгынан улам кыйын жагдайга туш болушкан. Намазын дагы окубайт. Күйөөсү күнөө болбой турган болсо ажырашам деп айтууда. Мындай аялдан ажырашуу күнөө эмеспи? 

ЖООП
Оңдолуусу жана жакшылык менен кармап туруусу мүмкүн болбосо коңшуларына жана күйөөсүнө кыйынчылык тарттырган же намазын окубаган, андан башка фарздары да аткарбаган аялдан ажырашуунун күнөө эмес экендиги дин китептеринде жазылуу. 

Харамды халал кылуу

Суроо: Кээ бир аялдар: “Бир кыз үйлөнгөндөн кийин күйөөсү кааласа кашын ала алат, шакек, билерик сыяктуу кооздук буюмдарын көчөдө тагып жүрө алат”, – деп айтууда. Бир күйөөнүн харамда халал кылуу укугу барбы?

ЖООП

Эч ким харамды халал кыла албайт. Эне-ата, күйөө жана амир динге кайчы буйрук берсе бул буйрукка баш ийүү туура эмес, себеби, Пайгамбарыбыз (алейхиссалам): “Халыкка каршы болгон иште кулган баш ийилбейт”, – деп буюрууда. Мисалы алар “Ичимдик ич, намаз окуба, жоолук салынба!” дешсе да харам болгон нерселер кылынбайт. Аялдардын каш алдыруусу, шакек, билерик салынып, булар көрүнгөн абалда сыртка чыгуулары харам болгондуктан эч ким буларга хала дей албайт жана буларды халал кыла албайт.

Комментарий жиберүү