Индия жана Пакистандагы диний агымдар

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өлкө ишеним эркиндигине кулач ачып, жарандарга өз эркине жараша динге ишенүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ошол күндөн баштап, умтулган кыргыз жаштары өз мекенинде жана чет мамлекеттерде диний билим алышууда. Бирок алар кандай билим алууда? Кайсы мазхаптын таалим-тарбиясын көрүүдө? Суннит мектебининби же шиит мектебининби? Эгер сунниттик негизде болсо, ашъарий жана матуридийлик негиздеби? Же өз окуусун «салафи салихиндердин ишенимине негиздедик» – деп көкүрөк каккан ваххабийлерден/салафийлерден билим алып жатабы? Муну коомчулук жакшы билбейт.

Исламий окуу жайда окуп жатса эле, мусулманчылыктын маани-маңызы бирдей жана туура билим алат деп түшүнгөндөр коомдо арбын.

Биз исламдын негиздерин билүү жана фундаменталдуу диний билим алуу үчүн мусулман өлкөлөрдүн саясий тарыхын, социалдык – экономикалык абалын, менталитетин жакшы билишибиз керек. Анткени кайсы бир өлкөдө окуп жатканда ошол элдин дүйнө таанымы жана диний түшүнүгү боюнча билим алабыз.

Чет жакткан окуп келген жарандарыбыз аларга таалим-тарбия берген окутуучу, устаздардын түшүнүгүнө ылайык исламдын негиздерин тааныш-билиштерине, жамаатка түшүндүрө баштайт. Сауд Арабия, Египет, Түркия, Пакистан, Бангладеш жана башка өлкөлөрдөн диний билим алган жарандарыбыз ата мекенине келгенден кийин бирдиктүү усулдун негизинде элибиздин эзелтен калыптанган каада -салты, үрп-адаттарына, улут уңгусуна жана исламдын негиздерине каршы келбеген жол-жоболорду жайылтуудабы? Же «ар кимдики ар кыял, ар кыялды ким тыяр» дегендей, бул маанилүү иш чар жайыт жүрүп жатабы?

Суроону мындай койгон себебим жаштарыбыз окуп келген мусулман өлкөлөрүндө исламдын түрдүү агымдарына тийешелүү, анын ичинде радикалдык багыттагы көптөгөн медреселер бар. Ошол медреселерди жана дарул улумдарды аяктагандардын диний көз карашы аларды окуткан устаздардан жана аларды багыттаган шейхтеринен эч айырмасыз болбошу мүмкүн.

Мисалы, эли 200 миллионго эки-үч жылда жеткени калган Пакистандагы ислам агымдарына токтололу. Пакистан суннилеринин кээ бирлери ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин карманышса, башкалары мазхаб кармануу туура эмес деп, өздөрүнөн башкалардын баарын «динден чыкты» деп эсептеген тар түшүнүктөгү динзарларга кирет.

Пакистан мусулмандары арасындагы түрдүү агымдар Британия падышалыгы Индустанды басып алып, оторчул саясатын жүргүзүп турган мезгилде пайда болгон. Англиялыктар Индустанга саясый жана экономикалык кысым көрсөтүү менен эле чектелбеген. Алар эчендеген жылдар Индияны башкарган мусулмандарды жана ислам динин алсыздандыруу саясатын жүргүзүшкөнү тарых китептеринен маалым. Алсак, Британ оторчулары индустарды мусулман жана мусулман эмес деп бөлгөн. Ошол эле учурда аларга моюн сунган мусулмандарды өз кызыкчылыктары үчүн колдонушкан. Ал эми баш ийбегендерди сүргүнгө айдаган, ар кандай кысым көрсөткөн.

XIX кылымдын башынан баштап Батыштын дүйнө таануу түшүнүгү Ислам дүйнөсүнө жайыла баштаган. Индияда Батыш түшүнүгү британ оторчуларынын келиши менен кулачын кеңири жайат. Англиялыктардын ислам динине жана мусулмандарга карата жүргүзгөн саясатынын натыйжасында, индиялык мусулмандар 1857-жылы англис баскынчылыгына каршы көтөрүлөт. Тилекке каршы, кандуу кагылыштарда мусулмандар жана индуизм жолундагы жергиликтүү эл айоосуз өлтүрүлүп, сүргүнгө айдалган. Оторчулар ушинтип саясий- экономикалык бийлигин мурдакыдан да бекемдеп, мусулмандардын каада-салттарын жоготууга аркет кылышкан.

Муну байкаган мусулмандардын кээ бир лидерлери динибизди жана мусулмандарды сактап калабыз деген максатта англиялыктар менен бирге иштешүү жолун тандаган. Алардын бири – Саид Ахмат Хан (1817-1898) заманбап Алигарх колежин түптөгөн. Ошол эле учурда Британ идеологиясына жана маданиятына каршы туруп, салтуу исламды жандандырууга аракет кылгандар да болгон. 1857-жылдан кийин Индустанда салтуу иламдын усулдарын карманган дийубандилер, биралвийлер, алу хадисчилер жана надватул улама (уюмунун) жамааттары пайда болгон. Алар акырындап медреселер менен дарул улумдарды ачып, мусулман жаштардын исламий илимдерди (тафсир, хадис, акида- ишенимдин негиздери, ислам укугу/фикх, ислам укугунун усулу/ усулу фикх) үйрөнүүсүнө өбөлгө түзгөн жана диний чыгармаларды жазышкан. Мындай агартуучулардын түптөлүшүнө Индиядагы белгилүү аалым Шах Валиййуллах Дихлавийдин (1703-1762) таасири айрыкча чоң болгон.

Дийубандий агымы

1866-жылы Сахаранпур шаарынын Дийубанд айылында Чатта атындагы мечиттин жанына Мухаммад Абид Хусайн, Мавлана Зулфикар жана Мавлана Фазлур Рахман Усмани болуп, медересе ачышат. Кийинчерек Мухаммад Касым Нановтаий медресени кеңейтип курат. Ал медреседе диний билим берүү жандана баштаганда дарул улум болуп өзгөргөн. Мухаммад Касым Нановтави (1833-1877) жана анын жардамчысы Рашид Ахмад Гангохи (1829-1905) дарул улумду негиздөөдө жана окутуу программасын иштеп чыгууда алгылыктуу иштерди жасаган. Дийубанд айылында курулган дарул улумду «Мадраса Араби Ислами Дийубанд» деп аташкан.

Дарул улум дийубандда тафсир, хадис, фикх (ислам укугу), усулу фикх (ислам укугунун усулу), акида (ишенимдин негиздери), тасаввуф (сопулук, мистика), философия, логика сабактары окутулган жана хадис илимине өзгөчө көңүл бурушкан. Дийубандилер ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин карманышып, тасаввуф жолун жолдошкон. Дарул улумда иштеген окутуучулар чиштий, сухравардий жана накшибандий тарикат жолун карманышкан. Дийубандийлердин окуу борборлоруна Индустандан башка өлкөлөрдөн да студенттер келип, билим алышкан. Окутуу салтуу ислам багытында болгондуктан, алар жадидчилардын жана батыштын идеялары менен окутуу усулдарын четке кагышкан.

Өз кезегинде дарул улум дийубанддин бүтүрүүчүлөрү башка диний агымдарды четке кагышкан. Дийубанди окуусун жактагандар кийинчерээк өз алдынча жамаатка биригет. Алар башка мусулмандардан ханафий мазхабын жана сопулукту тутунганы менен айрымаланышкан.

Дарул улумда классикалык араб тили менен фикх, тафсир, хадис жана башка диний илимдер окутулган. Заманбап усул колдонулбаган. Дйубандийлер, өздөрунун дарулу улумуна караштуу медреселерди ачышкан. Арап, фарс жана урду тилинде диний китептерди жазышкан.

1892-жылы дийубандилер даарул ифта (фатва бөлүмүн) ачканга жетишкен. Даарул ифта бөлүмү мусулман коомундагы диний маселелерге жооп берип, мусулмандардын ортосундагы диний талаштарды жойууга аракеттенген. 1912- жылы Дийубандга караштуу дарул улумда даарул хадис бөлүмү ачылып, анда бир жылдык программа боюнча хадис окушкан. Давраи Хадис программасында Бухари, Муслим, Насаи, Ибн Маажа, Тирмизи, Абу Дауд, Шамаилут Тирмизи, Муватта, Муватта Имам Мухаммад, Тахави хадис китептери окутулган. Ахмад Али Сахаранпурий (1880), Махмуд Хасан Дуйубандий (1920), Ашраф Али Таханавий сыяктуу дийубандий аалымдары хадис илимине чоң салым кошушкан. Индустандык аалымдар башка мусулман аймактарында алсырап бараткан хадис илимин жакшы жандандырган. Алардын хадис боюнча жазган эмгектери азыр да араб өлкөлөрүндө окутулат.

Дийубандийлар фикх илимине өтө маани берип, ханафий мазхапты ээрчүүнү важип (милдеттүү) деп эсептешкен. Шариятты окугандан кийин тасаввуф илимине да көңүл буруп, жиштиййа (чиштиййа) жана накшибандий тарикаттарын жандандырууга аракеттенишкен. Дийубандинин көрүнүктүү аалымдары жиштиййа тарикатынын сабириййа жолун жолун жолдошкон. Алар Мухаммад Касым Нановтавий, Ашраф Али Таханавий, Рашид Ахмад Гангохий, Шайхул Хинд Махмуд Хасан Дийубандий.

Дийубандийлер шарияттын негизиндеги сопулукту жолдошкон. Дийубендийлердин дарул улумундагы кээ бир мугалимдер шарият илимдерин окутууга катар сопулардын да шайхы (муршиди) болуп эсептелген. Окуучулар аларга мурид болушкан. Дийубендилердин көз карашында чыныгы муршидке барып, кол берип анын руханий таалим-тарбиясына баш ийүү,

зикир тапшырмаларын алуу туура деп эсептелет. Алар олуяларга сый-урмат менен карап, файз (пайиз, сопулукта Алладан береке-пайиз алууну, таза рухту олуялардан да алууну көздөө болуп саналат) алууну да туура көрүшөт.

Дийубандий аалымдары Пакистандын Индиядан бөлүнүп, эгемен мамлекет болуусунда бир пикирге келе албай эки жаатка бөлүнгөн. Мавлана Хусайн Ахмад Маданий (1957-жылы кайтыш болгон) жана анын тарапташтары Пакистандын бөлүнүүсүнө каршы чыкса, Шаббир Ахмад Усманий (1949-жылы кайтыш болгон) жана аны ээрчигендер Пакистандын эркиндигин колдогон. Ошол кезде дийубандий түптүү жамааты- Таблиг жамааты (дааватчылар) бейтарап көз карашта турган. Анткени таблиг жамаатында саясый партияга кошулууга, саясий окуяларга аралашууга жана саясатты сүйлөөгө тыюу салынган.

Индияда дийубандийлердин дарул улумдары жана алардын алдындагы медреселер мусулман коомуна көп изги иштерди аткарышкан. Дийубандийлер бирок Алигарх колежинин негиздөөчүсү, жадитчи- детерминист Саид Ахмад Хан жана анын жолдоочуларына караганда ислам динин радикалдуу жана тар түшүнүккө таянып чечмелешкен.

Бара- бара дийубандий агымына караштуу диний жамааттар жана саясий партиялар да пайда болгон. Бирок Дийубандилерден чыккан Таблиг жамааты саясатка аралашкан эмес. Дийубандийлар салттуу исламды бекем карманганы менен, жадитчилердин жана Батыштын көз карашына жабык болгон; сунниттерди колдоп, шииттерге каршы чыгышкан. Дарул улумдарда жана медреселеринде классикалык араб тили менен классикалык диний эмгектерди мыкты окуткан, бирок алар жаңы усулдарды колдонбой, заман талабына алгылыктуу жооп берише алган эмес деп сындалып келет.

Биралвий агымы

Индустан Улуу Британиянын оторчулугу астында турганда пайда болгон сунний агымдарынын бири- биралвий агымы. Биралвий агымынын негиздөөчүсү Ахмад Ризо Хан Биралвий 1856-жылы Утар Прадеш аймагынын Рай Бирели айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кичинекейнен ислам илимдерин атасынан окуп ижазат алганга жетишкен. Биралвий индиялык башка аалымдардан да диний билим алаган. Кийинчерек ажыга барып, Саудиядагы аалымдардын сабактарына да катышып, кээ бирлеринен ижазат алат.

Ханафий мазхабын карманган Ахмад Бралвий 1867-жылдан баштап фатва бере баштаган. Ал Надватул Улама уюмунун түптөлүшүнө салым кошот, бирок алардан бат эле бөлүнүп кеткен. Биралвий, дийубандий, надватул улама (диний уюуму) жана ахлу хадис (агымындагы) аалымдарын каапырчылык жолго түштү деп күнөөлөгөн.

Биралвий тасаввуф илимин шарияттын негизинде караган эмес. Ал тасаввуфий көз караштарды шарияттан жогору коюп, сопулукка аябай маани берген. Ошол эле учурда Биралвий жана аны ээрчигендер өздөрүн «ахлу сунна вал жамааттын» коргоочусу деп эсептешкен. Бирок биралвийлардын тасаввуфтук (сопулук) көз караштарына индиузмдин жана башка диндердин аралашып кеткендигин айткандар бар.

Биралвий агымы да Индия жана Пакистанда көптөгөн медреселерди ачышкан. Бул медреселер тасаввуф жолун карманганы менен ханафий мазхабына чоң маани берип, ошол багыттагы китептер окутулган. Ахмад Ризо Хан, кадириййа тарикатынын шайхы Шах Али Расулга кол берип биат (сопулукта шайх же муршитке кол берип күнөө иш иш кылбоого, шарияттын буйруктарын аткарууга жана шайхтын руханий тарбиясына алууга сөз бериш) кылган. Кадириййа тарикатын карманган Ахмад Ризо Хан чиштиййа, сухравардиййа жана накшибандиййа тарикаттарынын да доктриналарын жакшы билген. Ахмад Биралвийдин исламга кызмат кылуу жана адеп-ахлактын жакшы болуусуна тасаввуф (сопулук) жолу менен гана жетишүү мүмкүн деп ишенген.

Биралвийлар олуяларга жана алардын кабырларына зыярат кылууга чоң маани беришет. Бул үчүн аларды ахлу хадис агымынын аалымдары тарабынан катуу сындалган. Англиялыктар, өзгөчө, христиан-миссионерлери Мухаммед пайгамбардын мартабасын кемсинткен сөздөрдү жайышкан. Алардын пикирлерине каршы Ахмад Ризо Хан Биралвий Мухаммед пайгамбарды ээрчүү жөнүндө элге көп насаат кылган. Бирок ал кийинчерээк Мухаммад пайгамбарды «көлөкөсүз нур» жана «кайыпты билүүчү» деген касиеттер менен сыпаттаган. Биралвийлер мындай көз караштарынан улам ваххабийлер жана тасаввуфчулар тарабынан да сындалган.

Тилекке каршы, биралвийлар менен дийубандийлар сопулукту жакташканы менен бирин бири күнөөлөп, өз ара мунаса таба алышпаган. Индия британ оторчулугу астында экенде пайда болгон дийубандий, биралвий жана ахлу хадис агымдарынын аалымдары бирин бири «динди бузду», «каапыр болду» деп, өтө катуу айыпташкан. Бул көрүнүш азыр да уланууда.

Айыл- кыштактарда жашаган мусулмандар биралвий агымында болушкан. Алардын ичинде сабатсыздары өтө көп болгон. Биралвийлер англиялыктарга каршы чыкпагандыгы үчүн башка агымдар тарабынан катуу сынга кабылган. Ошол мезгилде мусулмандардын көпчүлүгү Осмон мамлекетинин падышасын халифа деп таанып, жардамдашуу өнөктүгүн баштаганда, биралвийлар бул иштен оолак турган жана англиялыктардын кызыкчылыгын жактаган. Атүгүл Индияны «Дарул ислам» деп фатва чыгарышкан.

Биралвийлер – кадириййа сунний тарикаттын карманып, ошол эле учурда ахлу байтка ашыкча байланганы жана азирети Алиден баштап, ахлу байт имамдарын ашыкча мактап жибергендиги үчүн башка сунний тарикаттар тарабынан шииттерге ооп кеткен деген айыпка жыгылган. Дийубанди түптүү Сипахи Сахаба аттуу башка бир диний кыймыл түздөн түз эле биралвийларды «шииттер» деп атаган.

1921-жылы Ахмад Ризо Хан Биралвий кайтыш болгондон кийин анын жолдоочулары бир канча тайпага бөлүнүшүп кетишкен. Кийинчерек биралвий агымына таандык ар кандай коомдук уюмдар менен саясий партиялар пайда болот. Пакистан Индиядан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон соң, биралвийлар Пакистанда да кулачын жайган. Биралвий түптүү саясий партия Пакистандын талибандашуусуна каршы чыккан жана Ооганстандагы Советтик аскерлерге каршы жихатка чыккан мусулмандарды да колдогон эмес.

1980-жылы Пакистанда мусулман биралвийлердин интеллектуалдары «Минхажул Куран» аттуу коомдук уюмду түптөшкөн. Уюмду Мухаммад Тахирул Кадир жетектеген. Алар адегенде «динге кызмат кылабыз» дешип, бирок мүчөлөрү көбөйгөн соң Пакистандын саясатына баш оту менен аралаша баштайт. Ушундан улам «Минхажул Куран» уюму жергиликтүү мусулман жамаатары тарабынан «батыштын малайлары» деп күнөөлөнгөн.

Ахлу хадис агымы

Индияда салафийлер катары таанымал жана тарапташтары көп Ахлу хадис агымы да белгилүү. Агымдын негиздөөчүсү Саид Назир Хусайн Дихлавий (1805-1902). Белгилей кетчү жагдай: алгачкы ахлу хадис мектеби тасаввуф илимин жактырган. Бирок 1857-жылдан кийин түзүлгөн ахлу хадис агымы тасаввуф илими жана тарикаттарга кескин түрдө каршы турган.

Ахлу хадис агымы өздөрүн Пайгамбар Мухаммад алей саламдын жана андан кийинки эки муунду камтыган мусулмандарды ээрчип жатабыз деп ишенишип, аят жана хадистин захирий (сырткы) мааниси менен амал кылышкан. Эч бир мазхапты ээрчүүнү туура көрбөгөн. Ушундан келип ахлу хадис агымы башка мусулмандар тарабынан ваххабийлер же салафийлердин бир жамааты катары кабыл алынып, аларды суннийлерге каршы деп каралашкан.

Ахлу хадис агымынын болгон Мухаммад Хусайн Баталавий британ оторчулары менен сүйлөшүп, өздөрүн ваххабийлер эмеспиз дешип, «ахлу хадисчилер» деп атоого макулдук алышкан. Мына ошондон кийин алар өздөрүн ахлу хадисчилер деп жарыялашат. Ахлу хадисчилер ваххабийлерди ханбалий мазхабын карманышат деген шылтоо менен өздөрүн алардан оолактаткан.

Убакыттын өтүшү менен ахлу хадисчилердин жолдоочулары көбөйгөндө, алар да медреселерди ачып, Ибн Таймиййа жана Мухаммад бин Абдулваххабдын көз караштарын ачык эле жайылтууга өтүшкөн. Ахлу хадис агымы кийин төбөлсүз Пакистанда дагы кенен жайылган.

Ахлу хадисчилер кабырларга зыярат кылуу, васила же ортомчулукту танып, бидатка чыгарган. Мазхапсыздыкты жакташып, ар бир мусулман пендеси Куран жана хадистерди окуп, жаңы ижтихад (жаңы өкүм чыгаруу) кыла алат деген көз карашты жайылтышкан. Бидат жана туура эмес ишенимдер менен күрөшүүнү максат кылган ахлу хадисчилер өздөрүн Шах Валиййуллах Дихлавийдин чыныгы жактоочулары деп билишет.

Ахлу хадисчилер – тасаввуф илимин жактап, тарикат жолун карманган дийубандий жана биралвийларды- «бидатчылар» же «адашкандар» деп сындашкан. Хадис илимине өзгөчө маани берген дийубандийлерди Шах Валиййуллах Дихлавийдин көрсөткөн жолунан чыгып кетти деп айыптаган.

Саид Назир Хусайн Дихлавий «Мадраса мийан Сахип» атындагы медресе куруп, көптөгөн окуучуларды тарбиялаган. Дихлавий өлгөндөн кийин, анын окуучулары ахлу хадис көз карашын Индияда жана Пакистанда жайышкан. Ахлу хадисчилер түрдүү медерселерди, фонддорду ачышкан, саясий партия түзүшкөн. Алардын жайылуусуна Сауд Арабиянын материалдык жардамы өтө чоң ролду ойногон.

Ахлу хадисчилер да «биз ахлу сунна вал жамаатын коргойбуз» дешип, шиилерге каршы чыгышкан. Ошол эле учурда алардай көз карашты карманбаган «Надватул уламаа» уюмуна жана дийубандий, биралвий агымдарына каршы болушкан. Өз усулундагы ислам укугун «фикхул хадис» деп аташкан. Тасаввуфту «бидат» жана «ширк» деп каралап, мазхабтарды тааныбаган ахлу хадисчилер мусулмандардын ортосунда радикалдык көз караштын жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

Индияда пайда болуп, кийин Пакистанда тамырлап жетилген жогоруда аталган агымдарга эмне себептен токтолгонумду дагы бир ирет кыскача түшүндүрө кетейин. Себеби, кээ бир окурмандар «Пакистандагы агымдардын бизге эмне тийешеси бар?» деши мүмкүн. Кыргызстандан Пакистанга Куран жаттоого (каарылыкка) жана шарият илимин үйрөнүүнү максат кылып баргандар арбын. Ошол эле учурда Таблиг жамаатына дитин берип, дааватка чыккандар бат- баттан эле 40 күндөн тартып, 4 айлап жүрүшүп, Индия жана Пакистанда дааватка барышат.

Дагы айтка кетчүү нерсе, АКШнын мурдакы президенти Билл Клинтондун (1993-2001-жылдары президент болгон) Орто Азия өлкөлөрүнө Ислам багытындагы модел катары байистүү исламды жактаган Пакистанды сунуштагандыгы ойлондурбай койбойт. АКШ лидеринин Орто Азия мамлекеттерине «дүниябий жана демократия» жагынан үлгү болгон Түркияны мактаганы жана байистүү исламды жактап, Батыш баалулуктарына ыктаган Пакистанды бизге модел катары сунуш кылуусунун жашыруун максаты- Иран Ислам Республикасынын Орто Азияга ыктаган мамилесине бөгөт койуу болушу мүмкүн.

Кыргыз жарандары мамлекетибиздин тынчтыгын, стабилдүүлүгүн каалачу болсо, анда чет жакка диний билим алганы барганда, окуп жаткан диний окуу жайынан тутунган мазхабынын негизи жана окутуу программасы жөнүндө расмий түшүндүрмө алып, алты ай ичинде Кыргызстандын элчиликтери аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүсү зарыл деп ойлойм. Анткени чет жактан диний билим алгандардын ичинен ханафий мазхабын жана матуридий ишенимин четке кагып, бирок Кыргызстанга келгенде дин кызматкери болуш үчүн тымпыйып ханафий боло калгандар да болушу мүмкүн.

Анан дагы диндер тарыхы, мазхаптардын тарыхы, дин философиясы, дин психологиясы, дин социлогиясы жана саясий ислам жөнүндө курстарды уюуштуруп, казылардан тартып, имамдарга чейин окутуу керек деген ойдомун.

Автор: Жалилов Элдияр, Анкара Университетинин Теология факультетинин докторанты

http://ummamag.kg/kg

Комментарий жиберүү