Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытайдын армиясы Тайвань булуңундагы машыгуулар учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу Тайвандын борбордук маалымат агенттиги жергиликтүү коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин РИА Новости жазды. “Болжол менен саат 13:56да (Москва убактысы менен 08:56) Кытайдын Коммунисттик партиясы Тайвандын түндүк-чыгышындагы жана түштүк-батышындагы сууларга Дунфэн сериясындагы бир нече баллистикалык ракеталарды учурду”, – деп айтылат билдирүүдө. Бир күн мурун Кытайдын мамлекеттик Global Times гезити өлкө армиясы Тайван булуңу аркылуу узак аралыкка учуучу согуштук артиллерияны жана DF-17 (Дунфэн-17)…

Прочитайте больше

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул иш-чара араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Касымалиев баштаган аткаминерлер жана ишкер чөрөнүн өкүлдөрү катышышат. Араб…

Прочитайте больше

Шольц газ куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү кечеңдетип жатканын айтты

Шольц газ куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү кечеңдетип жатканын айтты

Германиянын канцлери Олаф Шольц “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын билдирди. Анын айтымында, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат. “Муну жеткирбей коюуга эч кандай негиз жок. Алар болгону турбинаны алып кеткиси келерин айтып, Орусияга алып кетүү үчүн керектүү бажы документтерин гана көрсөтүшү керек эле”, – деди Шольц 3-августта турбинанын жанында туруп жасаган билдирүүсүндө. Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы 27-июлдан тартып “Түндүк агым-1” кууру менен Германияга берилген газдын…

Прочитайте больше

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайвандын борбору Тайбэй шаарына барды. Пелоси акыркы 25 жылда аралга сапары менен келген америкалык эң жогорку даражалуу аткаминер болуп калды. Буга чейин Кытайдын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфэй Пелосинин Тайванга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен. Ал кытай армиясы муну жөн  карап турбасын айтып, тышкы кийлигишүүнү токтотуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь “Тайвань Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү” экенин…

Прочитайте больше

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге барган учурда аскердик машыгууларды өткөрөрүн жарыялагандан кийин Тайвандын бийлиги согушка даярдык деңгээлин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга барышы мамлекеттин суверенитетин бузуу катары бааланарын жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация учуп келердин алдында Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайванга жакын жерде аскердик машыгууларды баштаган. Кечээ кечинде Кытай армиясы Тайвандын айланасындагы алты деңиз районунда төрт күндүк машыгууларды өткөрөрүн жарыялады….

Прочитайте больше

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Пелосинин Тайванга сапарына кытайлык өкүл каршылык көрсөттү

Чжан, Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарынын Кытайдын эгемендигине доо кетирерин айтты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин август айындагы төрагалыгынын Кытайга өткөрүлүп берилгенине байланыштуу маалымат жыйын уюштурган Чжан, Индо-Тынч океан жолугушууларынын алкагында Пелосинин Тайванга жасай турган сапары тууралуу сереп салды.  Чжан, Пелосинин Тайванга ыктымалдуу сапары үчүн: «Мындай визит Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана коопсуздукка доо кетирет, ошондой эле Пекин…

Прочитайте больше

Акыркы 21 жылдан бери колго түшпөй келген «Аль-Каиданын» лидери өлтүрүлдү

Акыркы 21 жылдан бери колго түшпөй келген «Аль-Каиданын» лидери өлтүрүлдү

Өткөн дем алыш күндөрү АКШнын учкучсуз учагы Ооганстандын борбору Кабул шаарында “Аль-Каида” террордук уюмунун лидери Айман ал-Завахирини жок кылды. Бул тууралуу кечээ, 1-август күнү кечинде АКШ президенти Жо Байден билдирди. Анын айтымында, Айман аз-Завахиринин кайда экенин АКШнын чалгын кызматы мындан бир нече ай мурда аныктаган. Тийиштүү жетекчилик менен кеңешкенден кийин аз-Завахирини жок кылуу боюнча буйрук берилген жана анын Кабулдагы үйүнө 31-июлда таңкы саат 6:18де эки ракета менен сокку урулган. Аткылоодон “Ал-Каиданын” башчысынан башка эч ким…

Прочитайте больше

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келди

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келди

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Ван И өлкөгө Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келген.

Прочитайте больше

Жыл аягына чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү электробустар тейлеп калат

Жыл аягына чейин Бишкекте жүргүнчүлөрдү электробустар тейлеп калат

Жакынкы аралыкта борбор калаада жүргүнчүлөрдү негизинен электробустар тейлеп калмакчы. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде билдирди. “Учурда шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун алкагында 59,55 млн. АКШ доллары суммасында электробустарды сатып алуу пландалууда, анын ичинде 25,65 млн. АКШ доллары гранттык негизде, 25,0 млн. АКШ доллары 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы кредит катары, ал эми 8,9 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасы тарабынан салыктардан бошотуу түрдө…

Прочитайте больше

НАТОнун кийлигишүү тууралуу билдирүүсү

НАТОнун кийлигишүү тууралуу билдирүүсү

KFOR эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. НАТОнун Косово күчү (KFOR) эгер Косовонун түндүгүндө стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. Косовонун түндүгүндөгү коопсуздук абалынын чыңалганын белгилеген НАТО: «НАТОнун Косово күчү кырдаалга кылдаттык менен байкоо салып жатат жана ырааттуулукка коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр»,-деп билдирди. Косоводо жашаган сербдер менен кошо бардыгынан бүгүндөн тарта Косово күбөлүгү жана номери талап кылына турганы жарыялангандан кийин Косоводогу сербдер кечээ кечинде Косовонун түндүгүндөгү чек ара бекеттерин жапты….

Прочитайте больше

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Европа Биримдиги (ЕБ), басылып алынган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарында жаңы турак жайлардын саны 2021-жылы 22 миңге жеткенин билдирди. Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Отчетто Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт отурукташуу пландарынын мурунку жылдарга салыштырмалуу ылдамдаганы жана 22 миң 30 жаңы турак жай…

Прочитайте больше

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынды. Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон. Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту – Одесса, Черноморск жана Южный порттору…

Прочитайте больше

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индияда президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Ал штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушун алды. Ал эми анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% добушка ээ болду. Драупади Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуш алган, негизги атандашы Синха үч штатта утулуп калды. Ал өлкөнүн тарыхында мамлекет башчы болгон экинчи аял. Биринчиси 2007-2012-жылдары өлкөнү башкарган Пратибха Девисингх Патил болгон. Мурму азыркы президент Рам Натх…

Прочитайте больше

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда адаттан тыш ысыктан улам 1700дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюгенин бүгүн, 22-июльда жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.  Клюге токой өрттөрү учурда алыскы түндүктө, Скандинавияда дагы болуп жатканына тынчсызданып жатканын айтып, бул аптада Лондондогу өрттөн 41 үй жок болгонун билдирди. Испаниянын айрым аймактарында абанын температурасы 45 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1000ден ашуун испаниялыктар катуу ысыктан каза болгон.  Алардын…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Кечээ 21-июлда Чолпон-Атада Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык проблемалар талкууланды. Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашылды. Чектеш аймактагы дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында…

Прочитайте больше
1 72 73 74 75 76 180