Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Мыйзамсыз жөөт конуштарынын саны көбөйүүдө

Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Европа Биримдиги (ЕБ), басылып алынган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарында жаңы турак жайлардын саны 2021-жылы 22 миңге жеткенин билдирди. Евробиримдиктин Палестина өкүлчүлүгү, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт конуштары боюнча 2021-жылдагы отчетун жарыялады. Отчетто Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста мыйзамсыз жөөт отурукташуу пландарынын мурунку жылдарга салыштырмалуу ылдамдаганы жана 22 миң 30 жаңы турак жай…

Прочитайте больше

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Стамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлду

Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынды. Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон. Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту – Одесса, Черноморск жана Южный порттору…

Прочитайте больше

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индиянын тарыхында экинчи ирет аял президент болду

Индияда президенттик шайлоодо Улуттук демократиялык альянстын талапкери Драупади Мурму жеңип чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Ал штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушун алды. Ал эми анын оппозициядагы атаандашы Яшвант Синха 36% добушка ээ болду. Драупади Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуш алган, негизги атандашы Синха үч штатта утулуп калды. Ал өлкөнүн тарыхында мамлекет башчы болгон экинчи аял. Биринчиси 2007-2012-жылдары өлкөнү башкарган Пратибха Девисингх Патил болгон. Мурму азыркы президент Рам Натх…

Прочитайте больше

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда ысыктан 1700дөн ашуун адам каза болду

Испания менен Португалияда адаттан тыш ысыктан улам 1700дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюгенин бүгүн, 22-июльда жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.  Клюге токой өрттөрү учурда алыскы түндүктө, Скандинавияда дагы болуп жатканына тынчсызданып жатканын айтып, бул аптада Лондондогу өрттөн 41 үй жок болгонун билдирди. Испаниянын айрым аймактарында абанын температурасы 45 градуска чейин жеткен. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, он күндүн ичинде 1000ден ашуун испаниялыктар катуу ысыктан каза болгон.  Алардын…

Прочитайте больше

Жо Байден коронавирус жуктурупм алды

Жо Байден коронавирус жуктурупм алды

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 жуктуруп алды.  Бул тууралуу Ак үй кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты. Байден толук эмдөө курсунан өтүп, эки жолу ревакцинацияланган. Учурда обочолонуу режимине өткөнү жана анда оорунун белгилери жеңил өтүп жатканы айтылды.  “Ал Ак үйдүн кызматкерлери менен телефон аркылуу байланышууда жана пландаштырылган жолугушууларга резиденциядан онлайн катышат”, – деп жазылат маалыматта. Президент тапшырган тесттен коронавирустун терс жыйынтыгы чыкканда гана кадимки режимде иштөөгө кайтып келет.  Белгилей кетсек, АКШнын президенти 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Жапаров менен Рахмон маселелер саясий дипломатия аркылуу чечилиши керектигин белгилешти

Кечээ 21-июлда Чолпон-Атада Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык проблемалар талкууланды. Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашылды. Чектеш аймактагы дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында…

Прочитайте больше

Багдаддагы элчилигинен түрк желегин түшүрүү

Багдаддагы элчилигинен түрк желегин түшүрүү

Бир нече миңдеген ирактыктар шаршембиде Анкаранын Багдаддагы элчилигинин алдына чогулуп, Түркиянын өлкөнүн түндүгүндөгү аскерий агрессиясына нааразылык билдиришти.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын маалымат каражаттары бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Багдаддагы элчилигинин алдында массалык демонстрациялар болгонун кабарлашты. “Sabrin News” гезити Түркиянын өлкөнүн түндүгүндөгү аскерий агрессиясына нааразылык билдирип, Анкаранын Багдаддагы элчилигинин алдына бир нече миңдеген ирактыктар чогулганын кабарлады. Маалыматтарга караганда, Түркиянын Ирактын түндүгүнө кол салуусуна каршы чыккандар өлкөнүн Багдаддагы элчилигинин алдына чогулгандан кийин бул имараттын үстүндөгү…

Прочитайте больше

Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

Путин Европага газ жеткирүү кыскарышы мүмкүн экенин айтты

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Россиянын Украинадагы аскердик операциясына байланыштуу токтоп калган. Путиндин айтымында, келерки аптада “Газпром” газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Россия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса…

Прочитайте больше

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан достук келишимине кол койду

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат. Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу…

Прочитайте больше

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россия менен Иран 25 млрд. долларлык мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту

Россиянын Газпром компаниясы менен Ирандын Улуттук мунай компаниясы мунай кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр маалымат жыйынында билдиргенин иран басылмалары жазышты. Документке 19-июлда онлайн азем учурунда Мохсен Хочестемехр жана орусиялык “Газпром” компаниясынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов кол коюшту. “Ирандын улуттук мунай компаниясы менен россиялык Газпром компаниясынын ортосунда жалпы суммасы 25 миллиард долларлык стратегиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду”, — деп айтылат маалыматта. Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай…

Прочитайте больше

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Сейед Хасан Насралла: Ливан укугуна жетмейинче, сионисттик режимге уруксат берилбейт

Хизбулланын баш катчысы өзүнүн жылдык «Ашура» сөзүндө Ливан согушту каалабайт, бирок ал татыктуусун ала албаса, сионисттик режимге мунай ресурстарын чыгарып кетүүгө уруксат берилбейт деп билдирди. Аль-Алам  агенттигинин маалыматына ылайык, Ливан “Хезболланын” баш катчысы “Сейд Хасан Насралла” миссионерлер жана аалымдардын катышуусу менен өтүп жаткан жылдык Ашура жыйынында мындай деп баса белгиледи: “Эгер Ливан мунай жана газ ресурстарын казуу укугуна ээ болбосо, сионисттик режим бүтүндөй оккупацияланган Палестинада аны чыгаруусуна жол берилбейт.  “Аль-Ахбар” кабарына ылайык, ал мындай кошумчалаган:…

Прочитайте больше

Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту

Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн кечинде Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Хаменеи менен жолугушту. Россиянын президенти революциянын лидери менен жолугушту Fars News агенттигинин саясий тобунун маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин шейшемби күнү (20-июль) кечинде Ислам революциясынын жогорку лидери аятолла Хаменеи менен жолугушту. Белгилей кетсек, Путин ошондой эле Ирандын президенти Саид Эбрахим Реиси менен да жолугушкан.

Прочитайте больше

Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Аптаптан улам Испания менен Португалияда каза болгондордун саны миңден ашты. Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти. Испания бийлиги өлкөдө катуу ысыктан улам 510 адам каза болгонун, ушул убакка чейин 70 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткенин, бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди. Өткөн аптада Португалияда 47 градуска жеткен ысыктан 659 адам каза…

Прочитайте больше

Казакстанда январь окуяларына катыштыгы бар 545 киши соттолду

Казакстанда январь окуяларына катыштыгы бар 545 киши соттолду

Казакстанда январь окуялары боюнча сотко 429 кылмыш иши жөнөтүлүп, 545 киши соттолду.  Бул тууралуу 18-июлда Башкы прокуратуранын спикери Елдос Килымжанов билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу жана мүлктү жок кылууга байланыштуу оор кылмыш жасаган делген 83 адам эркинен ажыратылды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта атайын прокурорлордун өндүрүшүндө “жапырт башаламандык” боюнча 53, “терроризм актысы” боюнча 32 кылмыш иши бар. Камакта 349 адам отурат. Уурдалган курал-жарактардын ичинен эки миңден ашууну азыркыга чейин “кылмышкерлердин колунда”.  Казакстан…

Прочитайте больше

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Хаменеи жана президенти Раиси менен жолукту. Сүрөт

Тегеранга расмий сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Ирандын президенти Раиси Эрдоганды Тегерандагы Садабад сарайында расмий түрдө тосуп алды. Алгач Түркиянын жана Ирандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эрдоган ардактуу кароол менен учурашып, андан соң эки мамлекеттин башчыларынын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды. Андан соң түрк лидери Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен жолугушту. Бирок тараптар талкуулаган темалар тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Эрдоган…

Прочитайте больше
1 78 79 80 81 82 185