Эл аралык террордук уюмдар курьерлер аркылуу жардыруу уюштурушу мүмкүн

Орусиядагы кыргыз диоспарасынын жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков миграцияда жүргөн мекендештерге “массалык терракт” боюнча 23-августта чукул кайрылуу жасап, такси, курьер кызматында иштеген мекендештерге кайрылуу жолдоду.

Ал өз кайрылуусунда эл аралык террордук уюмдар жардырууну аталган кызматтар аркылуу ишке ашырышы мүмкүн экендигин белгилеп, бул маалымат Орусиянын ички иштер министрлигинен келгендигин билдирди.

“Бизге Орусиянын ички иштер министрлигинен ташырма келди. Эл аралык террордук уюмдар өлкөнүн аймагында чоң жардыруу жасоого аракет кылып жатышыптыр.

Ыкчам маалыматтар боюнча, аны курьерлер аркылуу, жардыруучу нерсени жетизип туруп ошол жерден курьер менен чогуу жардырганга аракет кылып жатышыптыр. Ошого такси кызматында иштеген мекендештерибиз, ошондой эле жеткирип берүү кызматындагы мигранттар буюмду алып атканда, берип атканда ачып карап, кимден алып жатканыңызды, аты-жөнүн сөзсүз тактаңыз”, –деди.

Буга чейин, 2024-жылдын 22-мартында Москва облусунун Красногорск шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында теракт болуп, кеминде 145 адам каза болгон. Анын ичинде 551 адам жарадар болуп, курман болгондордун көбү 4 аткычтан турган топ баштаган өрттө каза болгон. Террорчулар теракт болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүшүшүп, көп узабай кармалган. Алар  Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Бул окуядан кийин Россиядагы борбор азиялыктар, анын ичинде негизинен тажикстандыктар масасалык түрдө депортацияланган.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги окуяны теракт деп атап, Ислам Мамлекети – Хорасан Вилайети (ИМ-ХВ же ИШИМ-Х), Ислам Мамлекетинин Орто Азиядагы аймактык филиалы жоопкерчиликти өзүнө алган.

Комментарий жиберүү