Криштиану Роналдунун YouTube каналына жазылуу рекорд койду

Сауд Арабиясынын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду YouTube′да өзүнүн каналын ачары менен эки сааттын ичинде ага 2 миллиондон ашык адам жазылды. Ал эми 18 сааттан кийин каналга жазылгандардын саны 15 миллиондон өттү.

«Күтүү убактысы өттү. Менин YouTube каналым акыры ачылды. Жазылыңыз жана бул сапарда мени менен бирге болуңуз», – деп жазды ал.

Көп өтпөй, YouTube ага “Алтын баскыч” белек кылганын да жарыялады: “Алтын баскыч… менин алтын балдарым үчүн”,-деди ал видеосунун алдында.

39 жаштагы футболчу быйыл “Аль-Наср” менен бирге Сауд Арабиянын Суперкубогу үчүн беттеште “Аль-Хилалга” 1:4 эсебинде утулуп калды. Жалгыз голду Роналду киргизген.

Ал эми 2024-жылкы Европа чемпионатында Португалия курамасында ойногон Криштиану чейрек финалга чейин жетип, бирок Францияга пенальтилер сериясында утулуп калышкан – 0:0 (3:5 пенальти).

Футболчу азырынча улуттук курамадан кетүүнү пландай элек. Ал 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатта да ойноп калышы мүмкүндүгү айтылып келет.

Комментарий жиберүү