4 нерсе денеге кубат берет: – Бал – Атыр жыт сүрүнүү – Жетиштүү жуунуу – Жумшак кездемеден сулуу көйнөк кийүү 4 нерсе денени алсыратат: – Артыкча ой – Ашыкча кычкыл жеп-ичүү – Ач карынга суу ичүү – Ашыкча кошулуу 4 нерсе көзгө кубат берет: – Сурма тартуу – Жашылды кароо – Аккан сууну кароо – Халал болгон сулуу жүздү кароо 4 нерсе көздүн нурун азайтат: – Ыплас нерселерди кароо – Өлүм менен жазаланганды кароо – Харамды…
Прочитайте больше02
Хазрети Алинин даражасы
Бир күнү Сахабалар Хазрети Алинин мартабасын билүү үчүн Пайгамбарыбыздан мындай деп сурашты: – Йа, Расулаллах! Хазрети Алини ушунчалык жакшы көрүүңүздүн себебин айтасызбы? Пайгамбарыбыз: – Андай болсо Алини чакыргыла! – деди. Бирөө Хазрети Алини чакырууга кетти. Калгандарынан Пайгамбарыбыз мындай деп сурады: – Бир адамга жакшылык кылсаңар, ал эми ал адам силерге жамандык кылса силер эмне кыласыңар? – Жакшылык менен жооп беребиз. – Кайра жамандык кылса дагы жакшылык кыласыңарбы? – Ооба, жакшылык кылабыз. – Силерге үчүнчү жолу…
Прочитайте большеЗулкарнайн алейхиссалам
Пайгамбар же олуя болгон. Курани каримде баяндалып, чыгышка жана батышка чыккан сапарлары жайлуу айтылган. Асыл ысымы – Искендер. Чыгышка жана батышка баргандыгы үчүн Искендер Зулкарнайн деп эскерилген. Нух алейхиссаламдын уулу Яфастын урпагынан. Пайгамбар болгондугу же болбогондугу билдириген эмес. Йеменде жашаган Мунзир Искендер менен Аристотельдин шакирти болгон Македониялык Искендерден мурда жашаган. Салих бир зат болгон Зулкарнайн алейхиссаламды Аллаху таала жер жүзүндөгү адамдарга буйрук жана тыюуларын билдирүү үчүн милдеттендирди. Зулкарнайн алейхиссалам Аллаху таалага нияз кылып, өзүнө күч-кубат…
Прочитайте большеБардык жамандыктардын дарысы
* Намаздарды кечиктирбестен окуу керек. Туура окулган намаз бардык жамандыктардын дарысы болот. * Намазын окуп, динине ылайык кийинген аял чоң жакшылык. * Намаз окуу Аллаху тааладан корккон момундарга гана жеңил болот. * Намаздар маалында окулбай, Аллаху тааланын буйрук жана тыюу салган нерселерине моюн сунулбай турган болсо Аллах төрт кыйынчылык берет: 1- Ырыскылар тараят, 2- Оорулар көбөйөт, 3- Коопсуздук болбойт, 4- Мээримдүүлүк кетет. * Балаңызга намаздын маанисин түшүндүргүлө жана сөзсүз намазын окуткула. Намаз окуусуна тоскоол болгон…
Прочитайте большеИйгилик Аллахтан
Суроо: Бир киши Худ сүрөсүнүн 88-чи аятындагы “Ийгилик бир гана Аллахтан” деген сөздөн ийгиликти Аллаху таала бере турганын, ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмес деп айтты. Ийгиликтүү болуу үчүн аракет кылып иштөө керек эмеспи? Жооп Аят жана хадистерден мындай өкүм чыгаруу абдан жаңылыш болот. Жакшыны дагы, жаманды дагы Аллах жаратат. Кул жакшыны же жаманды каалайт, Аллаху таала да кааласа кул ирада-и жузиййасы менен аны кылат. Аллах уруксат бербесе кул жакшыны да, жаманды да кыла албайт. Ошондуктан,…
Прочитайте большеКелиндин кайненесинин алдындагы 6 милдети
Келин менен кайненесинин ортосундагы мамиленин көйгөйү жаңы эмес. Көпчүлүк убакта келин кайненесине, кайненеси келинине нааразычылыгын билдиришет жана алардын кайсынысы туура экендигин аныктоо өтө кыйынга турушу мүмкүн. Албетте, бир чатырдын астында жашагандан кийин, эки тараптын ар биринин белгилүү жана ар биринин өзүнчө милдети бар. Бактылуу үй-бүлө динибизде, салтыбызда бар нерселерге амал кылуу менен куралмакчы. Демек, үй-бүлөдө сүйүү жана тынчтык өкүм сүрүшү үчүн, келини дагы, кайын энеси дагы аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарышы керек. Келиндин милдеттери: Аял үчүн…
Прочитайте большеАятолла Хаменеи Палестинанын лидерлеринин катына эмне деп жооп берди?
Ислам Ынкылабынын Руханий жол башчысы Палестинанын коргонуучу тобунун лидерлерине жооп берди. Белгилей кетсек, Палестинанын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хание жана Палестинанын Исламдык Жихад кыймылынын башкы катчысы Зиад Нахалах Иран Ислам республикасынын Руханий Лидерине мындай деп кат жазышкан: “Палестиналык баскынчыларга каршы күрөш “зулумдукка, ыймансыздыкка жана текебердикке” каршы туруу. Биздин жүрөгүбүз сиз менен; Сиз буюруса акыркы жеңишти көрө аласыз. Силердин күрөшүү сахнаңарда биздин да жүрөгүбүз бар жана силер жеңиштериңерди улантуу үчүн биз ар дайым дуба-тилек кылабыз.”…
Прочитайте большеСионисттик режимге каршы 12 күндүк каршылык көрсөтүү согуштун жеңишине карата Палестина элине билдирүү
Билдирүүдө Аятолла Хаменеи Палестинанын сионисттик режим менен болгон 12 күндүк согуштагы жеңиши менен куттуктады. Революция лидеринин кайрылуусунун тексти төмөнкүдөй: Кудайдын ысымы менен! Эзилген жана кайраттуу Палестинага тынчтык болсун; Палестинанын эр жүрөк жана жалындуу жаштарына, баатыр жана туруктуу Газага салам, ХАМАС жана жихадга жана Палестинадагы бардык жихаддык жана саясий топторго салам жолдойм. Палестина коргонуучуларына көрсөткөн жеңиши жана сыймыгы үчүн Кудуреттүү Кудайга ыраазычылык билдирем. Шейит бергендердин жараланган жүрөктөрүнө тынчтык жана бейпилдик, шейиттер үчүн кайрымдуулук жана жакшы кабар…
Прочитайте большеХристиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты
Силер бизге караганда бактылуу көрүнөсүңөр. Анткени, силер аял турмушун, аял бакытын табигый түрдө жашап жатасыңар. Аалам жаратылгандан бери аялдар жашап келген өмүр салтын батыш аялдары дагы 1960-жылдарга чейин карманып келишкен. Ошол жылдардан кийин биз (америкалык аялдар) Голливуд кинолорунун чабуулуна, тукурууларына кабылдык. Мен силердин дагы башыңарга ошондой күндөрдүн келүүсүн каалабаймын. Анткени, анын натыйжасында биз сыяктуу кордуктарга дуушар болосуңар. Эгер биз сыяктуу ушундай тукуруулардын натыйжасында көп нерсесин жоготуп алгандардын кайгысын уксаңар балким силер бул балээден аман каласыңар….
Прочитайте большеТүн келбей турчу күн
Даанышман заттар айтышат: Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан. Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын. Олуя заттан бири шакирттери менен…
Прочитайте большеАдамдарды кубантуу
Суроо: Бир мусулманга жасалуучу жакшылыктардын ичинен Аллах даргейинде эң баалуу нерсе эмне? ЖООП: Аллах даргейинде мусулманга жасалуучу эң баалуу нерсе – жакшылык кылып мусулманды кубантуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: «Парздардан кийинки эң баалуу амал – бир мусулманды кубантуу». (Табарани) «Аллах даргейинде эң баалуу амал – мусулмандын карызын төлөө же кыйынчылыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Табарани) «Эң баалуу амал – бир мусулмандын кемчилигин жашыруу, курсагын тойгузуу же бир муктаждыгына көмөктөшүү аркылуу аны кубантуу». (Исфахани) «Бир…
Прочитайте большеТообо истигфар кантип кылынат?
Суроо: Тообо истигфар деген эмне, ал кантип кылынат? Жооп Истигфар кылуу “астагфируллах” деп айтуу болуп саналат. Тообо бул – харам болгон бир ишти кылгандан кийин катуу өкүнүп, Аллаху тааладан коркуу, кайра ал харам ишти кылбоого ниеттенүү, чечим чыгаруу. Хадиси шарифтерде айтылды: “Тообо күнөөдөн кийин кайра ал күнөөнү кылбоо дегенди билдирет.” [И. Ахмед] Күнөөдөн кийин дароо тообо кылуу – фарз. Тообону кечиктирүү да чоң күнөө. Ошондуктан, ага да айрыкча тообо кылуу керек. Курани каримде мындай деп билдирилди: “Аллахка тообо кылгыла!” [Нур…
Прочитайте большеИслам Ынкылабынын лидеринин Бүткүл дүйнөлүк “Аль-Кудс” күнүнө карата сүйлөгөн сөзү
“Ырайымдуу Алланын аты менен! Ааламдардын Раббиси Аллахка чексиз мактоолор болсун! Азиретибиз Мухаммедге – пайгамбарлардын мөөрү жана жаратуулардын эң даңктуусу, эң таза үй-бүлөсүнө, тандап алынган сахабаларына жана аларды акыйкат иштери менен ээрчип келген адамдарга Кыямат күнгө чейин салам жолдойбуз!” Палестина – Ислам дүйнөсүнүн эң маанилүү маселеси Палестина маселеси Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жана тирүү, жалпынын маселеси бойдон калууда. Эзүүчү жана аёосуз капиталисттик системанын саясаты бүтүндөй бир элди өз үйүнөн, өз мекенинен жана ата-бабалары жашаган жерлерден ажыратып,…
Прочитайте большеКадыр түн кантип тосулат?
Кадыр түн бул – Ыйык Рамазан айы ичиндеги касиеттүү түн. Кыргызстанда быйылкы Кадыр түн 8нен 9-майга караган түнү белгиленет. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түн мусулмандар үммөтүнө тийиштүү. Башка диндегилерге мындай берекелүү түн берилген эмес. Хадисте: “Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, – деп Аллах Таала пайгамбарына айтты. (И.Малик) Кадыр түнү Кудайга ибадат кылуу менен өткөрүү башка күндөрдөн жана түндөрдөн да сообу артыгыраак, Куран Карим: “Кадыр түнү миң айдан…
Прочитайте большеМусулмандык – ынтымак дини
Кылымдар бою ишенимдери, улуттары ар түрдүү болгон калктар мусулман өлкөлөрүндө эч кандай кысым көрбөй эркин өмүр сүрүшкөн. Жада калса, өзгө өлкөлөрдө кысым көргөн башка ишенимдегилер мусулмандардан башпаанек издеп келген учурлар көп болгон. Анткени, мусулман маданиятында конокжандуулук, башпаанек сурап келгендерге камкор болуу, аны душмандардан коргоо, конокко кызмат кылуу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен колуна курал алып, кезек менен түнү бою үйдүн тегерегин күзөтүп, коногун коргогондор көп болгон. 8 кылымдай мусулмандардын бийлигинде болгон Андалусия эли христиандар тарабынан басып…
Прочитайте больше