Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Баку шаарында Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кеңири баарлашуу болуп, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары арттыруунун келечеги талкууланды. Кыргыз делегациясы менен саламдашып жатып, Ильхам Алиев Садыр Жапаровго алдыда боло турган БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын Саммитине катышууга чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Азербайжандын президенти белгилегендей, эки тараптуу…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Минскте Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

Садыр Жапаров Минскте Александр Лукашенко менен жолукту. Видео

Президент Садыр Жапаров кечээ, 22-ноябрда, Минск шаарында Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты. Жапаров менен Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Минск шаарына иш сапары менен кечээ, 22-ноябрдабарган. Аны Минск Улуттук аэропортунан Беларустун…

Прочитайте больше

Рахмон менен Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгы

Рахмон менен Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгы

Тажикстан менен Россиянын президенттеринин Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайы белгилүү болду. Биринчи күн Рахмонго орден тапшыруу аземи менен аяктады. Тажикстандын президенти менен россиялык кесиптеши Владимир Путиндин Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү жемиштүү аяктаганын Sputnik Тажикстан жазды. Путин Тажикстанда орус тилинин өнүгүшү үчүн Рахмонго ыраазычылык билдирип, республикада ачылган орус тилдүү мектептерге окуу китептерин сатып алууга жыл сайын 200 миллион рубль бөлөөрүн билдирди.андан сырткары, Путин 2024-2025-жылдары Тажикстандан келген студенттердин окуусуна квотаны 900дөн миңге чейин көбөйтүү чечимин жарыялады. «Биздин гуманитардык байланыштарыбыз…

Прочитайте больше

Палестина-Израиль согушу башталгандан бери кеминде 53 журналист каза болду

Палестина-Израиль согушу башталгандан бери кеминде 53 журналист каза болду

Палестина-Израиль кагылышуусу курчугандан бери каза болгон журналисттер менен медиа кызматкерлеринин саны кеминде 53кө жеткенин Журналисттерди коргоо комитети билдирди. «21-ноябрга карата Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсү 7-октябрдагы палестина-израилдик жаңжалдан бери каза болгондордун арасында кеминде 53 журналист жана медиа кызматкери бар экенин аныктады», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Буга чейин “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык бейөкмөт уюмунун башкы катчысы Кристоф Делуар Палестина-Израиль согушу тууралуу комментарий берип жатып, кыска убакыттын ичинде мынчалык көп журналист өлтүрүлгөнүн буга чейин көрбөгөнүн…

Прочитайте больше

ЖМК: Израиль 300 палестиналыкты бошотот, алардын 290у өспүрүмдөр жана балдар

ЖМК: Израиль 300 палестиналыкты бошотот, алардын 290у өспүрүмдөр жана балдар

Израиль бошото турган талапкерлердин тизмесинде 300 палестиналыктын дээрлик 290у 18 жаштан кичүү жаштар, калгандары аялдар, деп билдирет Times of Israel. «Абактан бошотулушу пландалган 300 туткундун 287си 18 жаштагы жана андан кичүү эркек балдар. Алардын көбү Батыш жээкте же Чыгыш Иерусалимде башаламандык жана таш ыргытуу боюнча соттолгон. Калган 13 туткун чоң аялдар», — деп жазат басылма. i24 телеканалынын маалыматы боюнча, туткундан бошотула тургандардын эң жашы 14 жашта. Буга чейин Израилдин юстиция министрлиги Газа тилкесиндеги барымтадагы израилдиктерди…

Прочитайте больше

Хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармаганын билдирди

Хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармаганын билдирди

Йемендик «Ансар Аллах» кыймылынын өкүлү Яхья Сариа хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармап, Йемендин жээгине сүйрөп барып токтотушканын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, кеменин экипажы кармалган. «Йемендин куралдуу күчтөрү Кызыл деңизде аскердик операция жүргүзүп, натыйжада израилдик кеме колго түшүрүлдү. Ал Йемендин жээгине алып келинди. Йемендин куралдуу күчтөрү кеменин экипажына биздин ислам динибиздин окууларына жана баалуулуктарына ылайык мамиле кылууда», — деп айтылат кыймылдын өкүлүнүн Telegram-каналындагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө. Буга чейин «Al Hadath» телеканалы булактарына таянып, хуситтер Аден булуңунун…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери ислам өлкөлөрүн Израиль менен мамилелерди үзүүгө чакырды

Ирандын Жогорку лидери ислам өлкөлөрүн Израиль менен мамилелерди үзүүгө чакырды

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи жекшемби күнү мусулман өлкөлөрүн Израиль менен мамилесин биротоло үзүүгө, атап айтканда, Тель-Авивге азык-түлүк жана электр энергия жеткирүүнү токтотууга чакырды. «Кээ бир ислам өлкөлөрү Израилдин кылмыштарын ачык эле айыпташты, кээ бирлеринин муну жасай электиги кабыл алынгыс нерсе. Учурдагы негизги маселе — Израилдин эң маанилүү артериясын бууп, кээ бир ислам өлкөлөрүнүн аркасы менен энергия жана азык-түлүк алуусуна жол бербөө керек. Мусулман мамлекеттери Израиль менен саясий мамилелерин жок дегенде белгилүү бир убакытка…

Прочитайте больше

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда “Палестина үчүн бир жүрөк” деген темада саммит өткөрдү. Ага мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү катышканын Anadolu агенттиги жазды. Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышкандардын арасында Өзбекстан, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Палестина, Бразилиянын биринчи айымдары Зироатхон Мирзиёева, Ребекка Султана, Сабина Комсич, Амина Аббас, Розанжела да Силва жана Малайзиянын ханышасы Тунку Азиза, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Пакистандын…

Прочитайте больше

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Батыш өлкөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жарып, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты үзө албайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. «Батыш өлкөлөрү Россия менен Борбор Азия мамлекеттерин бөлүп-жарууга ар тараптан аракет кылып жатат», — деди Матвиенко. «Бирок ушул убакка чейин муну ишке ашыруу мүмкүн болгон жок жана андан майнап чыкпайт деп толук ишенем, биздин жалпы тарыхыбызды, жалпы жеңиштерибизди…

Прочитайте больше

Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атады

Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди “террордук мамлекет”, ал эми ХАМАС кыймылын Газа тилкесиндеги мыйзамдуу саясий күч деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. «Израиль мамлекеттик терроризм менен алектенет. Мен муну ачык айтып жатам — Израил террордук мамлекет. Силер ХАМАСты террордук уюм деп атап жатасыңар, бирок ХАМАС шайлоодо жеңген саясий партия», — деди ал», деди түрк лидери. Эрдоган Түркия “дүйнө Израилди террордук мамлекет катары таанып, билүүсү үчүн аракетин улантат” деп кошумчалады. Түрк лидери Анкара БУУнун…

Прочитайте больше

Аалымдар Кеңеши: Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт

Аалымдар Кеңеши: Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт

Кыргызстанда коомдук жайларда бетти жапкан кийим кийгендиги жана көлөмдүү сакал койгондугу үчүн айып салуу сунушталууда. Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши билдирүү жасады. Аалымдар Кеңешинин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз: Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же…

Прочитайте больше

Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

15-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестина Мамлекетинин Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев Газа тилкесиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөөрүн белгиледи. Министр Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну жактай тургандыгын, ошондой эле палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз палестина мамлекетин түзүү боюнча мыйзамдуу ажырагыс укуктарын колдоого толугу менен берилгендигин баса белгиледи. Өз кезегинде Элчи…

Прочитайте больше

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегацияларынын келиши уланууда. Сүрөт

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегацияларынын келиши уланууда. Сүрөт

16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот. КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган…

Прочитайте больше

Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад палестиналыктардын башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоо көрсөткөн Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылык билдирди. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи. “Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди….

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

 Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу «ИЛИМ КЕНИ» илимий изилдөө каналына Палестина-Израиль жаңжалы тууралуу маек курду.

Прочитайте больше
1 19 20 21 22 23 90