Украина Өзбекстандын “Фотон” компаниясына каршы санкция киргизди

Украина Өзбекстандын “Фотон” компаниясына каршы санкция киргизди

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Өзбекстандын “Фотон” компаниясына каршы санкция киргизди. Бул тууралуу украин президентинин кеңсеси кабарлады. Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Владимир Зеленский 7-декабрда кол койгон. Украинанын Коопсуздук кызматынын сунушу менен бул сапар 181 адамга жана 185 ишканага санкция киргизилди. Алардын арасында Өзбекстандагы “Фотон” электроника заводу жана анын 67 жаштагы жетекчиси Марифхожа Сайдумаров да бар. Тизмеге киргендердин активдери 10 жылга тоңдорулуп, ар кандай соода жана транзиттик операциялар блоктолот. “Фотон” заводу 1941-жылы Подмосковьеден эвакуацияланган…

Прочитайте больше

Эрдоган: Нетаньяхунун кетиши менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт

Эрдоган: Нетаньяхунун кетиши менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнойт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын администрациясы Газадагы геноцид үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен ТАСС жазды. «Мен мурда айткандай, Нетаньяху – киши өлтүргүч жана Газанын касапчысы. Аны Эл аралык Кылмыш Сотунда (Слободан – ред.) Милошевич сыяктуу жоопко тартыш керек», – деди ал. Эрдоган ошондой эле Анкара үч миңдей адвокаттын жардамы менен Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча сот процессин демилгелөөгө аракет кылып жатканын баса…

Прочитайте больше

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Биргелешкен долбоорлор жана Жакынкы Чыгыш: Путин менен Раиси эмне жөнүндө сүйлөштү?

Кремлде Россия менен Ирандын президенттери Владимир Путин менен Ибрахим Раисинин сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуунун негизги темалары – Палестинадагы кырдаал, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтык жана транспорт тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлор болду. Бул сүйлөшүүлөр орус лидеринин акыркы 48 саатта өткөргөн Жакынкы Чыгыш боюнча бир катар жолугушууларын жыйынтыктады. 6-декабрда Путин БАЭ жана Суад Аравияда болсо, 7-декабрд Раиси менен сүйлөшүүнүн алдында Омандын мураскор ханзаадасы, жаштар, маданият жана спорт министри Зиязин бин Хайтам Аль Саид менен кеңири баарлашкан.  Ирандын президенти Москвада…

Прочитайте больше

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды. Тышкы иштер министрлигинин маалумат кызматынана билдиришкендей, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды. Гуманитардык миссия мамлекет башчысы жана КР Министрлер Кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык ишке ашырылды. “Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке…

Прочитайте больше

АКШ Конгресси Украина жана Израилге жардам берүүгө бөгөт койду

АКШ Конгресси Украина жана Израилге жардам берүүгө бөгөт койду

АКШ Сенаты Украинага жардам берүүну караган мыйзам долбооруна бөгөт койду. Шаршембиде АКШнын Сенаты Украина менен Израилге аскердик жана Газа тилкесине гуманитардык жардам көрсөтүүнү караган мыйзам долбоорун алдыга жылдыруу аракетине бөгөт койду. Бардык республикачылар жана көз карандысыз сенатор Берни Сандерс Израилди колдогон мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Бул долбоор АКШнын Мексика менен чек ара коопсуздугун камсыздоону каржылоону көбөйтүү боюнча жоболорду да камтыйт. Бирок республикачылар Байдендин администрациясынан башпаанек берүү эрежелерин катаалдаштырууну талап кылып жатышат. Добуш берүүгө бир…

Прочитайте больше

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

Федерация кеңеши Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Палата тийиштүү токтомду бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын РИА Новости жазды. “Россия Федерациясынын президентин шайлоо күнү 2024-жылдын 17-мартына белгиленсин. Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет”, – деп айтылат документте. Палатанын спикери Валентина Матвиенко белгилегендей, бул чечим шайлоо өнөктүгүнүн башталышын билдирет. Ал алдыдагы шайлоолор Россиянын өнүгүү векторун аныктай турган эң маанилүү саясий окуя экенин баса белгиледи. Россиянын президенти Владимир Путин алдыдагы шайлоого катышабы же жокпу, азырынча белгисиз. Кремлдин…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Москвада Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн темаларынын бири Палестина маселелси болорун Ирандын президенти Ибрахим Раиси Россияга боло турган иш сапарынын алдында билдирди. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. “Бул сапардагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Палестина маселеси жана Газа тилкесин бомбалоону токтотуу, блокаданы алып салуу жана эзилген Палестина элине жардам көрсөтүү аракеттери», – деп билдирди ISNA агенттиги Раисинин сөзүн. Мындан тышкары, Путин менен Раиси “Түндүк-Түштүк” эл аралык транспорт коридорун түзүү маселесин талкуулашат. IRNA агенттиги мурда кабарлагандай, ирандык делегацияны…

Прочитайте больше

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Хосейн Амир Абдоллахиан санкцияларга каршы аракеттенүү боюнча документке кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Документ “Бир тараптуу мажбурлоо чараларынын терс кесепеттерине каршы туруу, жумшартуу жана компенсациялоонун жолдору жана каражаттары жөнүндө Россия менен Ирандын Декларациясы” деп аталат. Кол коюу Москвада болду. Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Россияга Каспий боюндагы беш өлкөнүн (Россия, Иран, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан) министрлеринин жыйынына, ошондой эле Лавров менен эки тараптуу…

Прочитайте больше

Газада Израиль менен ХАМАСтын согушунда 63 журналист каза болду

Газада Израиль менен ХАМАСтын согушунда 63 журналист каза болду

Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы жаңжал башталгандан бери 63 ЖМК кызматкери каза болду. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) билдирди. “4-декабрга карата 63 журналист жана медиа кызматкери мерт болгону тастыкталды: 56 палестиналык, төрт израилдик жана үч ливандык”, – деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө. Ошондой эле дагы 11 журналист жарадар болуп, үчөө дайынсыз жоголгон деп жарыяланып, 19у камакка алынган. 1-декабрдагы убактылуу элдешүүнүн мөөнөтү аяктап, Израиль Газадагы согуштук аракеттирди калыбына келтиргенде Газа тилкесинде төрт…

Прочитайте больше

Кубанын президенти 22 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Кубанын президенти 22 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель 22 жылдан бери биринчи жолу сапары менен Иранга келди. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, бул Куба лидеринин акыркы 22 жылда Иранга жасаган биринчи сапары болуп саналат. Буга чейин 2001-жылы Ислам республикасына Фидель Кастро келип кеткен. Диас-Канелди Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушту. Президенттердин жолугушуусу жана кол коюлган документтер Диас-Канелди алгач кесиптеши Ибрахим Раиси Тегеран шаарындагы “Саадабад” сарайында кабыл алды. Hаиси Куба президентинин 22 жылдан…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24,01 чакырымы такталды

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымын макулдашты. “Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө…

Прочитайте больше

WSJ: Израиль ХАМАСтын туннелдерин суу каптатуу үчүн Газага чоң насосторду орнотту

WSJ: Израиль ХАМАСтын туннелдерин суу каптатуу үчүн Газага чоң насосторду орнотту

Израиль палестиналык ХАМАС кыймылынын Газа тилкесинин астындагы туннел системаларын деңиз суусу менен каптата турган насосторду орнотту. Бул тууралуу атын атагысы келбеген америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен Wall Street Journal маалымдады. “Израиль Газа тилкесинин астындагы ХАМАСтын туннелдеринин эбегейсиз тармагын деңиз суусу менен каптатуу үчүн колдоно ала турган чоң насостордун системасын чогултту”, – деп айтылат макалада. Wall Street Journal гезитинин жазганына караганда, беш насостон турган система Газа тилкесинин түндүгүндөгү «Аль-Шати» качкындар лагеринин жанында орнотулган. Ал ХАМАСтын туннелдерин…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө балдар арасында пневмония көбөйдү

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө балдар арасында пневмония көбөйдү

Кытай, Дания, Франция жана Нидерланд балдар арасында Mycoplasma pneumoniae бактериясы чакырган пневмония оорусу көбөйгөнүн билдиришсе, АКШда оорунун күчөшү Огайо штатында катталганын CNN телеканалы билдирди. “Кытай, Дания, Франция жана Нидерландда балдары арасында Mycoplasma pneumoniae бактериясы чакырган пневмония оорусу көбөйгөнүн кабарлашты. Огайо штатынын бир округунда да ооругандардын саны өскөн”, – деп белгилейт телеканал. Огайо штатынын саламаттыкты сактоо өкүлдөрү Уоррен округунда балдар арасында пневмония менен ооругандардын саны адаттагыдан көп болуп жатканын жана августтан бери 142 учур катталганын билдиришкен. Телеканалдын…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

Президент С. Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты. 1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты. Климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келген делегация башчыларын БАЭ Президенти шейх Мухаммед…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: “Унчукпай коюу – кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет”

ЮНИСЕФ: “Унчукпай коюу – кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет”

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Жеймс Элдер билдирүү бөлүштү. Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер: «Газанын түштүгүндөгү кол салуулар түндүктөгү кол салуулардай катуу. “Балдарга карата согушту” токтото аларыбызга ишенишибиз керек. Унчукпай коюу – кылмышка шериктеш болуу дегенди билдирет» деп айткан Жеймс X социалдык медиа платформасынан, Израилдин катуу чабуулдарынан жапа чеккен Газадагы абал тууралуу билдирүү бөлүштү. Аймактагы балдардын жана аялдардын абалынын оорлоп баратканын кабарлаган Элдер: «Газанын түштүгүндөгү кол салуулар түндүктөгү кол салуулардай катуу….

Прочитайте больше
1 20 21 22 23 24 93