Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди. «Мурунку колонизаторлор эмне кылышчу эле? Мага жакында эле сүрөттөрдү көрсөтүштү — 1957-жылы эле Африкадан Европа өлкөлөрүнө, ошол эле Бельгияга адамдарды капаска салып ташышкан экен. Көз жашсыз көрүү мүмкүн эмес. Ушундай кантип болсун. Муну Африкада эч ким унутпайт», — деди ал. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү эми дагы Африкада неоколониалдык саясатын жүргүзүүгө аракет кылышууда. «Африканын бардык өлкөлөрүн…

Прочитайте больше

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды, деп билдирди өлкөнүн чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хаммад. Анын айтымында, миңдеген адамдар дайынсыз болууда. Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, турак жайлардын бир бөлүгүн толугу менен суу каптады.

Прочитайте больше

Курмандыктар 800дөн ашты. Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Марокконун Королуна көңүл айтты

Курмандыктар 800дөн ашты. Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Марокконун Королуна көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты. Мароккодо күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны 820га жетип, 672 киши жаракат алды. “Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, — деп…

Прочитайте больше

Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Израилдин Болгариядагы элчиси: Путин Украинадагы согушта жок кылынат. Босниялык Klix кабар сайтынын кабарына караганда Израилдин Болгариядагы элчиси Йосси Леви Сафари Израилдин темир куполу менен коргонуу жана ракеталык күчү Украина менен Европаны коргоп жатканын, Израилдин куралдары Европа базарында барган сайын популярдуу болуп жатканын айтты.  Орусиянын Украинага кол салуусунун башында Израил аздыр-көптүр нейтралдуу позицияга ээ болсо да, акыркы бир нече ай ичинде барган сайын Европа менен Украинанын эң чоң колдоочусу жана коргоочусу болуп баратат. Израилдин расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди. «Бүгүн Коргоо министрлиги Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын колдоо үчүн аскердик жардам пакетин жарыялайт»,- деди ал брифингде. Анын айтымында, пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар. 6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага сапары менен барды. Бир катар ЖМКлар АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн, тактап айтканда Украинага 1 миллиард доллар бөлөрүн маалымдашкан….

Прочитайте больше

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралды

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралды

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын калыптанган салттарын сактоонун маанилүүлүгүн жана Ирандын ШКУга толук кандуу мүчөлүгүн алуусун эске алуу менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти. Ошондой эле жолугушууда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси козголуп,…

Прочитайте больше

БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылды

БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылды

БРИКСтин келечектеги бирдиктүү валютасы боло турган 100 брикс номиналындагы банкнотту Россиянын Түштүк Африкадагы элчиси Илья Рогачев БАЭнин элчиси Махш Саид Аль-Хамелиге тапшырды. Бул тууралуу Ирандын «IRNA» маалымат агенттиги жазды. Бул символикалуу иш-чара Жакынкы Чыгыш мамлекетинин БРИКСке киришине байланыштуу Преторияда (Түштүк Африка) болгон жолугушууда болду. Жаңы банкноттун бир тарабында БРИКСти негиздеген өлкөлөрдүн – Бразилиянын, Россиянын, Индиянын, Кытайдын жана Түштүк Африканын желектери, символдору жана аттары жазылган. Экинчи тарабында бул биримдикке кирүүгө ниеттенип жаткан мамлекеттердин символдору, анын ичинде…

Прочитайте больше

Зеленский АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушту

Зеленский АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукканын айтты. «Мамлекеттик катчы Блинкен менен сүйлөшүү… Биз америкалык өнөктөштөрүбүздүн сапарларын ар дайым жогору баалайбыз», — деп жазды Зеленский Telegram-каналында. Зеленский ошондой эле жолугушуусунун видеосунун фрагментин да жарыялады. Ал Блинкенге сапары жана колдоосу, бюджеттик тармакка көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Украина башынан өткөрө турган кыш мезгилин белгиледи. Блинкен өз кезегинде Киевге АКШ президенти Жо Байдендин өтүнүчү менен келгенин айтып,…

Прочитайте больше

Россияда токойду өрттөгөн өзбек мигранттары $61 миң төлөйт

Россияда токойду өрттөгөн өзбек мигранттары $61 миң төлөйт

Россиянын Магадан шаарындагы сот өзбекстандык эки мигрантты «этиятсыздыктан токойго өрт коюуга» күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратурадан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июнь айында эки өзбек мигранты «Старая Веселая» айылындагы короодо от жагып, шамалдан улам ал жакын жердеги токойго өткөн. Өз кезегинде бул Магадан шаарында өзгөчө абал режимин жарыялоого себеп болгон. Өрттөн улам 60 гектар аянт токой өрттөнүп, 1,8 миллион рубль (18 миң доллар) өлчөмүндө зыян келтирилген. Сотто Өзбекстандын эки жараны тең күнөөлөрүн мойундарына…

Прочитайте больше

Путин менен Эрдоган жолугушту. Видео

Путин менен Эрдоган жолугушту. Видео

Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү аяктады. Сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулуп, анда эң күтүлгөн темаларынын бири дан келишиминин келечеги болду.https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=514&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F630972408863292%2F&show_text=false&width=560&t=0Жолугушууну ачкан Путин, лидерлер Украина кризисине байланыштуу маселелер да карала турганын айтып, Россия дан келишими боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи. Ал ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр энергетикалык кырдаалды туруктуу кылуу үчүн Түркияда газ хабын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталат деген ишенимин билдирди.Өз кезегинде Эрдоган Путин менен «дан келишими» боюнча сүйлөшүүлөр…

Прочитайте больше

Евгений Пригожиндин сөөгү жашыруун жана шаан-шөкөтсүз жерге берилди

Евгений Пригожиндин сөөгү жашыруун жана шаан-шөкөтсүз жерге берилди

«Вагнер» аскердик менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин сөөгү 29-августта Санкт-Петербургдун Порохов көрүстөнүн коюлду. Бул тууралуу ишкердин маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, маркум менен коштошуу жабык өттү. Көрүстөндүн администрациясы MSK1 Телеграм-каналына билдиришкендей, ишкерди Москва убактысы менен саат 16да жерге беришти. «РИА Новости» агенттигинин булактары коштошууну жабык өткөрүүнү Пригожиндин туугандары каалаганын айтышты. Зыйнатка маркумдун үй-бүлөсүнөн тышкары жакын достору гана катышты. «Вагнердин» негиздөөчүсү жана дагы 9 киши отурган учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн. Москванын Украинадагы согушуна жалданма…

Прочитайте больше

«Тик-Ток» аркылуу Өзбекстандын жараны Кыргызстан тууралуу терс маалымат айткан

«Тик-Ток» аркылуу Өзбекстандын жараны Кыргызстан тууралуу терс маалымат айткан

Учурда видео кайрылуу Кыргызстандын, Өзбекстандын жана РФнын ички иштер министрликтеринде катталып, тергөө иликтөө иштери башталды, аталган фактыга юридикалык баа берилет. Бул тууралуу  ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 24-августунда интернет булактарын мониторинг жүргүзүү учурунда “Тик Ток” кыска видеолор сервисинде “kumushalaiscag” аттуу колдонуучу видеоматериал жарыялап, анда белгисиз улуттагы жаран өзбек тилинде кыргыз элинин ар намысына доо келтирген видеокайрылуу жасаган. Бул видео социалдык тармактарда талкуу жараткан. Аталган видео боюнча белгисиз аял Өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык акциясына чакырып,…

Прочитайте больше

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алынып келинди

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алынып келинди

Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл» иш-чарасы өткөрүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди.

Прочитайте больше

Муфтияттын жаңы баш кеңсеси ачылды. Сүрөт

Муфтияттын жаңы баш кеңсеси ачылды. Сүрөт

Бүгүн, 27-август күнү Бишкек шаарында КМБДнын (Муфтият) жаңы курулган баш кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, ЖК депутаттары, КР ДИМК төрагасы Тойгонбай Абдыкаров, Муфтий Замир кары Ракиев баштаган муфтият аппараты, казылар, райондордун баш имам-хатибдери, ДОЖ мүдүрлөрү, «Исмаил Матраимов» атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчилиги, мекеме-ишкана директорлору, дин аалымдары, диний ишмерлер, ар кайсы фонд өкүлдөрү жана шаардыктар катышты.

Прочитайте больше

Өзбекстандын жаш окумуштуулары Иранда окуудан өтүшөт

Өзбекстандын жаш окумуштуулары Иранда окуудан өтүшөт

Өзбекстандык жети жаш окумуштуу Ирандагы Айыл чарба изилдөө жана билим берүү уюмунун (AREEO) окуу жана иликтөө борборлорунда окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги билдиргенин өзбек ЖМКлары жазды. Окуудан өткөрүү программаларын уюштуруу боюнча келишимге Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновация министринин орун басары Сарвархан Бузрукханов менен Ирандын Айыл чарба министринин орун басары – AREEOнун жетекчиси Мохтаба Хайям Некойдун жолугушуусунда кол коюлду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу боюнча да пикир…

Прочитайте больше
1 27 28 29 30 31 88