Эрдоган: Украинадагы жаңжал узакка созулат

Эрдоган: Украинадагы жаңжал узакка созулат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган америкалык PBS телеканалына берген маегинде Украинадагы жаңжал узакка созулат деп эсептей турганын билдирди. «Эгер ачык жана так айта турган болсок, бул согуш узакка созулаары жана жакында бүтпөй турганы айкын» деген Эрдоган. Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин «жаңжалдын эртерээк аякташын жактайт». «Путин мырза да согуштун эртерээк аякташын жактайт. Мен муну анын сөзүнөн гана айтып жатам, Путин бул согуштун мүмкүн болушунча тез бүтүшүн каалайт. Бул анын айткандары жана мен анын сөздөрүнө…

Прочитайте больше

С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

С. Жапаров: БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат

«БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилген», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинде сүйлөп жатып, белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Күн тартиби-2030” — бүгүнкү жана келечек муундар үчүн тынч, дени сак жана коопсуз жашоонун эң мыкты жол картасы, деп белгиледи. “БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөбүздүн…

Прочитайте больше

Иран менен АКШ Катарда туткундарды алмашты

Иран менен АКШ Катарда туткундарды алмашты

Иран менен АКШ Катардын ортомчулугу менен эки жылга созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Доха шаарында бештен туткун алмашты. Бул тууралуу ирандык ISNA агенттиги жазды. Иран менен АКШ Катардын ортомчулугу менен кош жарандыгы бар беш америкалык туткунду АКШда кармалган ирандыктардын ордуна бошотууну макулдашкан. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаанинин айтымында, ирандык эки туткун Иранга кайтып келди, дагы экөө мурдатан Америкада жашагандыктан АКШда калат, бешинчи туткун үй-бүлөсүнүн жанына башка мамлекетке барат. Келишимдин алкагында Тегеран АКШ тарабынан Түштүк Кореяда…

Прочитайте больше

Автобустун артынан чуркаган күйөрмандар. Роналду Иранга келди. Видео

Автобустун артынан чуркаган күйөрмандар. Роналду Иранга келди. Видео

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду командасы менен Иранга Азия чемпиондор лигасынын тайпалык турнирине катышуу үчүн келген. «Ал-Наср» бүгүн, 19-сентябрда жергиликтүү «Персеполис» клубу менен беттешет. Оюн Москва убактысы боюнча 21.00дө башталат. Аэропорттон 38 жаштагы португалиялык футболчуну ирандык «Персеполис» клубунун өкүлдөрү тосуп алып, ага перс килемин белекке беришти. Роналдунун көптөгөн күйөрмандары «Аль-Насрды» Тегеран аэропортунан тосуп алышып, андан соң кумирин көрүү үчүн ал түшкөн автобустун артынан чуркашкан. Кийинчерээк футболчунун күйөрмандары ал жайгашкан мейманканага чейин барышкан.Видеоплеер Турнирдин алкагында “Аль-Наср”…

Прочитайте больше

Тажикстан: Ооганстандан маңзат ташуу көбөйдү

Тажикстан: Ооганстандан маңзат ташуу көбөйдү

Тажикстан Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери баңги аткезчилиги кыйла көбөйгөнүн билдирди. Былтыр талибдер Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салып, эрежени бузгандар шарият мыйзамдары менен жазаланарын эскерткен. Бирок БУУнун маалыматына ылайык, андан бери өлкөдө апийим аянттары 32% көбөйүп, 233 миң гектарды түздү. Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Мир Саид Али Хамадони районунун акимчилиги коңшу өлкөдөн баңгизатын алып өтүү аракети эки жолу токтотулганын билдирди. «Чек арачылар менен болгон атышууда аткезчилик менен алектенген Ооганстандын бир жараны жок кылынды. Аткезчилердин…

Прочитайте больше

Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатабы?

Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатабы?

Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кутумчулар тобу бийликти күч менен алмаштыруу үчүн баш аламандык уюштурууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Грузиянын аймагында жана анын чегинен тышкаркы адамдардын тобу дестабилдештирүү жана жарандык баш аламандык уюштурууну пландаштырууда, анын түпкү максаты — бийликти күч менен алмаштыруу. Деструктивдүү аракеттерди баштоо мөөнөтү октябрь-декабрь айлары деп айтылган», — деп айтылат Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө. Ведомство «кутумдун» уюштуруучулары деп Георгий Лорткипанидзе (Михаил Саакашвилинин тушунда Ички иштер министрлигинин башчысынын…

Прочитайте больше

Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп Ооганстанга элчисин жөнөттү

Кытай дүйнөдө биринчилерден болуп Ооганстанга элчисин жөнөттү

Кытай Ооганстанда бийликке «Талибан» кыймылы келгенден бери бул өлкөгө расмий түрдө жаңы элчи дайындаган биринчи мамлекет болуп калды. Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син «Талибан» өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахундга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу талиптердин өкүлүнүн орун басары Билал Карими билдирди. «Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммад Хасан Ахунд салтанаттуу аземде Кытайдын Ооганстандагы жаңы элчиси Чжао Син мырзанын ишеним грамотасын кабыл алды. Аземге тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки дагы катышты»,…

Прочитайте больше

Ташкентте сакалга жана хижабга каршы рейддер күчөдү

Ташкентте сакалга жана хижабга каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады. Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот. «Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?», – деген «Озодлик» радиосуна видео жөнөткөн студент. Акыркы кездери…

Прочитайте больше

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

Америка бийлиги Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити тууралуу маалымат берди Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат. «Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай…

Прочитайте больше

Батыш Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгынан кооптонууда

Батыш Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгынан кооптонууда

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу дүйнөдөгү ЖМКлардын көңүлүн буруп, ал тууралуу маалыматтар дүйнөнүн эң ири маалымат каражаттарында жарыяланды. Чет элдик басылмалардын авторлору КЭДРдин башчысы Россияга кандай максатта келгенин жана Москва менен Пхеньяндын жакындашуусуна Вашингтон кандай роль ойногонун талкуулашууда. Бул тууралуу lenta.ru агенттиги жазды. AP: Ким Чен Ынга россиялык аскердик технологиялар керек Эл аралык «Associated Press» (AP) агенттиги Пхеньян Москвадан эмнени каалап жатканы тууралуу материал жарыялады. Анын авторлору Ким…

Прочитайте больше

Жапаров менен Рахмон Душанбеде чек ара маселесин талкуулашты

Жапаров менен Рахмон Душанбеде чек ара маселесин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы Бешинчи Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун…

Прочитайте больше

Борбор Азия президенттери Душанбеге чогулду. Сүрөт

Борбор Азия президенттери Душанбеге чогулду. Сүрөт

  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов иш сапарлары менен Душанбеге келишти.Мамлекет башчыларын  аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода өзүнчө тосуп алды. Президенттер Душанбеге Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн барышты.Саммиттин тарыхында биринчи жолу ардактуу конок катары Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышат. Душанбеге келген жогорку даражалуу конокту Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Мындан тышкары, ардактуу конок катары катышууга Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы, экс-президент…

Прочитайте больше

Ким Чен Ын Россияга брондолгон поезд менен келди. Сүрөт

Ким Чен Ын Россияга брондолгон поезд менен келди. Сүрөт

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түшкөн брондолгон поезд Приморье крайына келгенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.15те (Москва убактысы боюнча 5.15) жашыл вагондору жана сары тилкелери бар брондолгон поезд Раздольная дарыясындагы көпүрөнү кесип өтүп, түндүктү көздөй багыт алдган. Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы им Чен Ын Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен жакынкы күндөрү РФке расмий сапары менен келерин билдирген. Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги агенттиги шейшемби күнү эртең менен Ким…

Прочитайте больше

Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

Путин: Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт

Батыш өлкөлөрү адамдарды капаска салып ташыганын Африкада эч ким унутпайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди. «Мурунку колонизаторлор эмне кылышчу эле? Мага жакында эле сүрөттөрдү көрсөтүштү — 1957-жылы эле Африкадан Европа өлкөлөрүнө, ошол эле Бельгияга адамдарды капаска салып ташышкан экен. Көз жашсыз көрүү мүмкүн эмес. Ушундай кантип болсун. Муну Африкада эч ким унутпайт», — деди ал. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү эми дагы Африкада неоколониалдык саясатын жүргүзүүгө аракет кылышууда. «Африканын бардык өлкөлөрүн…

Прочитайте больше

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды, деп билдирди өлкөнүн чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хаммад. Анын айтымында, миңдеген адамдар дайынсыз болууда. Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, турак жайлардын бир бөлүгүн толугу менен суу каптады.

Прочитайте больше
1 28 29 30 31 32 89