Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды

 Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйүнүн кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 29-декабрында Баку шаарындагы «Бабек Плаза» бизнес-борборунда Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйүнүн кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бизнес-борборунда кыргыз боз үйүнүн формасындагы шоу-рум азербайжандык ишкерлердин жана жарандардын назарына тартууланып, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар: тамак-аш, тиричилик буюмдары, сувенирлер, ошондой эле биздин өлкөнүн инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу брошюралар жана буклеттер коюлган.

Элчи Кайрат Осмоналиев, Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча «AZPROMO» агенттигинин аткаруучу директору – Юсиф Абдуллаев, Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин Башкармалыгынын төрагасы Орхан Маммадов, Азербайжан Республикасы-Кыргыз Республикасы достук тобу парламенттик башкармалыгынын башчысы, Милли Межлистин Эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Муса Гулиев, ошондой эле Кыргызстандын Азербайжандагы соода үйүнүн негиздөөчүсү Зафар Мамедов саламдашуу жана куттуктоо сөздөрүн айтышты. Коноктордун арасында дипломатиялык корпустун, Азербайжандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү болушту.

Элчи К. Осмоналиев бул аянтча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө көпүрө экендигин белгилеп, ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Комментарий жиберүү