Нетаньяхунун кабинетине нааразылык иретинде Париждеги сионисттик режимдин элчисинин кызматтан кетиши

Сионисттик режимдин Париждеги элчиси бул режимдин премьер-министр “Бенямин Нетаньяхунун” тушундагы жаңы кабинетинин ашкерелигине токтолуп, кызматтан кеткенин жарыялады.

Аль-Алам – оккупацияланган Палестина Сионисттик режимдин Франциядагы элчиси Йел Жермен бүгүн кызматтан кеткенин жарыялады жана буга Нетаньяху башында турган бул режимдин жаңы кабинетинин түзүлүшү себеп болду.

 Твиттердеги баракчасында ал Нетаньяхуга мындай деп жазды: «Тилекке каршы, сиз түзгөн министрлер кабинети ашкере саясат жана билдирүүлөргө ээ болгон партиялардын өкүлдөрүнөн турат.

Ал кошумчалагандай: «Менин оюмча, мунун баары Израилге коркунуч туудурат жана сиздин министрлер кабинетиңиздин саясаты жана билдирүүлөрү менин абийириме жана Израил тууралуу пикириме карама-каршы келет жана мындай кырдаалда мен эч качан өз миссиямды уланта албайм.

Мен Израилдин Франциядагы элчиси катары кызматтан кеткенимди жарыялайм.

“Rai Elyoum” гезитинин жазганына караганда, ушул учурга чейин Нетаньяху сионисттик режимдин Франциядагы элчисинин кызматтан кетишине эч кандай реакция кылган эмес.

Бир тараптан Нетаньяху сионисттик режимдин Кнессетинин (парламентинин) өкүлдөрүнүн ишеним добушун алуу менен 2009-жылдан бери өзүнүн алтынчы кабинетин түзө алды.

 Нетаньяху сионисттик режимдин тарыхындагы эң радикал кабинетти түзгөнү айтылат.

 Анын Кнессетте сүйлөп жаткан маалында парламенттин ички жана тышкы шарттары чыңалып, сыртта ага каршы жүздөгөн адамдар чогулган.

Комментарий жиберүү