Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн АКШны жоопко тартат

 Иран бийлиги 2020-жылдын январында генерал Касем Сулейманиге болгон кол салууну террордук акт катары баалап, анын аткарылышы үчүн АКШ бийлигин жоопко тартууну көздөйт.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Насер Канани Сулейманинин АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнүн үч жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Жалган шылтоолор жана билдирүүлөр менен, анын ичинде терроризмге каршы күрөшкө жамынынган АКШ бийлиги үчүнчү өлкөнүн аймагында расмий иш менен жүргөн Ирандын жогорку даражалуу аткаминерлеринин бирине террордук чабуулду пландаштырып, ишке ашырган”, – деп билдирди ирандык дипломат.

Анын айтымында, укуктук жана эл аралык стандарттардын негизинде, АКШ режими бул кылмыш үчүн “белгилүү эл аралык жоопкерчиликти” тартат. Бул контекстте террордук кылмыш жасаган бардык катышуучулар, аткаруучулар жана алардын шериктештери жоопкерчилик тартышат.

“Шейит болгон Сулеймани өз өмүрүн Иран элине, Исламга, аймактык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка ишенимдүү кызмат кылууга арнаган. Ал Иран Ислам Республикасынын аймактык жана глобалдык тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо стратегиясында көрүнүктүү роль ойноду. Ал эл аралык терроризмге жана аймактагы террордук топторго каршы натыйжалуу чараларды көргөн”, – деп эске салды Канани.

Канани белгилегендей, генералга кол салуудан көп өтпөй өлкөдө Сулейманинин өлүмү боюнча иштин укуктук жана эл аралык кесепеттери боюнча атайын комитет түзүлгөн. Комитет иликтөө иштерин жүргүзүп, иштин укуктук аспектилерин изилдеп, маселени ички, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык деңгээлде көтөрөт.

“Комитет өзүнүн максаттары толук ишке ашмайынча жана АКШ өкмөтү эл аралык жоопкерчиликке тартылмайынча бардык аракеттерди олуттуу жасайт”, – деп кошумчалады Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.

Эске салсак, Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны менен кошо анын бир нече офицери жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.

Тегеран буга жооп иретинде 7-январдан 8-январга караган түнү Ирактагы америкалык базаларга ондогон ракеталарды аткан. Жүргүзүлгөн операция “Шейит Сулеймани” деп аталган. Пентагон Сулейманини өлтүрүү буйругун президент Дональд Трамп жеке өзү бергенин билдирген.

Комментарий жиберүү