Иран менен Ирак Сулейманинин өлтүрүлүшүн бирге иликтейт

 Ирандын Тышкы иштер министрлигинде генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүн иликтөө үчүн Ислам республикасынын сакчылар корпусу, “Кудс” күчтөрү, сот бийлиги жана башка бир катар түзүмдөрдүн катышуусунда атайын комиссия түзүлгөн.

Бул тууралуу Ирандын ТИМ башчысы Хоссейн Амирабдоллахиан Сулейманини эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. 

“Тышкы иштер министрлиги генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн сот ишин олуттуу түрдө жүргүзүүдө. Дипломатиялык жол менен чараларды тездетип, кээ бир аракеттер АКШнын кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын Тегерандагы элчилиги аркылуу да жүргүзүлүп, алар аркылуу америкалык тарап Ирандын юридикалык аракеттеринин бир бөлүгү тууралуу жана ТИМ бул кылмышка катыштыгы барлардын баарын жоопко тартуу үчүн бардык аракеттерди жасай турганынан кабардар болгон”, – деп баса белгиледи Амирабдоллахиан.

Анын айтымында, азыркы тапка чейин Ирандын сот бийлиги менен ирак тараптын ортосунда бул иш боюнча деталдуу жана техникалык сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасы болуп өттү, төртүнчү айлампасы келерки аптада Тегеранда өтөт.

Ал бардык биргелешкен документтер соттук жана эл аралык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө сунушталарын жана алардын ичинде Ирак бийлиги Сулеймани өлтүрүлгөн күнү ал Иракта расмий сапар менен жүргөнүн расмий ырастаган документ да бар экенин белгиледи.

Эске салсак, Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны менен кошо анын бир нече офицери жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.

Генералдын өлтүрүлүшүнүн үч жылдыгына байланыштуу Иран жана Иракта ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Ирандын бир катар шаарларында, анын ичинде Сулеймани туулуп-өскөн Керманда жөө жүрүштөр өткөрүлдү.  

Комментарий жиберүү