Иракта Иран генералы Касем Сулеймани эскерилди

 Ирактын Басре шаарында миңдеген ирактыктар Ирандын  шейит болгон генералы Касем Сулеймани, Ирактын командири Абу Махди аль-Мухандисти жана алардын шериктерин эскеришти.

Иш-чарага саясий ишмерлер да катышты.

Анын жүрүшүндө Сулеймани менен Аль-Мухандистин өлтүрүлүшүн иликтөөнү улантуу талап кылынып, Ирактагы баскынчы күчтөрдү, анын ичинде АКШнын күчтөрүн чыгаруу зарылчылыгы баса белгиленди. 

Буга чейин иран ЖМКлары Ирактын борбор шаары Багдаддын эл аралык аэропортунун жанына Сулеймани менен Аль-Мухандистин айкели орнотулганын жазышкан.

Эске салсак, Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны менен кошо анын бир нече офицери жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.

Тегеран буга жооп иретинде 7-январдан 8-январга караган түнү Ирактагы америкалык базаларга ондогон ракеталарды аткан. Жүргүзүлгөн операция “Шейит Сулеймани” деп аталган.

Пентагон Сулейманини өлтүрүү буйругун президент Дональд Трамп жеке өзү бергенин билдирген.

Жарыяланды 01, 02

Комментарий жиберүү