Иран генералы Сулейманини эскерүү күнүндө анын туулган шаарына миңдеген зыяратчылар барды. Видео

 Иран генералы Касем Сулейманини эскерүү күнүндө анын туулуп-өскөн Керман шаарына Ирандын ар кайсы провинциясынан миңдеген зыяратчылар барды.

Сулейманинин шейит болгонуна үч жыл өтсө да, анын элеси бүткүл иран элинин жүрөгүнүн түпкүрүндө орун алып калды.‌

Сулейманини эскерүү үчүн Керманга 20 миңдей зыяратчы келери күтүлүүдө. 

Акыркы маалыматтар боюнча соңку жумада Керманга 10 миңден ашуун зыяратчы кирген. 

Түндүк Хорасан провинциясынан келген зыяратчылар “Сулеймани бүт өмүрүн Иран элине арнаганын” айтышты. 

Эске салсак, Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны менен кошо анын бир нече офицери жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да өлтүрүлгөн. Сулеймани Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы болгон.

Тегеран буга жооп иретинде 7-январдан 8-январга караган түнү Ирактагы америкалык базаларга ондогон ракеталарды аткан. Жүргүзүлгөн операция “Шейит Сулеймани” деп аталган. Пентагон Сулейманини өлтүрүү буйругун президент Дональд Трамп жеке өзү бергенин билдирген.

Комментарий жиберүү