Путин 6-январдан 7сине чейин ок атышууну токтотууну тапшырды

 Россиянын президенти Владимир Путин Коргоо министри Сергей Шойгуга 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин Украинада ок атышууну убактылуу токтотууну тапшырды.

Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

“Патриарх Кириллдин кайрылуусун эске алуу менен коргоо министрине 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин Украина менен аскердик тиреш жүрүп жаткан бардык аймактарында ок атышууну убактылуу токтотууну тапшырам”, – деп айтылат маалыматта.

Кремлдин маалыматында белгилегендей, согуш жүрүп жаткан аймактарда көп сандаган православ христиандары жашагандыктан, Россия Украина тарапты да элге Рождество маймарамында сыйынуучу жайларга барууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ок атууну токтотууну жарыялоого чакырды.

Буга чейин Москва менен Бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин Рождество майрамында элге сыйынуучу жайларга барууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ок атууну токтотууга чакырган.

Комментарий жиберүү