Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Катарда Азия кубогу уланууда. Турнирге Кыргызстанды кошкондо 24 курама команда катышууда.

19-январдагы турнирде 3 беттеш өттү: “С” тайпасында – Гонконг – Иран, “D” тайпасында – Ирак – Япония  жана Вьетнам – Индонезия.

Ирак сенсациялык түрдө Японияны 2:1 эсебинде (D тайпасы) жеңсе, Иран Гонконгду 1:0 эсебинде (С тайпасы) утуп алды. Ирак футболчусу Айман Хуссейн дубль жаратса, ирандыктардын командасынан голду Мехди Гайеди киргизди.

Иран-Гонконг беттеши https://www.youtube.com/embed/VDeakUm7pKQ?start=2&feature=oembed

Муну менен эки кошуна өлкө өздөрү үчүн абдан маанилү 6 упайга ээ болуп, плей-оффко мөөнөтүнөн мурда өтүштү.

Иран биринчи турда Палестинаны 4:1 эсебине утуп, 3 упай алган.

Акыркы турда 24-январда “D” тайпасында Ирак Вьетнам менен ойнойт. Ушул эле күнү Япония Индонезия менен беттешет.

Буга чейин 18-январда турнирдин кожоюну Катар курамасы “А” тайпасында жана Австралия “В” тайпасында тайпадан чыгууну камсыздаган.

Тайпалык баскычтын экинчи айлампадагы беттешинде катардык футболчулар  Тажикстанды 1:0 эсебинде уткан. Жалгыз голду беттештин биринчи бөлүгүндө Акрам Афиф киргизген. Муну менен Катар 6 упайга ээ болуп, “А” тайпасында 1-орунду камсыздап, мөөнөтүнөн мурда плей-оффго чыккан. 22-январда 3-турда Катар Кытай менен, Тажикстан Ливан менен ойнойт.

Сирия курамасын 1:0 эсеби менен жеңген Австралия 6 упайга ээ болуп, Катардан кийинки Азия Кубогунун плей-офф баскычына өткөн.

Кыргызстандын курамасы Азия Кубогундагы биринчи оюнду жеңилүү менен баштады. “Ак шумкарлар” “F” тайпасында Таиланддын курамасына жеңилип калды. Алдыда биздин “Ак шумкарлар” Сауд Аравиясы жана Омандын Улуттук курамалары менен кез келет. Анда биздикилер экөөндө тең жеңишке жетип, 6 упай топтосо кийинки турга өткөнгө укук алат.

Комментарий жиберүү