Россиялык бизнес-джет Афганистанда кулап түштү

Самолет Индиядан Москвага карай багыт алган. Анын бортунда болгону 6 адам учуп бараткан. Ташкентке күйүүчү май куюу үчүн конуш керек болчу.

Ишемби күнү кечинде, 20-январда Афганистандын аба мейкиндигинде учур баратып РФнын мамлекеттик реестринин жарандык авиация тармагында катталган Falcon 10 самолету байланышка чыкпай, радардын экранынан жоголуп кеткен. Бул тууралуу Росавиациянын пресс-кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, самолеттун бортунда 6 адам  — 4 экипаждын мүчөсү жана 2 жүргүнчү болгон.

«Самолет  «Атлетик Групп» ЖЧКга жана жеке тарапка таандык. Аба кемеси Гая (Индия) — Ташкент (Өзбекстан) — Жуковский (Россия) маршруту боюнча чартердик каттамды аткарган», — деп билдирди агенттик.

20-январда учкучтар саат 19:05те Куляб шаарында чукул конуу жасай турушкандыгын, 19:19да  биринчи кыймылдаткыч жана 19:29да экинчи кыймылдаткычы иштебей калгандыгын айтууга үлгүрүшкөн.

Росавиация Falcon самолету алгач  таиланддык Утапао аэропортунан учкандыгын тактады.

Росавиация Афганистандын жана Тажикстандын расмий жетекчилиги менен кырсык боюнча байланышта болуп,  «аба кемесин издөө иштери жүрүп жаткандыгын», — ведомстводон билдирди.

Pajhwok Newsдун маалыматы боюнча, самолет Афганистандын Бадахшан провинциясынын тоолорунда кулап түшкөн. ТАСС ыкчам кызматтарга шилтеме берип билдиргендей, бортто эки россиялык болгон. Агенттиктин булактарынын маалыматы боюнча, кырсыктын себеби техникалык бузулуу  – эки кыймылдаткычтын бузулуусу экендиги такталды.

Комментарий жиберүү