Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында террордук акт жасоону пландап жаткан ар кандай топтордун жана ячейкалардын күч органдары (ар кайсы өлкөнүн) тарабынан аныкталгандыгы тууралуу материалдарды көп көрүүгө болот. Мындай учурлар Борбор Азияда да көп катталууда. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан өлкөнүн түштүгүндө “ИМ” террордук уюмуна ант берип, бир катар теракттарды уюштурууну көздөгөн өспүрүмдөр кармалды. Адамдарды бул топтордун катарына кошулууга эмне түртөт (себептер), кимдер азгыруучулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн жана андан кантип сактануу керек, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперт Юлия Денисенко “Eurasia Today” агенттигине берген маегинде кенен айтып берди.
— Терроризм жана экстремизм деген эмне, алар радикализмден эмнеси менен айырмаланат жана бүгүнкү күндө ал дүйнөгө кандай коркунуч туудурат? Бүгүнкү күндө алардын бар болушунун себеби, алар кандай формаларда болот жана кандай максаттарда колдонулат?
— Терроризм түшүнүгүнүн 105ке жакын базалык академиялык түшүндүрмөлөрү бар. Ушул убакка чейин дүйнө аларды чечмелөө боюнча бир пикирге келе элек. Бирок жалпы өзгөчөлүк да бар. Экстремизм жана терроризм дайыма саясий максатты көздөйт, бул аларды башка кылмыштардан айырмалап турат.
Менин жолдошум юрист жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперт Азамат Тилеев радикализмден терроризмге өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн мисалын келтирет.
Радикализмге келсек, жаныңызда жашаган жөнөкөй адамды элестетиңиз – мисалы, сатуучу, мамлекеттик кызматкер же дарыгер. Кайсы бир убакта ал бардык диний көрсөтмөлөрдү катуу аткара баштайт. Болгондо да алардан четтеп кетүүнү мүмкүн эмес деп, бүткүл мамлекеттик жана коомдук түзүлүш да диний көрсөтмөлөргө баш ийүүгө тийиш деп эсептейт. Ал радикал, бирок мамлекеттик түзүлүшкө да, айланадагыларга да эч кандай коркунуч туудурбайт. Анын ишенимдери Конституция тарабынан корголгон адамдын негизги укуктарына кирет.
Экинчи этап. Күтүлбөгөн жерден мисалы, ал киши жумушунан айдалат. Ал таарынычтын фонунда муну өзүнө карата басмырлоо, коом светтик эмес, динчил болгондо мындай адилетсиздик болмок эмес деп кабыл алат. Бирок бул жерде да ал радикализм позициясында калат. Ал бул ойлорун мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө багытталган чакырыктары менен кошо аны кошуналарына же болбосо, социалдык тармактарда же мессенджерлерде айтып баштаган учурда экстремистке айланат.
Убакыттын өтүшү менен ал санаалаштарын таап, мыйзамдуу бийликтин ордуна теократиялык мамлекет түзүүгө жакындайбыз деген максат менен зордук-зомбулук жасоону пландаштырат. Бул жакта анын аракеттерин экстремизм катары кароого болот. Башкача айтканда, бир нерсе кылууну ойлоп, мыйзамсыз аракеттерге (бийликти күч менен кулатууга, бир нерсени басып алууга, жардырууга ж.б.у.с.) чакырганда экстремист болот. Ал эми бул кылмышты жасагандан кийин гана адам террорист деп аталат.
— Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында террордук акт жасоону пландап жаткан ар кандай топтордун жана ячейкалардын күч органдары (ар кайсы өлкөнүн) тарабынан аныкталгандыгы тууралуу материалдарды көп көрүүгө болот. Мындай учурлар Борбор Азияда да көп катталууда. Аймактагы өлкөлөрдүн жарандары тыюу салынган экстремисттик жана террористтик топторго кошулуп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында согушуп жатышат. Адамдарды бул топторго кошулууга эмне түртөт (себептер) жана кимдер азгырыктын курмандыгы болуп калышы мүмкүн жана андан кантип сактануу керек?
— Жыйырма жылдан бери адамдардын деструктивдүү диний топторго кирип кетүүсүнүн себептерин изилдеп келем. Негизи, ал кандай уюм – террористтик же оккультизм жөнүндө болуп жатканына карабастан “рухий алдамчылык” болуп саналат. Аларды жалдоо, уюмда кармап калуу жана өздөрүнүн жолдоочуларын башкаруу үчүн манипуляциялык ыкмаларды колдонуу бириктирет. Анын ичинде алар өз тобуна кошулуу үчүн сизден уруксат сурашпайт, эреже катары, бул алдоо жолу менен жасалат. Адамдардын ал жакка түшүп калышынын үч негизги себеби бар:
Биринчиси – психологиялык
Адам стресске кабылганда, ал азгыруучу (вербовщик) адамдардын оңой олжосуно айланат. Адамдардын стресске кабылган себептери ар кандай болушу мүмкүн. Мындай аялуу абалга кээ бирөөлөр жакын адамын жоготкондо, кээ бирөөлөр башка шаарга көчкөндө түшүшү мүкүн. Ал катуу стресске түшөт дагы, аны менен өз алдынча күрөшүү мүмкүн эмес болуп калат. Аларга азгырык кылуучу адамдар көбүнчө колдоо менен келет. Азгыруучулар психологиялык жактан жабыркагандарга жан дүйнө тынчтыгын, өч алууну, түбөлүк бейишти, ал тургай чексиз сандагы жаңы жубайларды убада кылышат.
Экинчиси – социалдык-экономикалык фактор
Социалдык адилетсиздик, жумушсуздук, каржынын жетишсиздиги, чектелген мүмкүнчүлүктөр жана башкалар. Эреже катары, азгыруучу компания коомдун социалдык жактан аялуу катмарына жумуш, акча, бир туугандык, социалдык лифттерди ж.б. убадалайт. Менде бир адам 200 доллар карызы үчүн башка мамлекеттин аймагында тыюу салынган “ИМ” террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп соттолгон бир окуя болгон. Ал адам үй-бүлөсүн багуу үчүн бул акчаны карызга алган. Бирок ал бир жылдан кийин да карызын кайтарып бере албай, кредиторлор пайыздарды белгилешкен. Ошол учурда “боорукер” азгыруучулар пайда болуп, Сирияга иштөөнү сунушташкан. Эреже катары, ал жерге түшкөн соң мындан ары өзүнө таандык эмес болгон. Бул аны колундагы автомат менен каражат табууга мажбур кылган.
Үчүнчү мотив – идеологиялык
Кеп диний эмес, саясий идеология жөнүндө болуп жатат. Бийликке жана саясий режимге макул болбогон адамдар бардык деструктивдүү топторго, анын ичинде террористтик топторго абдан туура келет. Анткени акыркылар режимди алмаштырууну негизги максаты катары койгон. Ал эми дин алар үчүн жөн гана тосмо.
Алар эмнени убада кылышат? Коррупцияны жеңүүнү, таза шайлоону, шарият менен жашоону, бирок эң негизгиси – бийликке өздөрү ээ болгусу келет.
Радикалдуу идеологиялар өзүн социалдык жактан корголбогон жана дискриминацияга кабылгандар үчүн жагымдуу болуп калат. Экстремисттик топтор коомдо топтолуп калган көйгөйлөрдөн пайдаланып, тарапкерлерди тартып, өздөрүн саясий күч деп эсептешет. Бирок алар коррупция, билим берүү, жумушсуздук маселелерин чечпейт – бул аларды андан ары жылуудан ажыратат. Башкача айтканда, эгер алар коомдун көйгөйлөрүн азыртан чече баштаса, анда убада бере турган жана өздөрүн көтөрө турган эч нерсеси калбай калат.
Бирок негативдүү фондо саясий технологиялардын жардамы менен жарандарды радикалдаштыруу оңой (өздөрүнө шайлоочулар-электоратын түзүү). Бул жөн гана саясий шайлоо өнөктүгү. Мындай сценарийлерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү негизинен геосаясий контекст – тышкы оюнчулар менен аныкталат.
«Күмөндүү» эл аралык уюмдар жана лоббисттик тармактар аркылуу узак мөөнөттүү тышкы таасир жүзөгө ашырылат, ал экстремизмге ыңгайлуу негиз түзөт. Террордук топтор көбүнчө сырткы демөөрчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттенишет. Ошентип, радикалдашуу коркунучу аймактагы геосаясий процесстер менен тыгыз байланышта.
Дагы бир айта кетчү нерсе, көптөгөн кылмыштуу элементтер экстремисттик жана террористтик топторго кубануу менен кошулат, анткени алардын доктриналары «кафирлер» (ишенбегендер) же «амалият» (аскердик муктаждыктар үчүн каражат чогултуу) менен күрөшүү деген шылтоо менен ар кандай кылмышты толугу менен актайт.
Менин практикамда бир учур болгон. Колонияда радикалдашып жаткан камактагы адам өзүн «туткунда экенин» жана «ишеними үчүн камалганын» айткан. Чындыгында ал уурулук үчүн жазасын өтөп жаткан. Бирок анын экстремисттик топко берилгендиги ага өзүнүн аракеттерин психологиялык жактан актоосуна мүмкүндүк берген.
«Мен каапырды тонодум, бул кылмыш эмес, ага уруксат бар. Биз каапырлардын айынан кыйналып жатабыз, алар шарият мамлекетин курууга мүмкүндүк бербей жатышат”, – деген ал.
Жыйынтыктап айтканда, бардык жабырлануучулар бирөөнүн көрсөтмөлөрү менен иш кылып, адамдар айланасында болуп жаткан бардык нерселер үчүн жоопкерчиликти өздөрүнөн алып салышат. Акырында адам ойлонууну токтотот, натыйжада адамдын ой жүгүртүү функциясы атрофияга учурайт.
— Терроризм коркунучуна кантип каршы туруу керек? Бул “вируска” каршы кандайдыр бир вакцина барбы жана ал эмне болушу мүмкүн?
— Баарыбыз күч-аракетибизди жумшап, үй-бүлөбүзгө жана балдарыбызга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек, мамлекеттерге – инсандык өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүп, калкты бардык социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуусу керек.
Адам азгыруучуга (вербовщик) жолукканда ага туруштук бере алышы үчүн, аны бала бакчадан баштап эле үйрөтүү керек. Ошондуктан мен психологияга басым жасап, сынчыл ой жүгүртүүнү жайылтам. Адам кадыр-барктуу адамдын алдында турса да ыңгайсыз суроолорду бере алышы керек. Ата-энелер балдарына бир гана ата-эне болбостон, сырларын ишенген, көйгөйлөрү менен бөлүшө ала турган дос болушу керек. Бала аны колдой турган (көбүнчө алар азгыргандар) адамды издебеши керек. Мунун менен балдарды коргой алабыз.
Кээде террордук топтордун мүчөлөрүнүн ата-энелери акыркы жолу балдарына качан сүйөөрүн айтышканын, алар менен качан ачык сүйлөшкөнүн эстей алышпайт. Жөнөкөй нерселер, бирок алар экстремизмге каршы саясатка караганда жакшыраак иштейт.
Маектешкен Азиз Пиримкулов.