Путин Түндүк Кореяга барышы күтүлүүдө

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен жакында Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) кабарлады.

“Президент Путин мамлекеттик иштердин төрагасы, жолдош Ким Чен Ын аны ыңгайлуу убакта Пхеньянга келип кетүүгө чакырганы үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирди жана жакынкы келечекте Түндүк Кореяга барууга даяр экенин айтты”, — деп кабарлады KCNA агенттиги. Маалыматта Путин “корей элинин эң жакын досу” деп аталган.

Маалыматты орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктап, сапардын так датасы азырынча белгисиз экенин айтты.

Буга чейин Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Цой Сон Хуи Орусияга барган. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Владимир Путиндин да кабыл алуусунда болгон. Орус президентинин басма сөз катчысы алар “эң актуалдуу эл аралык иштер” тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген.

The Guardian гезити британ аскерий чалгын кызматынын баяндамасына таянып, үч орус кемеси Түндүк Кореянын портторунан контейнерлерди жүктөп, Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы портторуна жөнөгөнүн кабарлаган. “Мая”, “Ангара” жана “Мария” кемелеринин сүрөттөрү 2023-жылдын сентябрынан декабрына чейин тартылган. Контейнерлерде эмне бар экенин аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Былтыр сентябрда Ким Чен Ын Орусияга барып, президент Владимир Путин, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу менен жолуккан. Жакында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньянда болгон.

Комментарий жиберүү