Кыргызстан менен Ирандын ортосунда туризм боюнча кызматташуу жанданат

23-январда Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдун ИИРдин Маданий мурастар, туризм жана кол өнөрчүлүк министринин орун басары  А.  Шалбафиян менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран туристтик кызматташтыгынын, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн практикалык жактан ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташууну  жандандырууну талкуулашты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы туристтик кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен планды аныкташты. Бул багытта үстүбүздөгү жылы февраль айында Тегеран шаарында өтө турган туризм боюнча 17-эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын туристтик делегациясын Иранга жөнөтүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле бул иш чаранын алкагында Ирандын Маданий мурастар министрлигинин аянтында жана КРнын Тегерандагы Элчилигинде брифингдер, өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүгүн тааныштырган иш чаралар жана эки өлкөнүн туристтик компанияларынын катышуусунда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында В2В жолугушуулары өткөрүлмөкчү.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Ирандын элинин арасында туризмди тааныштыруу үчүн  туркомпанияларынын өкүлдөрү, блогерлер жана бизнес-түзүмдөр үчүн өз ара маалымат саякаттарын уюштуруу макулдашылды. Буга байланыштуу тараптар ИИР тарабынан жакында КРнын жарандарына туристтик саякаттар үчүн бир тараптуу визасыз режимдин киргизилишин жакшы жагынан белгилешип, бул кадам эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусуна шарт түзөрүн белгилешти.

Комментарий жиберүү