ЖМК: Израиль менен ХАМАС ок атууну бир айга токтотууну макулдашты

Израиль менен ХАМАС барымтадагы адамдарды бошотуу үчүн ок атууну бир айга токтотууга даяр. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Сүйлөшүүлөр Катардын, АКШнын жана Египеттин ортомчулугу менен өтүүдө.

Бирок агенттик убактылуу элдешүүнүн шарттары боюнча пикир келишпестиктер макулдашууга жетишүүнү кечеңдетип жатканын белгилейт.

Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырган. Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты туруктуу чечүүнүн бирден-бир жолу Тель-Авивде четке кагылган Израиль жана Палестина эки мамлекет деген чечим экенин баса белгилеген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет. Израилдин соккулары башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун саны 24,6 миңден ашты, 61 миңден ашууну жараат алды.

Тараптар акыркы жолу ок атышпоону 24-ноябрда макулдашкан. 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында ХАМАС 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израиль болсо ондогон палестиндерди, абактан чыгарган, алардын көбү өспүрүмдөр.

Андан кийин да Израил бир же эки жумалык элдешүүн сунуштаган, бирок ХАМАС кыймылы аны четке кагып, ок атууну токтотууну талап кылган.

Комментарий жиберүү