Түркия Швециянын НАТОго киришине макул болду

Түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуу протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эми документке Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол коюшу керек жана ал өкмөттүк гезитке жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Мамлекет башчысы жарлыкка кол коюуну 15 күндүн ичинде кароого укуктуу.

Демилгени 346 депутаттын 287си колдоп, 55и каршы болуп, төртөө калыс калды.

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон бул кабарга дароо реакция жасап: «Бүгүн биз НАТОнун толук кандуу мүчөсү болууга бир кадам жакындадык», – деп билдирди.НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг добуш берүүнү кубаттап, Венгрия Швеция менен келишимди “мүмкүн болушунча тезирээк” ратификациялоону күтөрүн айтты.“Швециянын мүчөлүгү НАТОну бекемдейт жана баарыбызды коопсуз кылат”, – деди НАТОнун баш катчысы. Швеция Түндүк Атлантика альянсына арызды 2022-жылдын май айында Финляндия менен бирге берген. Финляндия өткөн жылдын 4-апрелинде блоктун 31-мүчөсү болгон. Швециянын уюмга кошулуусун Түркия менен Венгриядан башка альянстын бардык өлкөлөрү ратификациялашкан.

Анкара Стокгольмдон терроризмге каршы күрөшүү боюнча келишимдерди ишке ашырууну жана коргонуу продукциясын жеткирүүгө эмбаргону алып салууну талап кылган. Швеция 2023-жылдын декабрынын аягында түрк компанияларына мындай экспортко уруксат бере баштаганын жарыялагандан кийин, Түркия Стокгольмдун НАТОго мүчөлүгү боюнча жылыштарды күтөрүн билдирди.

Бирок Швеция азырынча НАТОго мүчө боло албайт: анын арызы Венгрия тарабынан ратификациялана элек. 

Ошентсе да 23-январда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан швециялык кесиптеши Ульф Кристерсонду Швециянын НАТОго кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Венгрияга келүүгө чакырды.

Комментарий жиберүү