АКШда Палестинаны колдоо акциялары уланууда

АКШнын борбору Вашингтондо жана Нью-Йоркто палестиналыктарды колдоо акциялары өтүп жатат. Бул жолу Вашигтондо ондогон активисттер Мамлекеттик департаменттин имаратынын жанына чогулушту, деп билдирет РИА Новости.

Ондогон манифестанттар жаанга карабай ведомствонун имаратынын кире беришине топтолуп, Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну талап кылууда.

Акциянын катышуучуларынын көбү Палестинанын желектери менен келишсе, башкалары Палестинанын символу болгон чаар жоолук  (арафатка) салынып чыгышты. Ошондой эле алар Палестинаны  оккупациялоону жана ок атууну токтотууну талап кылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Мындан тышкары, активисттер АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкенди кызматтан кетүүгө чакырышууда.

Ал эми Нью-Йорктогу Палестинаны колдогон жүздөгөн демонстранттардын кербени борбордук көчөлөр менен жүрүп, Палестина элине эркиндикти талап кылышууда. Жүрүштүн катышуучулары 42-авеню менен батыштан чыгышты көздөй Нью-Йорктун Гранд Борбордук станциясын көздөй жылып баратышат. Колоннаны полиция коштоп жүрөт. Абада тик учактар да учуп жүрөт.

Демонстранттардын көбү «Палестинадагы геноцидди токтоткула», «Палестиналыктарды бошоткула», «Газа эркиндикке чыгат» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.

Газаны оккупациялоого каршы миңдеген митингчилер New York Times гезитинин имаратына кирип барышкан,полиция аларды имараттын сыртына чыгарган. Кийинчерээк алардын айрымдарын полиция кармап кеткенин окуянын күбөлөрү РИА Новостиге билдирген. Учурда имараттын жанында полиция нөөмөттө турат.

Акциянын катышуучулары New York Times имаратынын айнек кире беришине ошондой эле полициянын бир унаасынын капталына кызыл краска менен «Газаны бошоткула» деп жазып кетишкен.

Андан сырткары, имараттын сыртына Газа тилкесинде өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрү менен баракчаларды чапташып, редакциянын алдына «New York Times калп айтат, Газа өлүп жатат» деген жазуусу бар плакат да калтырып кетишкен.

Белгилей кесек, Палестина-Израиль жаңжалы курчугундан бери Израилди айыптаган, Газаны колдоого алган акциялар дүйнөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат.

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 10,8 миңден ашып, 26 миңден ашуун адам жаракат алды. Ал эми Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1,4 миңден ашуун адам, анын ичинде 300 аскер кызматчысы курман болуп, 5 миңден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү