ДССУ: Газада ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүп жатат

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Газа тилкесинде ар бир 10 мүнөт сайын бир бала каза болуп жатканын билдирди.

«Газа тилкесинде 10 миң 800дөн ашуун адам набыт болду, алардын дээрлик 70%ы аялдар жана балдар. Орто эсеп менен Газа тилкесинде ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүп жатат», — деди Тедрос.

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 10,8 миңден ашып, 26 миңден ашуун адам жаракат алды. Ал эми Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1,4 миңден ашуун адам, анын ичинде 300 аскер кызматчысы курман болуп, 5 миңден ашууну жарадар болгон.

Комментарий жиберүү