АКШнын мамкатчысы Блинкен Израилге кайра эмнеге барды?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге кайра барды. Ал өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, деп билдирет CNN телеканалы.

Маалыматта сүйлөшүүлөр жакынкы сааттарда башталары айтылат.

Блинкен Палестина-Израиль чатагы курчуп баратканына байланыштуу 11-15-октябрга чейин Жакынкы Чыгышта болду. Ал сапарын Израилден баштап, андан соң араб өлкөлөрүнө — Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Египет, Бахрейн жана Катарга барып, аймактагы окуяларды талкуулаган.

«Agence France-Presse» (AFP) маалымдагандай, Блинкен менен Нетаньяху жолугушуусу Иерусалимде болот.

«The Washington Post» гезитинин жазганына караганда, Блинкен Иерусалимде өлкөнүн президенти Ицхак  Герцог менен да жолугат. АКШнын мамлекеттик катчысы андан соң Тель-Авивге барып, ал жерде Израилдин коргоо министри Йоав Галант жана оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр Яир Лапид менен жолугушат.

Мамлекеттик катчы Израилдин Газа тилкесиндеги алдыда боло турган кургактагы операциясын колдоорун жарыялоо, ошондой эле араб мамлекеттеринин жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөдүн жыйынтыгы жөнүндө айтуу ниетинде.

Американын мамлекеттик катчысы буга чейин Израилге 12-октябрда келип кеткен. Анда ал Нетаньяху менен жолугушуп, Израилдин муктаждыктарын талкуулаган. Блинкен сапары алдында АКШ бийлиги Израилдин элин колдой тургандыгын билдирген.

Вашингтон Израилге аскерий жардам көрсөтүүдө. 15-октябрда АКШ Израилге жардам берүү үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат бөлүү ниетин билдирген. Бул пакетте Украинага да жардам көрсөтүү каралган. АКШ президенти Жо Байден Кошмо Штаттары бир эле учурда Украинага да, Израилге да жардам бере аларын, ошол эле учурда “жалпы эл аралык коргонууну” сактай аларын билдирген.

Эске салсак, Блинкен Иорданиядагы сапарынын жүрүшүндө 13-октябрда Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен Амман шаарында жолуккан. Сүйлөшүү учурунда Палестина президенти Израилдин Палестина элине каршы агрессиясын токтотуу зарылдыгын баса белгилеп, Газадагы элдин жер которуусуна толук каршылыгын билдирген.

© AFP 2023 / JACQUELYN MARTIN/ АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Палестинанын президенти Махмуд Аббас Аммандагы жолугушууда

Израилдин армиясы буга чейин 13-октябрда Газа тилкесинин түндүгүндөгү палестиналыктарга  жана БУУнун кызматкерлерине Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга убакыт берген.

Палестинанын лидери Газа тилкесиндеги бардык гуманитардык кызматтардын токтошунан жана жалгыз электрстанциясынын иштебей калышына байланыштуу гуманитардык катастрофа коркунучу бар экенин эскерткен.

Белгилей кетсек, Аббас Палестинанын улуттук боштондук кыймылын (ФАТХ) жетектейт. Палестинадагы араб аймактары эки бөлүккө бөлүнөт: Газа тилкесин ХАМАС, Иордан дарыясынын батыш жээгин ФАТХ көзөмөлдөйт.

Эксперттин пикири

Гуманитардык жана саясий изилдөөлөр эл аралык институтунун эксперти Владимир Брутер  Блинкендин Израилге сапарынын негизги максаты — Газадагы кургактагы операцияны талкуулоо экенин, Вашингтон буга күмөн санаса да, аны ишке ашырууга макул болууга аргасыз болорун буга чейин РИА Новостиге билдирген.

«Блинкендин Израилге сапарынын негизги максаты Газада кургактагы операцияга уруксат берүү. Алар бул маселени чечиши керек. Израиль Газа элин эвакуацияланууга чакырганына караганда, ал кургактан операция жүргүзүүнү талап кылууда», — деген Брутер. 

Эксперт Кошмо Штаттар кургактагы операциядан күмөн санарын, бирок Вашингтон аны ишке ашырууга макул болууга аргасыз болорун, анткени Израиль үчүн азыркы кырдаалда андан башка чечим жок экенин кошумчалаган.

«Эгер Израиль кургактан операция жасабаса, эл аралык коомдук пикир Израиль (ХАМАСты) талкалаган жок, демек ал алсыз деп эсептеп калат», — деген Брутер. 

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал

7-октябрда эртең менен Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылды. Массалык аткылоодон кийин ХАМАС Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип келишкен.

ХАМАСтын аскердик канаты Израилге каршы «Аль-Акса Топон суусу» операциясын жарыялады. Буга жооп катары Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялады. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин Израиль армиясы Газа чек арасына жакын жайгашкан бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алып, тилкедеги буталарга, анын ичинде жарандык объекттерге каршы абадан сокку ура баштады.

Мындан тышкары, Израиль Газаны толук блокадага алганын жарыялады: суу, азык-түлүк, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Эки тараптан тең каза болгон карапайым калктын саны миңден ашты, бир нече миң израилдик жана палестиналык жараат алды.

Укук коргоочулар Израилди Газа жана Ливандагы операцияларда тыюу салынган ак фосфорду колдонуп жатканын айтып чыгышты.

13-октябрда Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү 1,1 миллион палестиналыкка жана БУУнун кызматкерлерине Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга 24 саат убакыт берген.

БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик мындай масштабдагы эвакуация «кыйратуучу гуманитардык кесепеттерсиз мүмкүн эмес» экенин айтып, Израилди бул буйрукту жокко чыгарууга чакырган.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын басма сөз кызматынын жетекчиси Салама Маруф Израилдин эвакуация тууралуу эскертүүсү “жарандардын арасында баш аламандык жаратууга жана ички биримдикке зыян келтирүүгө багытталган жалган пропаганданы таратуу” аракети экенин айткан.

Комментарий жиберүү