Израилдин соккусунан каза болгон палестиндердин саны 2600дөн ашты

Израилдин Газа тилкесине жасаган соккусунан каза болгон палестиналыктардын саны 2600дөн ашты.

Бул туурасында Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram-каналына тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Израилдин Газа тилкесинде уланып жаткан агрессиясынын натыйжасында 2670 жай тургун набыт болуп, 9600 киши жарадар болду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ведомство Израилдин аткылоосунун жана аба соккуларынын натыйжасында Газада кеминде 50 үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү каза тапканын маалымдады.

Палестина-Израиль жаңжалынын күчөшүнөн улам Газада каза тапкан БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү агенттигинин кызматкерлеринин саны 14кө жеткенин агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаззарини билдирди. Башкы комиссар белгилегендей, уюмдун Газа тилкесиндеги 13 миң кызматкеринин көбү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Ал учурда кеминде 400 миң жер которгон адам БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү агенттигинин карамагындагы мектептерде жана имараттарда баш калкалап турушканын жана кырдаал «гуманитардык катастрофага жакындап баратканын» билдирди.

Лаззарини калк жыш жайгашкан аймактардагы жарандык инфраструктураны бомбалоо аймакта тынчтык жана туруктуулуук орнотууга алып келбей турганын белгиледи.

I24 телеканалы Израиль тараптан каза болгондордун саны 1,4 миңге жетип, 3,5 миңден ашуун адам жараат алганын маалымдады.

7-октябрда эртең менен Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылды. Массалык аткылоодон кийин ХАМАС Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип келишкен.

ХАМАСтын аскердик канаты Израилге каршы «Аль-Акса Топон суусу» операциясын жарыялады. Буга жооп катары Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялады.

Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин Израиль армиясы Газа чек арасына жакын жайгашкан бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алып, тилкедеги буталарга, анын ичинде жарандык объекттерге каршы абадан сокку ура баштады. Мындан тышкары, Израиль Газаны толук блокадага алганын жарыялады: суу, азык-түлүк, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Комментарий жиберүү