Россия Кыргызстанга тик учак берди

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президентинин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында өлкөбүзгө жаңы, көптөгөн артыкчылыктары бар тик учак берилди. Бул тууралуу мамлекет башчыбыздын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы барагында билдирди.

«Президент Садыр Жапаров кесиптеши В.Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду.
Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган.
Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү