Эрдоган Ирандын президенти менен сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа баракчасынан бөлүшүлгөн билдирүүдө, Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуу, аймакта күчөгөн чыңалуу жана чечүүчү жол үчүн таштала турган кадамдар каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө кагылышуулардын тез арада бүтүшүнүн аймактык жана дүйнө тынчтыгы үчүн маанилүү экенин, Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн Түркиянын аракет кылып жатканын, чыңалууну күчөткөн кадамдардан качуу керектигин жана Израиль-Палестина маселесинде эки тараптуу туруктуу кадамдардын чечүүчү жолду алып келерин билдирди.

Комментарий жиберүү