АКШ долларынын ордун Кытайдын юаны ээлеп жатат

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы жана анын арты менен Батыштын Москвага каршы экономикалык санкциялары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Түштүк Америкада кескин түрдө кытай юаны менен эсептешүүгө алып келди. Эгер АКШ өзүнүн валютасы аркылуу дүйнөлүк үстөмдүк жүргүзүп жаткандыгын эске ала турган болсок, анда Вашингтон бул көрүнүшкө өтө тынчсызданып жаткандыгын Shukan Gendai маалымат булагы жазды.

Антироссиялык санкциялардын капканы

Кытай юаны эл аралык валюта катары өзүнүн таасирин күчөтүүдө.  Россиянын Украинадагы аскердик атайын операциясы эл аралык төлөмдөрдүн юань менен жүргүзүлүүсүнүн санын көбөйттү.

Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын мартында юандын кытай импорт-экспорт төлөмдөрүндөгү үлүшү (48%) биринчи жолу доллардан ашып өттү (47%).

Юань менен эсептешүүнүн көп бөлүгү Россиянын энергетикалык гиганты менен соодалашууга туура келүүдө.

Батыш санкцияларынан улам глобалдык каржы эсептешүүсүнөн өчүрүлгөн – бүткүл дүйнөлүк банктар аралык каржы телекоммуникациясынын (SWIFT)  ордуна Москва Пекин тарабынан түзүлгөн юань менен эл аралык төлөм системасын (CIPS) колдоно баштады.

Апрелдин башында Россиянын Борбордук банкы өткөн жылы юандын үлүшү импорттук төлөмдө бир жыл мурдагы 4%дын ордуна 23%га жогорулагандыгын билдирди. Мындай эсептешүүнүн көлөмү быйылкы жылы да жогоруламакчы.

Бул албетте, Батыш лагери тарабынан Москвага каршы санкцияларынан улам келип чыгууда. Ошол эле учурда юань Россиядан башка мамлекеттерде да кеңири колдонула баштады.

Сауд Аравиясы, Бразилия, Аргентина…

Үстүбүздөгү жылдын мартында Кытай Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) суюлтулган табигый газды (СТГ) юань менен сатып алгандыгын билдирди. Кытай валютасынын энергетика тармагындагы өз ара эсептешүүдөгү үлүшү улам жогорулоодо.

Россия менен катар Бразилия да да эсептешүүнү юань менен жүргүзүүгө умтулууда.

Марттын соңунда бул өлкөнүн бийлиги Кытай менен эсептешүүдө SWIFTтин ордуна CIPSти колдоно тургандыгын билдирди. Бразилия Кытайга эң көп көлөмдөгү соя, жүгөрү саткандыктан, келечекте үрөн соодасында юандын салмагы жогорулай тургандыгы күтүлүүдө.

Түштүк Америка континентиндеги өлкөлөрдөгү абал тууралуу айта турган болсок, 26-апрелде  Аргентина Кытай менен импортту эсептешүүдө доллардан юаньга өтө тургандыгын жарыялады.

Ал тургай Пекин менен соода-сатыгы жок өлкөлөр да соода-сатыгын Кытай валютасы менен жүргүзө башташты.

South China Morning Post  газетасы 28-апрелде Бангладеш Россия тарабынан курулуп жаткан ядролук объектиси үчүн юань менен төлөп берүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.

Бул процесстердин баардыгы АКШнын айласын кетирүүдө.

Комментарий жиберүү