Садыр Жапаров Кыргызстанга келген ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин менен жолукту

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды.

Сүйлөшүүлөдүн жүрүшүндө ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары, Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров Кыргызстан ШКУга катышуусуна өзгөчө маани берерин жана Уюмга мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө мындан ары да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи.

Ал кыргыз тарап ШКУнун алкагында абдан талап кылынган жана маанилүү сунуштарды жүйөлүү жана негиздүү илгерилетип жактанын айтты.

“Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү максатында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү иштерин аягына чыгаруу зарыл”, деди Жапаров.

Ал кыргыз тарап бул Борборду түзүү маселесин талкуулоо үчүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин ведомстволор аралык делегацияларынын консультацияларын уюштуруунун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун тез арада практикалык ишке ашыруу абдан маанилүү деп эсептелинерин айтты.

ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө карата мамилесин жогору баалап, бул ШКУнун алкагындагы тилектештиктин, биримдиктин жана ынтымактын жогорку даражасы болуп саналат деп билдирди.

Ал Кыргызстан түрдүү программаларга активдүү катышып, Уюмдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө чоң салым кошуп келерин белгиледи.

Ошону менен бирге Чжан Мин Катчылык ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшүү жана координациялоо боюнча аракеттерин уланта бере тургандыгына ишендирди.

Тараптар ШКУнун ишмердүүлүгүнүн бардык негизги аспектилери жана анын келечектүү багыттары боюнча ШКУнун алкагында жемиштүү кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүт артышты.

Белгилей кетсек, Чжан Мин буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, ШКУнун алкагында кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашкан.

Комментарий жиберүү