АКШ жана Израиль Иран менен болгон согуштан улам дүйнөлүк экономиканы барымтага алышты

Ирандын Япониядагы элчиси Пейман Саадат мунайдын баасы дагы өсүшү мүмкүн экенин айтып, АКШ менен Израиль  Ислам Республикасына каршы агрессивдүү аракеттери аркылуу дүйнөлүк экономиканы барымтага алууну улантып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде айткан. Маек Израиль менен АКШнын кайрадан башталган чабуулдарынан улам чыңалуу күчөгөн шартта жарыяланган. Бул чабуулдарга жооп катары Иран сокку уруп, Ормуз кысыгын бардык кемелер үчүн жапкан.

Анын айтымында, февраль айында аскердик аракеттер башталганга чейин дүйнөлүк мунай ташууларынын бештен бири өткөн стратегиялык суу жолу ачык болгон, бирок АКШ менен Израиль «баарын өзгөрттү».

«Ормуз кысыгы согуш талаасына айланды, ал эми алар дүйнөлүк экономиканы иш жүзүндө барымтага алышты», — деди ал.

Саадат ошондой эле:

«Эгер алар (агрессорлор) ушундай аракеттерин уланта беришсе, биз сөзсүз жооп беребиз. Бул алардын күнөөсү жана алардын көйгөйү болот», — деп белгиледи.

Ал АКШ менен Израиль Иранга каршы чабуулдарын улантса, мунайдын баасы бир баррелине 150–200 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Саадат Ирандын өзүн коргоо укугун дагы бир жолу ырастап, өлкө бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен коргонорун билдирди.

«Бул алардын күнөөсү, биздин эмес. Биз АКШнын жанында аракет кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, АКШ биздин аймакта аракет кылууда», — деди элчи.

Макалада белгиленгендей, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттери 28-февралда башталган. Жооп катары Ирандын Куралдуу күчтөрү аймактагы АКШ жана Израилдин маанилүү стратегиялык объектилерине сокку уруп, Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү транзитти чектеген.

Материалда ошондой эле Ирандын каршылыгы согуштун агрессорлордун көзөмөлүнөн чыгып кетишине алып келип, аймактагы туруксуздукту күчөтүп, мунай бааларынын өсүшүнө жана дүйнөлүк экономикалык кризиске себеп болгону айтылат.

8-апрелде, согуштун кыркынчы күнү, Исламабаддын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишими күчүнө кирген. Бирок Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жыйынтык бербей, АКШ Иранга каршы «деңиз блокадасын» киргизген.

Ошондон бери, макалага ылайык, Израиль да, АКШ да жарашуу шарттарын бир нече жолу бузуп, бул Ирандын жооп чараларын жана Ормуз кысыгынын жабылышын шарттаган.