АКШ Конгресси Иран менен согушту токтотуу боюнча резолюцияны четке какты

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы АКШнын администрациясына Иранга каршы аскердик аракеттерди токтотууну буйрук кылган резолюцияны четке какты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, чечим болгону бир добуш айырма менен кабыл алынды.

Документти 213 конгрессмен колдосо, 214ү каршы добуш берди. Дагы бир мыйзам чыгаруучу Огайо штатынан шайланган республикачы Уоррен Дэвидсон добуш берүүдөн карманды. Ушуга окшош резолюция буга чейин Сенатта да четке кагылган.

АКШ Конституциясына ылайык, согуш жарыялоо укугу президентке эмес, Конгресске берилген. Бирок акыркы он жылдыктарда америкалык лидерлер мыйзам чыгаруучулар тарабынан чет өлкөлөрдө аскердик күч колдонууга, анын ичинде жаңы операцияларды баштоого берилген ыйгарым укуктарды кеңири колдону пкелишкен.

Ушуга байланыштуу акыркы айларда Конгресстин айрым мүчөлөрү президент Дональд Трампты Иранга каршы аскерий күчтү Конгресстин макулдугусуз колдонбоого милдеттендирген резолюцияларды даярдашкан. Бирок алардын бири да кабыл алынган жок.

Эске салсак, 28-февралда башталган АКШ жана Израилдин Иран менен согушу кырк күнкө созулуп, акыры 7-апрелде АКШ президенти эки тараптуу эки жумалык ок атышпоону жарыялаган. 11-апрелде Иран менен АКШ Исламабад шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Иран делегациясын парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, ал эми америкалык делегацияны вице-президент Жей Ди Вэнс жетектеген. Кийинчерээк Тегеран менен Вашингтон билдиргендей, тараптар узак мөөнөттүү жөнгө салуу боюнча макулдашууга келе алышкан эмес, анткени бир катар маселелер боюнча орток пикирге келе алышкан эмес.

Кийинки сүйлөшүүлөр качан болору азырынча белгисиз. Бирок Пакистандын ортомчулугу менен байланыштар уланууда.