Рим папасы Лев XIV согуштарга миллиарддаган акча коротуп, дүйнөнү “кыйратып” жаткан “бир ууч тирандарды” сынга алды. Анын Камерундагы сөзүнөн Sky News телеканалы келтирди.
«Согуштун устаттары кыйратуу үчүн бир гана көз ирмем жетиштүү экенин түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшөт. Бирок көбүнчө бардыгын кайра калыбына келтирүүгө бүтүндөй өмүр жетпейт. Алар миллиарддаган долларлар кыйратууларга сарпталып жатканын көрмөксөн болушат, ал эми дарылоо, билим берүү жана калыбына келтирүү үчүн керектүү ресурстар эч жерде табылбайт», — деди Рим папасы.
12-апрелде Рим папасы Лев XIV Ирандагы согушту токтотууга жана жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган. Трамп Рим папасын сынга алып, анын Иран согушуна карата позициясын айыптаган. Ал эгер АКШ болбогондо, Лев XIV Ватиканда болмок эместигин айткан. Ошондой эле АКШ президенти папанын Ирандын өзөктүк куралга ээ болушун колдошун каалабай турганын билдирген.
Лев XIV жооп иретинде Ак үйдүн администрациясынан коркпой турганын жана Ирандагы согуш тууралуу өз оюн айтууну уланта берерин айткан.