Ирандын Ормуз кысыгын башкаруудан түшкөн кирешеси жылына 10-15 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Ахмад Надери билдиргенин ISNA маалымат агенттиги жазды.
“Учурда Ормуз кысыгын башкаруудан жана кемелердин жүрүүсүн жөнгө салуудан түшкөн киреше 10-15 миллиард доллар деп бааланууда”, – деди Надери.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору ошондой эле чет элдик кемелер өтүү үчүн төлөшү керек болгон улуттук валюта – риалды бекемдөөгө багытталган. Муну эки жол менен жасоого болот деп сунушталууда: республикадагы алардын кеңселери аркылуу же Ирандын банк системасы аркылуу.
Ошол эле учурда, Надери чыныгы абалды чагылдырбаган ашыкча баалоодон алыс болуу керектигин айтты. Ал коомдук чөйрөдө Ормуз кысыгынан түшө турган киреше тууралуу айтылып жаткан жогорку сандар “эмоционалдык” мүнөзгө ээ экенин жана өлкөгө экономикалык кысымды күчөтүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.
Буга чейин Ирандын парламенттик комиссиясы Ормуз кысыгы боюнча алдын ала мыйзам долбоорун жактырган, анда достук мамилелердеги өлкөлөр үчүн транзиттик төлөмдөр жана АКШ менен Израилдин өтүүсүнө толук тыюу салуу камтылган. Ирандын чарасы Тегеранга каршы санкцияларга кошулган өлкөлөргө да таасир этет деп күтүлүүдө.
Өткөн дем алыш күндөрү Иран менен АКШнын өкүлдөрү Исламабадда биринчи сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тегеран эки тарап бир нече маанилүү маселелер боюнча пикир келишпестиктерге туш болгонун билдирди.
Жолугушуудан көп өтпөй Трамп Ормуз кысыгын тосуу башталганын жар салган. Бирок, маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, кысыктан бир нече кемелер, анын ичинде эки миллион баррель мунай ташууга жөндөмдүү ирандык супертанкер өткөн.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун кесепеттеринин бири Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн кемелерден акы алуу болду. Акыны кысыкты көзөмөлдөгөн Иран жана Оман алышат.
Ормуз кысыгы бөгөттөлгөн учурда Иран ар бир кеме үчүн 2 миллион долларга чейин акы алып жатканы айтылган. Бул сан жөн жерден белгиленген эмес. VLCC (Very Large Crude Carrier) жана ULCC (Ultra Large Crude Carrier) сыяктуу супертанкерлер бир убакта 1,5-2,5 миллион баррель мунай ташый алат. Бул Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн төлөм мунайдын бир баррелине болжол менен 1 долларды түзүшү мүмкүн дегенди билдирет.