АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен эмнени сүйлөшөт?

Америка бийлиги Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити тууралуу маалымат берди

Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.

«Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай жүзөгө ашып жатканын лидерлер деңгээлинде көрө алабыз», — деди Салливан.

Алгачкы C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга кечээ 17-сентябрда жөнөп жатат.

18-сентябрда ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.

Комментарий жиберүү