Батыш Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгынан кооптонууда

Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу дүйнөдөгү ЖМКлардын көңүлүн буруп, ал тууралуу маалыматтар дүйнөнүн эң ири маалымат каражаттарында жарыяланды. Чет элдик басылмалардын авторлору КЭДРдин башчысы Россияга кандай максатта келгенин жана Москва менен Пхеньяндын жакындашуусуна Вашингтон кандай роль ойногонун талкуулашууда.

Бул тууралуу lenta.ru агенттиги жазды.

AP: Ким Чен Ынга россиялык аскердик технологиялар керек

Эл аралык «Associated Press» (AP) агенттиги Пхеньян Москвадан эмнени каалап жатканы тууралуу материал жарыялады. Анын авторлору Ким Чен Ын Россиядан аскердик технологияларды алууну күтөт деп божомолдошууда.

«Associated Press» агенттигинин авторлору Хен Чжин Ким жана Ким Тонг Хен мындай деп жазган:

«Ким Чен Ынга алыс аралыкка учуучу ракеталар, гиперүндүү жана баллистикалык куралдар, суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар жана шпион спутниктери сыяктуу жогорку технологиялуу курал системаларын түзүү үчүн орус технологиясы керек болушу мүмкүн. Россия Түндүк Кореяга өзөктүк курал жана континенттер аралык баллистикалык ракеталарга байланыштуу алдыңкы технологияларды берүүгө даярбы же жокпу азырынча белгисиз. Россия ар дайым өзүнүн эң маанилүү курал-жарак технологияларын, атүгүл Кытай сыяктуу негизги өнөктөштөрдөн да кылдаттык менен коргоп келген».

Spiegel: Батыш бул жолугушуу Россия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгына алып келиши мүмкүн деп кооптонууда

Баяндамачы Мартин Кноббе Spiegel немис басылмасындагы макаласында Батыш эки лидердин жолугушуусуна этияттык менен көз салып жатканын жазган.

«Батыш бул (Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу – ред.) келечекте эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгына, алардын биргелешкен маневрлерине, жалпы стратегияга жана балким Кытай менен болгон байланыштарды тереңдетүүгө алып келиши мүмкүн деп кооптонууда», — деп жазган Мартин Кноббе.

GT: Россия менен Түндүк Корея АКШнын санкцияларынан улам жакындаша баштады

Россия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия изилдөөлөр институтунун кенже илимий кызматкери Ян Цзинь кытайлык Global Times басылмасына берген маегинде Владимир Путин менен Ким Чен Ындын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө болгонун айтты. Анын айтымында, Россия менен Түндүк Корея “учурда Батыштын болуп көрбөгөндөй дипломатиялык кысымына туш болууда”, ошондуктан алар “Батыштын изоляциясынын кээ бир терс кесепеттерин компенсациялоосу керек”.

АКШнын санкциялары Россия менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна алып келгенин кытайлык аскерий эксперт Сун Чжунпин да айтты. Мындай пикирге Кытайдын Тышкы иштер университетинин профессору Ли Хайдун да кошулду. Анын айтымында, Москва менен Пхеньяндын тыгыз кызматташуусу АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларына жооп болуп саналат.

Hindustan Times: жолугушуу жери катары «Восточный» космодрому жөн жерден тандалган эмес

Владимир Путин менен Ким Чен Ын «Восточный» космодромунда жолугушту. Индиянын Hindustan Times гезитинин кызматкери Малика Сони билдиргендей, бул жер жөн жерден тандалган эмес.

«Түндүк Корея акыркы төрт айда эки жолу чалгындоо спутниктерин учура алган жок. Ким Чен Ындын эң башкы приоритети — чалгын спутнигин учуруу», — деп жазган басылманын кабарчысы.

Комментарий жиберүү