АКШ Украинага мындан ары жардам бере албай тургандыгын билдирди

Ак үй 2023-жылдын соңунда АКШ Украинага мындан ары жардам бере албай тургандыгын жарыялады.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы азыркыга чейин 2023-жылдын соңунан тартып Киевге америкалык Конгресстин жаңы каражат бөлүү тууралуу уруксатысыз жардам бере албай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн пресс-катчысы Карин Жан-Пьер билдиргендигин РИА Новости жазды.

Журналисттер менен сүйлөшүү учурунда ал АКШ администрациясынын Киевди аскердик жактан колдоого каражат түгөнгөндүгү тууралуу мурдагы божомолун кайталады. «Биз мурда айткандай, жылдын соңунда Украинага жардам бере албай калган кырдаалга туш болобуз», — деди Байдендин кеңсесинин өкүлү.

Жан-Пьердин айтуусунда, эгер Конгресс Байдендин Украинага кошумча каражат бөлүү тууралуу суранычын колдобосо, анда Вашингтондун ал учурда «акчасы такыр түгөнөт».
Мындан мурда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага 800 миллион доллар жардамды кошуп алганда коргонуу тармагына 886 миллиард доллар каражат бөлүү тууралуу бюджеттин долбоорун кабыл алган.

Комментарий жиберүү