Украинада качан тынчтык орнойт? Путиндин жообу…

Украинага тынчтык Россия атайын аскердик операцияда өз максаттарына жеткенде орнойт. Бул тууралуу Владимир Путин 14-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйында элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Путиндин айтымында, атайын аскердик операциянын максаттары өзгөргөн жок: алар Украинаны денацификациялоо, демилитаризациялоо, бейтарап статуска келтирүү.

Эске салсак, Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Путин атайын аскердик операциянын негизги максаты Украинада денацификациялоо жана демилитаризация жүргүзүп, Донбасстагы геноцидге катыштыгы барларды сот жообуна тартуу керек деген.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-декабрда Владимир Путин 2021-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу орус жарандары менен түз линия форматында сүйлөштү. Быйыл түз линия жылдык маалымат жыйыны менен айкалыштырылды. Иш-чарага россиялык жана чет элдик маалымат каражаттары чакырылган. Россиялыктар түз линияга 2 миллиондон ашык суроо жөнөтүшкөн. 4 саат 4 мүнөттө Путин 80 суроого жооп берди.

Комментарий жиберүү