Арстан Алай табылды. Аны УКМК кармаганы белгилүү болду

Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” деген каймана ат менен белгилүү) диний кастыкты козутуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы Абдылдаев эки күндөн бери дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ага Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” соцтармактарында, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

 

4 of 9-+

Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген.

Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүү учурунда көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Комментарий жиберүү