Бүгүн Казакстандын эгемендүүлүк күнү

Бүгүн, 16-декабрда Казакстан эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. 1991-жылы 16-декабрда Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгү жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгын  Tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирди.

Бул күндү майрамдоонун мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар. Себеби ал Казакстандын суверенитети жана элдин эркиндиги үчүн күрөшкөндөргө таазим кылуу болуп саналат.

Дал ушул күнү, 1991-жылы 16-декабрда биздин республиканын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик суверенитети тууралуу мыйзам кабыл алынган.

“Түркия Казакстан СССРдин курамынан чыгуу тууралуу жарыя кылгандан бир нече саат өтөрү менен биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныган. Андан соң Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Улуу Британия, Монголия, Франция жана башка өлкөлөр куттукташкан”,- деп жазды tengrinews.kz сайты.

16-декабрь Казакстанда дем алыш күн болуп саналат. Быйылкы жылы майрам ишембиге туш келүүдө, ошондуктан дем алыш күн дүйшөмбү – 18-декабрга жылдырылды.

2022-жылга чейин 17-декабрь да дем алыш күнү деп эсептелген, бирок 2022-жылы сентябрда “Казакстан Республикасындагы майрамдар тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Жаңы өзгөртүүлөрдүн арасында 25-октябрдагы Республика Күнүн кайтаруу, Биринчи президенттин күнүндө 1-декабрда дем алышты жокко чыгаруу жана Эгемендүүлүк Күнүн – 16-декабрды майрамдоону бир күнгө кыскартуу эрежелери киргизилген. Андыктан жекшембиге туш болгон 17-декабрь дем алыш күнү шейшембиге жылдырылбайт.

Эгемендүүлүк күнү бүтүндөй республика боюнча элдин массалык сейилдөөсү болот. Көптөгөн шаарларда жана поселоктордо майрамдык иш чаралар жана концерттер уюштурулат.

Комментарий жиберүү