Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүшүнө көз каранды

30-ноябрдан 12-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаарларынын бири болгон Дубайда БУУнун климат боюнча жыл сайын өтүлүүчү конференциясы болуп өттү. Кыргызстан үчүн бул конференция тарыхый мааниге ээ жана тагдырды чечүүчү иш-чара болору шексиз. Себеби президент С. Жапаровдун тоо эко тутумунун маанилүүлүгү жана анын ролу, климаттын глобалдуу өзгөрүү шартында тоо регионунда жашаган калктын аярлуулугу, социалдык-экономикалык жыргалчылыгы жана ушул багытта диалогдун болушунун зарылдыгы туурасындагы жасаган кайрылуусу менен бирге кылган аракеттери колдоо эле таппастан, практика жүзүндө да иш жүзүнө ашты.

Мамлекет башчысынын жасаган аракеттеринин аркасында Кыргызстан ушул глобалдуу диалогдун катышуучусу гана болбостон, БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык планындагы иш-чараларды күчөтүүгө жана 2027-жылы «Бишкек+25» тоо саммитин татыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Конференция азыркы учурда жетишкен прогресске – климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жана Кыргызстан да кирген аярлуу өлкөлөр үчүн финансылык колдоону мобилизациялоого жетишүүдө баа берүүчү “Глобалдык жыйынтыктарды чыгаруу” деп аталган процесстин туу чокусу болду.

Президент С. Жапаров Глазгодогу БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде жана Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясында айткан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо, өзгөчө тоолордун дүйнө үчүн маанисин кеңири таануу жана тоолуу аймактардын калкы туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу жагынан барган сайын маанилүү болуп баратат.

Кыргыз Республикасы үчүн өнүгүп келе жаткан Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн улуттук жана эл аралык стратегияларын жана аларды каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу өтө маанилүү. Дубай конференциясы бардык мамлекеттерди, өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүн жумшартууда жана адаптациялоодо, ошондой эле өлкөлөр демилгелеген стратегияларды колдоо үчүн ар кандай булактардан климаттык каржылоону мобилизациялоодо финансылык ресурстар менен камсыз кылууга чакырды. Эң негизгиси, каржылоонун мындай мобилизациясы мурдагы аракеттерден ашып түшүшү керек.

11-декабрда Кыргызстан Эл аралык университетинде эл аралык тоо күнүнө арналган “Тоо экосистемаларын калыбына келтирүү” тегерек столу Президент С. Жапаровдун тоолуу аймактарда жашаган калктын жакырчылыгын жоюу максатында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү колдоо жана камсыз кылуу боюнча дүйнөлүк коомчулукка чакырыгына, ошондой эле бул багытта финансылык колдоо механизмин камсыз кылуу зарылдыгына кайрадан көңүл бурууга мүмкүндүк берди. Климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан зыяндын жана жоготуулардын ордун толтуруу үчүн түзүлгөн фонд БУУнун Кыргызстан үчүн климаттык чакырыктарга жооп катары маанилүү кадамы болуп калат.

2002-жылы Эл аралык тоо жылын өткөргөндөн кийин Кыргызстандын тоо тармагын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн бир катар долбоорлорду республикага тартууга мүмкүн болгонун белгилеп кетким келет. Тилекке каршы, тоо жылын өткөргөндөн кийин республиканын жаңы шайланган президенттерине кайрылууларым жоопсуз калды.

Бир гана Президент С. Жапаров гана Тоону туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Анын колдоосу менен 2022-жылы Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы өттү. Учурда БУУнун резолюциясына ылайык тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер жүрүп жатат. Тоолуу мамлекеттердин глобалдык лидери катары Республиканын Президентинин активдүү ролу Тоолуу Кыргызстандын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.
А. А. Айдаралиев,
Улуттук илимдер академиясынын академиги,
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.

Комментарий жиберүү